Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-11-01.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 1-ноябрындагы
№ 471-б буйругуна ылайыктту
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2004-жылдын 2-июну № 343-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62, 66, 68-статьяларына ыла-
йык, Бишкек шаарынын Борбордук аянтынан чыгуучу эспланаданы аяктоо үчүн
объекттерди куруу максатында, ошондой эле Бөкөнбаев, Раззаков, Чуйков
жана Орозбеков көчөлөрү менен чектелген кварталдагы инженердик коммуни-
кацияларды куруу үчүн аталган аймактарды көрктөндүрүү жана жашылданды-
руу боюнча иштерди жүргүзүү менен:
1. Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, № 120, 122 даректери боюнча
жайгашкан жер участкалары белгиленген тартипте мамлекеттик муктаждыктар
үчүн алынары белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитети Бишкек шаарынын мэриясы жана Бишкек шаардык депутат-
тар кењеши менен бирдикте көз карандысыз баалоочуну тартуу менен белги-
ленген тартипте Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, № 120 жана 122 даректе-
ри боюнча жайгашкан кыймылсыз мүлктүн наркына комиссиялык баалоо
жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-статьясынын
3-пунктуна ылайык менчик ээсине алып коюлгандын ордуна мамлекеттик мен-
чиктештирүү фондунун каражаттарынын же мамлекеттик мүлктү менчиктеш-
тирүүдөн түшкөн башка булактардын эсебинен аларга бирдей баада ордун
толтуруу жөнүндө маселени чечсин.
3. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул буйруктун
1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участкасын анда жайгашкан курулмалардан бо-
шотсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Би-
ринчи вице-премьер-министри К.М.Жумалиевге жүктөлсүн.
Премьер-министр Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-ноябрындагы № 471-б буйругуРаспоряжение · 01.11.2005 · № 471
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 1-ноябрындагы № 471-б буйругуРаспоряжение · 01.11.2005 · № 471
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон