Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-июну № 1681-VI Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана 134-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоону эркин, адилет жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан бекитилген чыгымдардын сметасына ылайык шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;
2) шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту коргоо, анын ичинде шайлоо комиссияларынын орун жайларын жана добуш берүү үчүн орун жайлардын, алардын өрт коопсуздугун сактоо, шайлоо документтерин ташыган транспорт каражаттарын коштоо жана коргоо боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоону камсыз кылсын.
5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилери шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүү боюнча шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн.
6. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып эки календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыялансын.
7. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Ч.Турсунбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (15)
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017 жылдын 14 июнундагы № 147 "2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону…Постановление · 14.06.2017 · № 147
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын…Постановление · 14.06.2017 · № 148
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-августундагы № 342 "Жапаров Садыр Нургожоевичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна…Постановление · 10.08.2017 · № 342
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 4-сентябрындагы № 404 "Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына…Постановление · 04.09.2017 · № 404
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 421 "Шайымбетов Казыбек Орозакуновичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат…Постановление · 08.09.2017 · № 421
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 422 "Асанбеков Темирбек Ишенбаевичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат…Постановление · 08.09.2017 · № 422
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 423 "Карасартова Рита Рахмановнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат…Постановление · 08.09.2017 · № 423
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 424 "Кожогулов Талгатбек Ашыркуловичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат…Постановление · 08.09.2017 · № 424
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 425 "Чороев Кубан Аманбековичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна…Постановление · 08.09.2017 · № 425
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 9-сентябрындагы № 427 "Турсунбек Акунду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер…Постановление · 09.09.2017 · № 427
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 9-сентябры № 428 "Исаев Канатбек Кедейкановичти Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна…Постановление · 09.09.2017 · № 428
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 9-сентябрындагы № 430 "Шаршекеева Камила Дуйшебаевнаны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат…Постановление · 09.09.2017 · № 430
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 26-августундагы № 392 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары Омуралиев…Постановление · 26.08.2017 · № 392
- КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-октябрындагы № 526 "2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун…Постановление · 30.10.2017 · № 526
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 271-б (Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруу-техникалык маселелерди…Распоряжение · 04.07.2017 · № 271-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон