19-статья. Изилдөөчүнүн көз карандысыздыгы
Күчүн жоготкон · 16.06.2017 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2017 года № 103.
Изилдөөчү өзү изилдеп жаткан нерсенин багытын, темасын жана ыкма- ларын эркин тандап алат жана өзүнүн илимий таламдарын жана илимди гу- мандаштыруунун талаптарын жетекчиликке алат, буга анын жетишкендиктери- нин мүнөзү жана багыты да кирет. Изилдөөчүнү жана илимий коомчулукту илимди идеологиялаштыруудан, илимий чөйрөгө кандай гана болбосун партиялык жана таптык таламдардын таасиринен, бюрократтык кысым көрсөтүүдөн, изилдөө процессине иштин көзүн билбей туруп кийлигишүүдөн коргоо гарантияланат. Ар бир изилдөөчү өзү кызматтык мамилелерде болгон администрацияга көз карандысыз, ага мамлекеттик, коомдук же башка фондулар тарабынан субсидиялар (гранттар) түрүндө, конкурстук иштер же долбоорлор тарти- бинде берилген иштерди финансылоого укуктуу. Изилдөөчү алынган илимий жана техникалык натыйжаларга өзүнүн ав- тордугун таанууну талап кылууга, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда каралган учурларда аны тескөөгө укуктуу. Мамлекет изилдөөлөрдүн натыйжаларын республикада жана чет өлкөдө эркин жана өз убагында жарыяланышына көмөк көрсөтүп, изилдөөчүнүн эл аралык илимий коомчулук менен ачык жана эркин байланыш түзүшүнө көмөк көрсөтөт. Изилдөөчү өзүнүн илимий таламдарына негизденип өзү каалаган мөөнөткө каалаган мамлекетте өз иш ордун тандап алууга укуктуу. Изилдөөчүлөр жамааттарга ассоциацияларга, бирликтерге жана башка ыктыярдуу илимий бирикмелерге эркин жана өз алдынча бириге алышат, мый- замдарда тыюу салынбаган ар кандай түрдөгү коммерциялык натыйжа алууга багытталган көз карандысыз уюмдарды (фирмаларды, ишканаларды, акционер- дик компанияларды, корпорацияларды) түзө алышат.
Берененин тексти 16.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/742/st-19" title="19-статья - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>