Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтому.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 14-июну № 148 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо жөнүндө" 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесиндеги 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 671502100 (алты жүз жетимиш бир миллион беш жүз эки миң бир жүз) сом суммасында бекитилсин.
2. "РСК Банк" ААКсы жана "Айыл Банк" ААКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү каржылоону бекитилген сметага ылайык жүргүзсүн.
4. Бул токтом "Эркин Too" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековага жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 14-июнундагы № 1681-VI "Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө" токтомуПостановление · 14.06.2017 · № 1681-VI
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62