Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 31-декабры № 183 "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2013-жылдын 30-декабрындагы № 227) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-беренеде:
1-бөлүгүндө "93456123,7" жана "102899212,7" деген сандар тиешелүүлүгүнө жараша "103325757,4" жана "114794628,1" деген сандарга алмаштырылсын; 2-бөлүгүндө "9443089,0" деген сандар "11468870,7" деген сандарга алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "9443089,0" деген сандар "11468870,7" деген сандарга алмаштырылсын.
2. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-берене.
1. 2014-2016-жылдарга мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2014-жылы 4483479,0 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыктарын эске алуу менен 2013-жылга жана мурунку жылдарга тизмекте бекитилген курулуш объекттерин бүткөрүүгө жумшалсын.
3. 481521,0 миң сом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө жумшалсын.
4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2014-жылы 400000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотация алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктары белгиленсин.".
3. 9-берененин 1-бөлүгүндө "174784,2" деген сандар "185298,1" деген сандарга алмаштырылсын.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамга 1, 2, 3, 4, 4-1, 5, 6, 7, 8-тиркемелер ушул Мыйзамдын 1, 2, 3, 4, 4-1, 5, 6, 7, 8-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
5. 4-2, 4-3, 4-4-тиркемелер күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2013 · № 227
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 19-декабрындагы № 3713-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө"Кыргыз Республикасынын…Постановление · 19.12.2013 · № 3713-V
- Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 12-февралындагы № 252 "Ош шаарынын 2014-жылгабекитилген бюджетине киргизилген ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду бекитγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 12.02.2015 · № 252
- КР Жогорку Кенешинин 2014-жылдын 4-декабрындагы № 4546-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.12.2014 · № 4546-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-декабрындагы № 4579-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджет жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.12.2014 · № 4579-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 11-декабрындагы № 4578-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.12.2014 · № 4578-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 5010-V "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.04.2015 · № 5010-V
- КР Премьер-министинин 2014-жылдын 23-июнундагы № 282 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында каралууга тийиш болгон негизги маселелердин тизмегин бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 23.06.2014 · № 282
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 561 «Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 30.09.2014 · № 561 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2013 · № 227