18-статья. Илимий кызматкерлердин укуктук абалы
Күчүн жоготкон · 16.06.2017 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2017 года № 103.
Илимий кызматкер:
- өзүнүн илимий көз караштарын эркин билдирүүгө өзүнүн чыгармачы-
лыгынын эркиндигине кол салгандардан аны коргоого, интеллектуалдык мен- чигин коргоого, илимий-изилдөөлөрүнүн натыйжаларын көз карандысыз экс- пертизадан өткөрүүгө, мыйзамга карама-каршы келбеген түрдө ар кандай илим-изилдөө ишинин натыйжаларын ишке ашырууга;
- алдыњкы илим-изилдөө мекемелеринде үйрөнүүдөн өтүү, аспирантура-
да жана докторантурада окуу, илимий конференцияларга катышуу аркылуу илимий квалификациясын жогорулатууга;
- чет өлкөлүк кесиптештер менен илимий маалыматтарды алмашууга жа-
на биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, иштерин башка өлкөлөрдө жарыя- лоого, чет өлкөдөгү илимий уюмдарда үйрөнүүдөн өтүүгө жана иштөөгө;
- республикалык жана чет өлкөлүк илимий коомдорго кирүүгө жана
шайланууга;
- илим-изилдөө ишинин максаттарына жетишүү үчүн мыйзамдарда тыюу
салынбаган башка аракеттерди жасоого укуктуу. Илимий уюмдардын уставдарында илимий кызматкерлер үчүн башка укук- тар да аныкталышы мүмкүн. Илимий кызматкерлердин милдеттери илимий уюмдун Уставы же конт- ракттын (эмгек келишиминин) шарттары тарабынан регламенттелет. Илимий кызматкердин укуктарын бузууга же анын мыйзамдарда же кели- шимде каралган өз милдеттерин аткарбашына байланыштуу келип чыккан та- лаштар сот тарабынан каралат.
Берененин тексти 16.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/742/st-18" title="18-статья - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>