22-статья. Бишкек шаарынын шаарга чектеш райондор менен мамилелери
Күчүн жоготкон · 12.12.2013 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 декабря 2013 года № 218.
Тараптардын өз ара таламдарын канааттандыруудан келип чыккан шаарды азык-түлүк менен жабдуу, курчап турган чөйрөнү коргоо, калкты ишке орноштуруу, транспорттун аракеттениши жана транспорттук инфраструктура, электр, жылуулук жана суу менен жабдуу, калкты социалдык-маданий жана тиричилик жактан тейлөө, жерге жайгаштыруу чөйрөлөрүндөгү Бишкек шаарынын шаарга чектеш райондор менен мамилелери келишимдик негизде жүзөгө ашырылат. Эгерде тараптар өз ара келишимге келе алышпаса, талаш-тартыш Чүй облусуну, Бишкек шаардык мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Чүй облустук, Бишкек шаардык кеңештери тарабынан алардын компетенцияларына ылайык каралат. Эгерде бул учурда да тараптар бир пикирге келише алышпаса, талаш-тартыш ушул Мыйзамдын 21-статьясынын экинчи бөлүгүндө каралган шартта чечилет. Бишкек шаары шаарга чектеш райондор менен бирдиктүү шаар куруу саясатын биргелешип иштеп чыгат жана ишке ашырат. Бишкек шаары жана шаарга чектеш райондор өз ара таламдарды билдирген маселелерди иш жүзүнө ашырууда биргелешкен нормативдик актыларды кабыл алышат, келишимдерди түзүшөт, ошондой эле башкаруу органдарын уюштура алышат.
VIII глава Бишкек шаарынын ыйык белгилери
Берененин тексти 12.12.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/744/st-22" title="22-статья - Кыргыз Республикасынын борборунун статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>