20-статья. Илимий-техникалык чөйрөдө контракттарды пайдалануу
Күчүн жоготкон · 16.06.2017 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2017 года № 103.
Илимий кызматкерлер өз кызматтарын конкурстук же контракттык тар- типте ээлешет. Мамлекет контрактты (келишимди) илимий-техникалык чөйрөдөгү коом- дук мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу каражат катары тааныйт. Изилдөө жамааты же айрым изилдөөчү тарабынан айкын проблеманы бел- гилүү мөөнөттүн ичинде чечүүдө тиешелүү натыйжа алууну караган илим жа- на техника чөйрөсүндөгү изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар басымдуу түрдө контракттар боюнча уюштурулат. Мамлекеттин муктаждыктары үчүн илимий жетишкендиктер жана иштеп чыгуулар да контракттык негизде аткарылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттер аралык макул- дашууларга жана келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин юридикалык жактары жана жеке адамдары контракттардын субъектилери болушу мүмкүн. Илимий-техникалык уюмдар чет өлкөлүк адистер менен кошо алганда кызматкерлерди жумушка контракт боюнча чакыра алышат жана эмгегин уюш- туруунун жана акы төлөөнүн шарттарын өз алдынча аныктай алышат.
Берененин тексти 16.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/742/st-20" title="20-статья - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>