Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Күчүн жоготкон · 06.03.2024 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2013 года № 156
Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү, ошондой эле аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуда мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын өз ара иштешүүсүн камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен баңги кылуучу каражаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тергөөсүнө таандык кылынган кылмыштарды табуу, алдын алуу, болтурбоо, ачуу жана тергөө;
- эл аралык келишимдерге ылайык баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу жагында эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен Кыргыз Республикасынын биргелешип аракеттенүүгө жана маалыматтарды алмашууга катышуусу, ошондой эле баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу маселеси боюнча эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын таламдарын көздөө;
- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүгө контролдук кылуу жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу жагында эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте түзүү;
- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга (экспортту жана импортту кошуп алганда берүүгө, сатууга), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке лицензияларды берүү.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 , 2013-жылдын 24-июлундагы № 156 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 24 июля 2013 года № 156 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 июля 2005 года №90 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О наркотических средствах, психотропных веществах и прекурсорах"Редакцияларды салыштыруу
24.07.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каршы туруу жагында эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте алынып салынды: түзүү.
кошулду: түзүү;
- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга (экспортту жана импортту кошуп алганда берүүгө, сатууга), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке лицензияларды берүү.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 алынып салынды: Мыйзамынын редакциясына кошулду: , 2013-жылдын 24-июлундагы № 156 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/74/st-6" title="6-статья - Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>