Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 12 декабря 2013 года № 218 "О статусе столицы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-12-12.
КР 2013-жылдын 12-декабрындагы № 218 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1994-жылдын 16-апрели № 1492-XII
Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө (КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) (КР Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 16-апрелиндеги № 1493-XII токтому менен колдонууга киргизилген)
Бул Мыйзам Бишкек шаарынын Кыргыз Республикасынын борборунун функцияларын аткарышынын укуктук, экономикалык жана социалдык шарттарын, шаардын жана Кыргыз Республикасынын калкынын таламдарынын тыгыз айкалыштырылышын аныктайт.
I глава Жалпы жоболор
1-статья. Кыргыз Республикасынын борбору
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаары болуп эсептелет. Бишкек шаары - саясий, экономикалык, илимий, административдик жана тарыхый-маданий борбор, республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдары, чет өлкөлөрдүн элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү жайгашкан жер.
2-статья. Борбордун статусунун түшүнүгү
Бишкек шаарынын статусу Кыргыз Республикасынын борборунун укуктук абалы менен аныкталат жана өзүнө жергиликтүү кеңештердин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алгачкы базалык жана облустук аймактык деңгээлин камтыйт.
3-статья. Бишкек шаарынын аймагы
Бишкек шаарынын аймагы өзүнө шаардын чегиндеги шаарга тиешелүү жерлерди жана мыйзамда бекитилген тартипте шаарга өткөрүлүп берилген башка жер участокторун камтыйт.
4-статья. Кыргыз Республикасынын борборунун статусунун укуктук жөнгө салынышы
Кыргыз Республикасынын борборунун статусу Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен жөнгө салынат. Бишкек шаардык кеңеши шаардын мамлекеттик администрация башчысынын сунушу боюнча шаардын Уставын (муниципалдык Кодексти) кабыл алышы мүмкүн.
5-статья. Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасы
1. Мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасын шаардын мамлекеттик администрациясы, шаардык кеңеш, аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун райондук органдары түзөт.
2. Жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну уюштуруу үчүн Бишкек шаарынын аймагы райондорго бөлүнөт. Алардын саны жана чек аралары шаардык ички өзүн-өзү башкарууну натыйжалуу жүргүзүүгө жана калыптанып калган аймактык жалпылыктардын таламдарына негизденип, шаардык мамлекеттик администрациянын башчысынын сунушу боюнча шаардык кеңеш тарабынан белгиленет.
II Глава Шаардын мамлекеттик бийликтин жогорку органдары менен өз ара мамилелери
6-статья. Бишкек шаарынын мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү менен өз ара мамилелеринин негиздери
1. Шаар республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдарына, чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө алардын өз бийлик-укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жер участокторун, имараттарды жана курулуштарды берет, турак жай-коммуналдык жана башка кызматтарды көрсөтөт; мамлекеттик эл аралык иш-чараларды өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шаардын жер участокторун, имараттарды жана курулуштарды пайдаланууга, турак жай-коммуналдык жана башка кызматтарды көрсөтүүгө, республикалык, эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүүгө кеткен чыгашаларын компенсациялайт, ошондой эле борбордун милдеттерин аткарууга байланыштуу республикалык программаларды ишке ашыруу үчүн материалдык ресурстарды бөлүп берет.
Шаардын аймагында жайгашкан министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана чарбалык уюмдар менен мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт. Бишкек шаарынын мамлекеттик бийлик органдары менен Кыргыз Республикасынын ортосунда болгон милдеттенмелер жагындагы талаш-тартыштар өз ара келишүү же сот органдары аркылуу чечилет.
III глава Бюджет-финансы системасы жана Кыргыз Республикасынын борборунун менчиги
7-статья
7-статья. Бишкек шаарынын муниципалдык менчиги
Шаар калкынын коммуналдык турмуш-тиричилик жана социалдык-маданий керектөөлөрүн канааттандырып турган ишканалар (бирикмелер), уюмдар, мекемелер, объектилер жана башка мүлк Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин түзөт. Муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө шаардык кеңеш, шаардын райондордун мамлекеттик администрация башчылары тарабынан алардын бийлик-укуктарына ылайык жүзөгө ашырылат. Бишкек шаарынын менчик укуктарынын корголушу мамлекет тарабынан гарантияланат. Шаардын менчик укуктарын бузган мамлекеттик бийлик органдарынын укукка жат аракеттеринен улам келтирилген зыяндын орду толук өлчөмдө толтурулат. (КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-статья. Бишкек шаарынын бюджети
Бишкек шаардык кеңеши шаардын жана райондордун бюджеттерин түзүү, бекитүү жана аткаруу тартибин өз алдынча бекитет; жергиликтүү салыктарды, жыйымдардын түрлөрүн белгилейт. Шаардын бюджети жергиликтүү кеңештердин аймактык деңгээлдери үчүн каралган кирешелердин, ошондой эле салык мыйзамдарында каралган кирешелердин эсебинен түзүлөт. Жөнгө салынуучу мамлекеттик кирешелер боюнча шаардын бюджетине:
- ишканалар жана уюмдар тарабынан кармалуучу калктан алынуучу салык;
- Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө Мыйзамга ылайык жөнгө салынуучу кирешелер чегерилет.
Жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана төлөмдөр толугу менен шаардык бюджетке келип түшөт. Кыргыз Республикасынын борборунун функцияларын аткарууга жана иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан иш республикалык бюджеттен субвенциялардын жана субсидиялардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Шаардык бюджетти түзүү чөйрөсүндөгү башка укуктар жана милдеттер тиешелүү мыйзам актылары тарабынан аныкталат. Шаардын кирешелеринин көлөмү Кыргыз Республикасынын борбору катары анын укуктары менен милдеттеринин жүзөгө ашырылышын камсыз кылууга тийиш. Шаардын администрациясы иши шаардын муктаждыгына багыттала турган финансы институттарынын уюштура алат.
IV глава Бишкек шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары
Бишкек шаарын башкарууну уюштуруу бийликтерди бөлүштүрүү, шаардык мамлекеттик бийлик жана өзүн-өзү башкаруу органдарына таандык компетенцияларды берүү, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын бири-биринин иш-аракетине кийлигишүүсүнө жол бербөө принциптерине негизделет.
9-статья. Шаардык кеңеш
Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын борборунун жергиликтүү өзүн-өзү башкаруусунун жогорку өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Шаардык кеңештин төрагасы республиканын мамлекеттик жогорку органдарында кеңештин өкүлү болот. Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жөнгө салынат.
10-статья. Шаардык кеңештин, анын төрагасынын, туруктуу жана башка комиссияларынын, кеңештин сессияларынын бийлик-укуктары
Шаардык кеңештин, анын төрагасынын, туруктуу жана башка комиссияларынын, кеңештин сессияларынын бийлик-укуктары, ошондой эле алардын ишмердиги колдонулуп жаткан мыйзамдар тарабынан жөнгө салынат. Шаардын райондорунун аймактарынан шайланган шаардык кеңештин депутаттары аймактык маселелерди чечүүдө макулдашуучу ролду жүргүзүшөт. Аймактык райондордо алар:
- социалдык, экономикалык, маданий өнүгүүнүн тиешелүү аймактык программаларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- бюджеттерди баланстоого финансылык көмөк көрсөтүү;
- аймактын калкын социалдык жактан коргоо боюнча иш чараларды уюштуруу маселелери боюнча өкүлчүлүктүү бийликтин функцияларын аткарышат.
11-статья. Чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү
Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө уруксат берүүнүн тартибин өз алдынча аныктайт.
V глава Аткаруучу бийлик органдары
12-статья. Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы
Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы жогорку кызмат адамы, шаардагы аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналат. Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы Бишкек шаардык кеңешинин депутаты боло албайт, администрация башчысынын милдеттерин аткарууну ээлик кылуу иши, башка органдарда, ишканаларда жана уюмдарда кызмат иштөө менен бирге жүргүзө албайт.
13-статья
13-статья. Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын бийлик-укуктары
Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын бийлик-укуктары колдонуудагы мыйзамдар тарабынан регламенттештирилет. Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин, шаардык кеңештин токтомдорунун сакталышын, коомдук тартиптин сакталышын, граждандардын (калктын) укуктук жана социалдык жактан корголушун;
- Бишкек шаары тарабынан борбордун функцияларынын аткарылышын;
- шаардык чарбаны, шаар курууну жана шаарды социалдык жактан өнүктүрүү башкарууну;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашырууну "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык компетенциясынын чектеринде камсыз кылат.
Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы:
- бюджеттин долбоорун иштеп чыгууну уюштурат жана аны шаардык кеңештин бекитүүсүнө коет, аны түзүүнү жана аткарууну камсыз кылат;
- шаардагы иштердин абалы жөнүндө жыл сайын кеңешке билдирүү жасайт;
- жергиликтүү чарбанын тармактарын жана шаарды башкаруу схемасын иштеп чыгат жана бекитет, аткаруу бийлигинин органдарын түзөт, бул органдар жөнүндө жоболорду бекитет, келишимдик негизде алардын жана муниципалдык менчик объектилеринин жетекчилерин ишке алат жана бошотот;
- шаарды башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жетекчилик кылат жака алардын ишине көзөмөл жүргүзөт;
- мыйзам тарабынан бекитилген чектерде жана тартипте шаардык (муниципалдык) менчик объектилерин башкарат жана аларды тескейт;
- граждандарга, мамлекеттик, кооперативдик, коомдук ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга (анын ичинде чет өлкөлүктөргө да) жер участокторун ээлик кылууга, пайдаланууга жана ижарага берет;
- бюджетти аткаруу учурунда алдын-ала белгиленбеген чыгымдар фондун пайдалануу багытына өзгөртүү киргизиши мүмкүн;
- шаардык кеңештин токтомдору боюнча Бишкек шаардык сотуна даттана алат;
- шаардык кеңештин бекитүүсүнө шаардын райондорунун саны жана чек аралары боюнча сунуш киргизет;
- республикалык, ошондой эле чет өлкөлүк мамлекеттик органдар жана коомдук бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзөт;
- аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунуштарын карайт жана өз ишинде эске алат, аларга каралган сунуштардын жыйынтыктарын билдирет;
- шаарды өнүктүрүүнүн ири долбоорлорун иштеп чыгууда аткаруу органдарынын жана шаардык кеңештин депутаттарынын биргелешип иштөөсүн уюштурат;
- аткаруу органдарынын штаттарын белгилейт, кадрлар менен ишти уюштурат, аларды аттестациядан өткөрөт, кызматкерлердин кесиптик чеберчиликтерин көтөрүү боюнча чара көрөт; колдонуудагы мыйзамдарга ылайык сыйлоо чараларын көрөт, шаардын аткаруу бийлигинин органдарынын жана структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартат;
- банк мекемелеринде эсептерди ачат жана жабат, финансы каражаттарына тескейт, финансылык документтерге кол коет;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;
- колдонуудагы мыйзамдарда каралган башка бийлик-укуктарды жүзөгө ашырат.
Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жогорку органдарында, чет өлкөлөрдө Бишкек шаарынын атынан чыгат, Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери жана административдик ведомстволору, республиканын облустары жана коомдук бирикмелери менен өз ара аракетти жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Бишкек шаардык кеңеши, шаардын мамлекеттик администрация башчысына шаардын борбор катары функцияларын аткарышы үчүн зарыл болгон башка бийлик-укуктарды бериши мүмкүн. Шаардын чарбалык жана социалдык өнүгүү тармактарына жетекчилик кылуу үчүн шаардын мамлекеттик администрация башчысы тарабынан ал өзүнүн бийлик-укуктарынын бир бөлүгүн ыйгарып бере турган тиешелүү органдар (шаардык башкармалар) түзүлөт. Шаардын аткаруу бийлигинин органдары жана структуралык түзүлүштөрү өздөрүнүн ишиндеги бардык маселелер боюнча Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысына отчет беришет жана анын көзөмөлү алдында турушат. (КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-статья
14-статья. Райондук башкаруу органы
Райондогу аткаруу бийлигин райондун мамлекеттик администрация башчысы жетектеген жергиликтүү мамлекеттик администрация жүзөгө ашырат. Райондун мамлекеттик администрация башчысы өзүнүн ишин Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын жетекчилиги астында жүзөгө ашыруу менен:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка актыларын, Бишкек шаардык кеңешинин токтомдорун, Бишкек шаарынын мамлекеттик администрациясынын буйруктарын аткарууну уюштурат;
- райондо Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы жана шаардык кеңеш тарабынан иштелип чыккан бирдиктүү шаардык саясатты жүргүзөт;
- райондук деңгээлдеги бөлүмдөрдүн жана уюмдардын жетекчилерин дайындайт жана кызматтан бошотот;
- аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруу органдарына зарыл көмөктөрдү көрсөтөт;
- Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын берген бийлик укугу боюнча шаардын муниципалдык менчик объектилерин башкарууну жүзөгө ашырат;
- ишканалар, мекемелер, уюмдар менен алардын райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө катышуусу жөнүндө келишимдерди түзөт;
- мыйзамдарга ылайык райондун аймагында ээлик кылуу ишин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт;
- райондун аймагында жашаган граждандардын социалдык-маданий жана коммуналдык-тиричилик керектөөлөрүн камсыз кылууга байланышкан маселелерди басымдуу түрдө келишимдик негизде чечет, райондун граждандарын тейлөөгө шаардын жергиликтүү чарбасынын тиешелүү ишканалары, чарбалык иштин башка объектилери, ошондой эле тиешелүү шаардык башкармалар менен чарбалык келишимдерди түзөт;
- аймактардын коомдук өзүн-өзү башкаруу органдарына өзүнүн бийлик-укуктарынын жана тиешелүү финансы каражаттарынын бир бөлүгүн өткөрүп берүүгө укуктуу;
- өз компетенциясынын чегинде токтомдорду жана буйруктарды чыгарат.
Райондук мамлекеттик администрация башчысынын өз компетенциясынын чегинде кабыл алган актылары райондун аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар, кызмат адамдары жана граждандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы башкаруунун шаардык жана райондук деңгээлдеринин ортосундагы функционалдык милдеттердин бөлүштүрүлүшүн бекитет, өзүнүн бийлик-укуктарынын айрымдарын аткарууну райондордун мамлекеттик администрацияларынын башчыларына өткөрүп берүүгө укуктуу. (КР 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын актылары
Бишкек шаардык кеңеши өз компетенциясынын чегинде токтом кабыл алат. Кеңештин төрагасы буйрук чыгарат. Шаардык кеңештин токтомдору Бишкек шаарында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер, кызмат адамдары жана граждандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы өз компетенциясынын чегинде токтом жана буйрук чыгарат. Башчынын граждандардын укуктарына тиешелүү токтомдору жана буйруктары менен калкка маалымдалууга тийиш. Шаардын мамлекеттик администрация башчысынын өз компетенциясынын чегинде кабыл алган актылары Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан бардык ишканалар, мекемелер жана уюмдар, кызмат адамдары жана граждандар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат. Бишкек шаардык кеңешинин же Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысынын өз компетенцияларынын чегинде кабыл алышкан актылары аткарылбаган учурда "Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-статьясында жана башка мыйзам актыларында каралган жоопкерчиликке тартылат.
16-статья. Бишкек шаардык кеңешинин регламенти Бишкек шаардык кеңешинин бийлик-укуктарын жүзөгө ашыруунун тартиби, аны уюштуруу маселелери жана иши кеңеш сессияда бекиткен регламентте көрсөтүлөт.
VI глава Шаардын жерлери
17-статья. Шаардын жерлерин тескөө
Шаардын жерлерин тескөө Бишкек шаардык кеңешинин жана шаардын мамлекеттик администрация башчысынын бийлик-укуктарына ылайык келген укуктары болуп саналат. Шаардык кеңеш:
- шаардын аймагын тилкелеп чарбалык жайгаштырууну уюштуруу боюнча чечим кабыл алат, шаардык жерге жайгаштыруунун башкы долбоорлорун жана чиймелерин карайт жана бекитет;
- жер мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жасайт.
18-статья. Шаардык жерлер үчүн акы
Бишкек шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын жер жөнүндө Кодексине ылайык аймактар боюнча шаардын жерлери үчүн дифференцияланган акыны аныктайт.
19-статья. Шаарды өнүктүрүү максаттары үчүн жерлерди берүү
Шаарга чектеш райондордун аймактары алардын биргелешкен экономикалык, социалдык, экологиялык, шаар куруу кызыкчылыктары жүзөгө ашырыла турган шаар айланасындагы зонаны түзөт. Шаарга чектеш райондор Бишкек шаарынын Кыргыз Республикасынын борбору катары анын мейкиндиктик өнүгүшү, жашоо тиричилигин камсыз кылуу максаттарына жерлерди шаарга өткөрүп берет.
20-статья. Шаарды өнүктүрүүнүн перспективалык планын түзүү өзгөчөлүктөрү Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясы тарабынан иштелип чыккан шаарды өнүктүрүүнүн генералдык планынын шаардын республиканын борборунун функцияларын жүзөгө ашырууга тиешелүү бөлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мекен макулдашылат жана Бишкек шаардык кеңешинде бекитилет.
VII глава Бишкек шаарынын Чүй облусу менен мамилелери
21-статья. Бишкек шаарынын Чүй облусу менен мамилелери
Шаар Чүй облусунун мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына алардын өз бийлик-укуктарын жүзөгө ашырышы үчүн төлөө негизинде жер участокторун, имараттарды, курулуштарды берет жана турак-жай-коммуналдык жана башка кызматтарды көрсөтөт. Чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби тиешелүү келишимдер менен аныкталат. Тараптардын өз ара таламдарын канааттандыруудан келип чыккан шаарды азык-түлүк менен жабдуу, коомдук тартипти сактоо, курчап турган чөйрөнү коргоо, калкты ишке орноштуруу, транспорттун аракеттениши жана транспорттук инфраструктура, электр, жылуулук жана суу менен жабдуу, калкты социалдык-маданий жана тиричилик жактан тейлөө, жерге жайгаштыруу чөйрөлөрүндөгү Бишкек шаарынын Чүй областы менен мамилелери келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Эгерде тараптар өз ара макулдаша алышпаса, анда акыркы чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат. Бишкек шаары жана Чүй облусу алардын кеңештеринин жана мамлекеттик администрацияларынын компетенцияларына кирген маселелер боюнча биргелешкен таламдарды ишке ашырууда биргелешкен нормативдик актыларды кабыл алышат, келишимдерди түзүшөт, биргелешкен башкаруу органдарын уюштура алышат.
22-статья. Бишкек шаарынын шаарга чектеш райондор менен мамилелери
Тараптардын өз ара таламдарын канааттандыруудан келип чыккан шаарды азык-түлүк менен жабдуу, курчап турган чөйрөнү коргоо, калкты ишке орноштуруу, транспорттун аракеттениши жана транспорттук инфраструктура, электр, жылуулук жана суу менен жабдуу, калкты социалдык-маданий жана тиричилик жактан тейлөө, жерге жайгаштыруу чөйрөлөрүндөгү Бишкек шаарынын шаарга чектеш райондор менен мамилелери келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Эгерде тараптар өз ара келишимге келе алышпаса, талаш-тартыш Чүй облусуну, Бишкек шаардык мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Чүй облустук, Бишкек шаардык кеңештери тарабынан алардын компетенцияларына ылайык каралат. Эгерде бул учурда да тараптар бир пикирге келише алышпаса, талаш-тартыш ушул Мыйзамдын 21-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган шартта чечилет. Бишкек шаары шаарга чектеш райондор менен бирдиктүү шаар куруу саясатын биргелешип иштеп чыгат жана ишке ашырат. Бишкек шаары жана шаарга чектеш райондор өз ара таламдарды билдирген маселелерди иш жүзүнө ашырууда биргелешкен нормативдик актыларды кабыл алышат, келишимдерди түзүшөт, ошондой эле башкаруу органдарын уюштура алышат.
VIII глава Бишкек шаарынын ыйык белгилери
23-статья. Бишкек - борбор шаарынын ыйык белгилери
Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаарынын өзүнүн эмблемасы болот жана аны колдонуу жана пайдалануу боюнча өзгөчө укукка ээ.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 5
Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул актыны колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- (Русский) Решение от 1 июля 2008 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 16.04.1994
- Решение Конституционного суда КР от 1 июля 2008 года (По ходатайству граждан Абдирасуловой Азизы Папановны и Сопуева Жаныбека Аттокуровича о признании статьи 11 Закона Кыргызской…Сот практикасы · Решение · 01.07.2008
Цитата келтиргендер (15)
- Решение Конституционного суда КР от 1 июля 2008 года (По ходатайству граждан Абдирасуловой Азизы Папановны и Сопуева Жаныбека Аттокуровича о признании статьи 11 Закона Кыргызской…Решение · 01.07.2008
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 3425-V "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 05.09.2013 · № 3425-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013 жылдын 31 октябрындагы № 3536-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын. 5-сентябрындагы № 3425-V токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 31.10.2013 · № 3536-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3319-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2013 · № 3319-V
- (Русский) Решение от 1 июля 2008 годаРешение Конституционного суда · 16.04.1994
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 31-январындагы №2739-V "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 31.01.2013 · № 2739-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3415-V "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 27.06.2013 · № 3415-V
- Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3414-V "Борбордун статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 20.06.2013 · № 3414-V
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 16 апреля 1994 года №1493-XII "О порядке введения в действие Закона Кыргызской Республики "О статусе столицы Кыргызской Республики"Постановление · 16.04.1994 · № 1493
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Правительства КР от 31 июля 1995 года №213-р (О подготовке проекта Закона об изменениях и дополнениях Закона КР "О статусе столицы КР)Распоряжение · 31.07.1995 · № 213 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 4 июля 1995 года УП N 171 "О первоочередных мерах по организации местного самоуправления города Бишкека"Указ · 04.07.1995 · № 171 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 10 июля 1996 года N 315 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе…Постановление · 10.07.1996 · № 315 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-мартындагы № 130 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 13.03.2013 · № 130 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (8)
- Борбордун статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 218
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 30 июня 2000 года З № 123-II "О принятии Закона Кыргызской Республики "О толковании части второй статьи 57 Закона Кыргызской Республики "О…Постановление · 30.06.2000 · № 123
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 16 апреля 1994 года №1493-XII "О порядке введения в действие Закона Кыргызской Республики "О статусе столицы Кыргызской Республики"Постановление · 16.04.1994 · № 1493
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 22.02.2012 · № 7 · Күчүн жоготкон
- О местном самоуправлении и местной государственной администрации в Республике КыргызстанЗакон · 19.04.1991 · № 437-XII · Күчүн жоготкон
8 ичинен 6 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 5 декабря 2007 года № 385 "Об утверждении Правил проведения в городе Бишкек собраний, митингов, шествий, демонстраций, манифестаций…Постановление · 05.12.2007 · № 385
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 13-июну № 3244-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жер…Постановление · 13.06.2013 · № 3244-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3402-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын…Постановление · 27.06.2013 · № 3402-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 3- октябрындагы № 3476-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Кыргыз…Постановление · 03.10.2013 · № 3476-V
- Закон КР от 16 апреля 1994 года № 1493-XII "О порядке введения в действие Закона Кыргызской Республики "О статусе столицы Кыргызской Республики""Постановление · 16.04.1994 · № 1493-XII · Күчүн жоготкон