Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 30-октябры № 526 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентин 2017-жылдын 15-октябрындагы шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылды. "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 55-беренелерине ылайык добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, аларда камтылган маалыматтарды суммалоо жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жыйынды таблицаны жана "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө" протоколду түздү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 524 токтомуна ылайык, жыйынды таблицаны жана "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө" протоколду түзүүдө добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган шайлоо участкаларынын маалыматтары алып салынгандыгы эске алынды. "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө" протоколго ылайык:
1. Шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы саны 3014434 шайлоочуну түздү.
2. 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны - 1697868 адам, бул шайлоочулардын тизмелерине киргизилген шайлоочулардын жалпы санынан 56,32% түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Зарлыков Эрнис Зарлыкович 1554 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,09% түзөт.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Уметалиева Токтайым Жумаковна 1473 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,09% түзөт.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сариев Темир Аргембаевич 43311 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 2,55% түзөт.
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 8498 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,50% түзөт.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масадыков Таалатбек Шамудинович 10803 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,64% түзөт.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Бабанов Омурбек Токтогулович 568665 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 33,49% түзөт.
9. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 2015 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,12% түзөт.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Бекназаров Азимбек Анаркулович 2743 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,16% түзөт.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Жээнбеков Сооронбай Шарипович 920620 добушту алды, бул 54,22%, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн түзөт.
12. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 110284 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 6,57% түзөт.
13. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Малиев Арсланбек Касымакунович 1621 добушту алды, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,10% түзөт.
14. "Бардыгына каршы" позициясы үчүн 12371 шайлоочу добуш берди, бул шайлоого катышкан шайлоочулардын санынын 0,73% түзөт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37, 55, 58-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-октябрындагы протоколу бекитилсин (тиркелет).
Тиркелген файлды караңыз.
2. 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өттү деп табылсын.
3. "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 30-октябрындагы протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары аныкталсын:
- 54,22% добушту, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн алган Жээнбеков Сооронбай Шарипович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланды деп эсептелсин.
4. Жээнбеков Сооронбай Шарипович Кыргыз Республикасынын Президенти болуп катталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна киришип жаткан учурда Жээнбеков Сооронбай Шариповичке Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганы тууралуу ырастама, айырмачылык белгилери - Кыргыз Республикасынын Президентинин төш белгиси жана фамилиясы, аты, атасынын аты, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү чегилип жазылган Штандарты (туусу) тапшырылсын.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР щайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 25-октябрындагы № 524 "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары…Постановление · 25.10.2017 · № 524
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2017 · № 1681-VI
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон