Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-03-06.
КР 2024-жылдын 6-мартындагы N 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 4-июлу № 90
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Бањги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир
берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана
толуктоолор киргизүү тууралу
2005-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Бањги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана
прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 316-ст.)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча төмөнкү сөздөр:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы бањги кылуучу каражат-
тарга контролдук кылуу боюнча Мамлекеттик комиссия" жана "Бањги кылуучу
каражаттарга контролдук кылуу боюнча Мамкомиссия" деген сөздөр "бањги
заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген
сөздөргө;
"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги/Ички иштер минист-
рлиги" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органы" де-
ген сөздөргө;
"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги/Улуттук ко-
опсуздук министрлиги" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик улуттук
коопсуздук органы" деген сөздөргө;
"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги/Юстиция министрлиги"
деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик юстиция органы" деген
сөздөргө;
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети/Мамлекеттик бажы
комитети" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик бажы кызматынын ор-
ганы" деген сөздөргө;
"Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги/Саламат-
тыкты сактоо министрлиги" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу мамлекеттик са-
ламаттыкты сактоо органы" деген сөздөргө көптүк жана жекелик сандар бо-
юнча жана тийиштүү жөндөмөдө алмаштырылсын;
"юридикалык жак" деген сөздөр (преамбуласынан жана 32-статьясынан
башкаларда) көптүк жана жекелик сандар боюнча жана тийиштүү жөндөмөдөгү
"юридикалык жана жеке жактар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-статьяда:
экинчи абзац "мамлекеттик органдардын" деген сөздөрдөн кийин ",
жеке жактардын" деген сөздөр менен толукталсын;
бешинчи абзац "мамлекеттик квота" деген сөздөрдөн кийин "(жылдык
керектөө)" деген сөздөр менен толукталсын;
тогузунчу абзацтагы "май алуучу" деген сөздөр алып салынсын;
он алтынчы абзац алып салынсын;
он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баян-
далсын:
"өтө коркунучтуу бањги кылуучу каражаттар жана акыл-эске таасир
берүүчү заттар - адамдын ден соолугуна өтө коркунучтуу жана Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында контролдонуучу бањги кылуучу каражаттардын жана
акыл-эске таасир берүүчү заттардын № 1 жана 2 тизмелерине киргизилген
заттар жана препараттар;
препарат - контролдоо чаралары каралган бањги кылуучу каражаттар-
дын же акыл-эске таасир берүүчү заттардын бир же бир нече ар кандай фи-
зикалык абалдагы аралашмасы;";
жыйырманчы абзацтагы "БУУнун конвенциялары же Мамкомиссия тарабы-
нан бањги кылуучу каражаттарга таандык кылынган" деген сөздөр алып са-
лынсын;
статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу абзац менен толук-
талсын:
"ортомчулар - сооданы жүгүртүүгө жардам берүүчү, бирок бањги кылу-
учу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду
түпкү керектөөчү болбогон аларды өзү колдонуучу юридикалык жана жеке
жактар.".
3. 2-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Препараттарга карата алардын ичиндеги бањги кылуучу каражаттарга,
акыл-эске таасир берүүчү заттарга жана прекурсорлорго колдонулгандай
эле контролдоо чаралары колдонулат. Эгер препараттар Кыргыз Республика-
сында көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон бањги кылуучу каражаттардын, акыл-эс-
ке таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун Тизмесине киргизилген
эки же андан ашык затты камтыса, аларга катуураак контролдонуучу заттар
үчүн белгиленген контролдоо чаралары колдонулат.".
4. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Бањги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү
заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү
чөйрөсүнө мамлекеттик контролдук
Бањги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана
прекурсорлорду өндүрүүгө, даярдоого, өстүрүүгө, кайра иштетүүгө, сакто-
ого, ташууга, салып жиберүүгө, берүүгө, өткөрүүгө, алууга, пайдалануу-
га, соодалоого, бөлүштүрүүгө, алып келүүгө, алып кетүүгө жана жок кылу-
уга мамлекеттик контролдук бањги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органы, ыйгарым укуктуу малекеттик саламаттыкты
сактоо органы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органы, ыйгарым
укуктуу мамлекеттик улуттук коопсуздук органы, Кыргыз Республикасынын
Башкы прокуратурасынын органы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик бажы кызма-
тынын органы тарабынан алардын милдеттерине жана укуктарына ылайык
жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бањги кылуучу каражаттарды контрол-
доо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштоосу боюнча бањги
кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекур-
сорлордун Улуттук тизмелерин бекитет, жањыртат жана жарыялайт, ошондой
эле мыйзамсыз жүгүртүлүшү администрациялык же жазык жоопкерчилигине
алып келүүчү бањги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү зат-
тардын жана прекурсорлордун критерийлерин жана өлчөмдөрүн бекитет.".
5. 6-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6-статья. Бањги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик органдын компетенциясы
Бањги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
гандын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- бањги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды
жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү, ошондой эле аларды мыйзамсыз
жүгүртүүгө бөгөт коюуда мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө
ашыруу;
- бањги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды
жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө
бөгөт коюуга тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын өз
ара иштешүүсүн камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бањги кылуучу каражат-
тарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тергөөсүнө
таандык кылынган кылмыштарды табуу, алдын алуу, болтурбоо, ачуу жана
тергөө;
- эл аралык келишимдерге ылайык бањги кылуучу каражаттарды,
акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз
жүгүртүүгө бөгөт коюу жагында эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин
компетенттүү органдары менен Кыргыз Республикасынын биргелешип аракет-
тенүүгө жана маалыматтарды алмашууга катышуусу, ошондой эле бањги кылу-
учу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду
мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу маселеси боюнча эл аралык уюмдарда Кыр-
гыз Республикасынын таламдарын көздөө;
- бањги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды
жана прекурсорлорду жүгүртүүгө контролдук кылуу жана аларды мыйзамсыз
жүгүртүүгө каршы туруу жагында эл аралык келишимдерди белгиленген тар-
типте түзүү.".
6. 8-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Инвентаризация, баланстар жана каттоо боюнча жазуулар";
статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Бањги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жа-
на прекурсорлорду жүгүртүүгө байланышкан ишти жүргүзүүдө, натыйжада
алардын санын жана абалын өзгөрүүгө дуушар кылуучу ар кандай операция-
лар атайы журналдарда юридикалык жактын жетекчисинин буйругу менен ата-
йын журналга каттоо милдети жүктөлгөн адам тарабынан катталууга тийиш.
Көрсөтүлгөн журналдарды жүргүзүү жана сактоо тартиби бањги заттарды
контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкта-
лат.".
7. II глава төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-статья менен толукталсын:
"9-1-статья. Бањги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү
заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү
ишти инспекциялоо
Жеке жана юридикалык жактардын, медициналык, илимий жана башка ме-
кемелердин иштерин Кыргыз Республикасынын бањги кылуучу каражаттарды,
акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү
чөйрөсүндө мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын камсыздоо жагында
инспекциялоо бањги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекет-
тик орган жана саламаттыкты сактоо органдары тарабынан жүргүзүлөт.
Бањги кылуучу каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү үчүн
пайдаланылчу объекттерди, жайларды, ошондой эле кампадагы запастарды
жана каттоо жазууларын пландуу инспекциялоо бањги заттарды контролдоо
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен саламаттыкты сактоонун
ыйгарым укуктуу кызматынын макулдашуусу боюнча жылына бир жолу
жүргүзүлөт. Зарыл учурда жана ушул Мыйзамды жана башка ченемдик укуктук
актыларды бузгандык фактысы жөнүндө маалымат болгондо пландан тышкаркы
инспекциялоо жүргүзүлүшү мүмкүн.
Жеке жана юридикалык жактар, мекемелер жана уюмдар иликтөө
жүргүзүү тапшырылган кызматтардын инспекторлоруна жана кызматкерлерине
функцияларын аткарышы үчүн бардык каражаттар менен мүмкүндүктөрдү
берүүгө, атап айтканда, өздөрүнүн объекттерине жана жайларына кирүүгө
жана адистик ишкердигине тиешелүү бардык документтер менен таанышууга
көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.".
8. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Бањги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү
заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, сактоого, алып
чыгууга, алып кирүүгө мамлекеттик квоталар
Бањги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
жыл сайын Кыргыз Республикасынын аймагында бир жылдын ичинде сакталуу-
чу, даярдалуучу, өндүрүлүүчү, алып киргизилүүчү, Кыргыз Республикасынын
аймагынан алып чыгарылуучу бањги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таа-
сир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун максималдуу өлчөмдөрүн анык-
тайт. Зарыл учурда бул өлчөмдөр жыл ичинде өзгөртүлүшү да мүмкүн.".
9. 15-статьянын үчүнчү бөлүгү "прекурсорлорду өндүргөн ишканалар"
деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле ортомчулар" деген сөздөр менен то-
лукталсын.
10. 17-статьяда:
төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бањги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
ган бањги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды
камтыган дары каражаттарды аба, дењиз кемелериндеги жана транспорттун
бардык башка түрлөрүндөгү алгачкы жардам аптечкаларында сактоого жана
алып жүрүүгө уруксат бере алат.";
бешинчи бөлүк алып салынсын.
11. 18-статьядагы "Бањги" деген сөз кичине тамга менен башталып,
ал сөздөн мурда сүйлөм "Изилдөө, тергөө максаттары үчүн жана дары кара-
жаттарды каттоо максаттары үчүн бањги кылуучу каражаттарды, акыл-эске
таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду камтыган заттардын
үлгүлөрүн бањги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын уруксаты менен жөнөткөндөн башка учурларда," деген сөздөр ме-
нен толукталсын.
12. 19-статьяда:
экинчи бөлүктөгү "эл аралык үлгүдөгү уруксат жана сертификат" де-
ген сөздөр "белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана уруксат" деген сөздөр ме-
нен алмаштырылсын;
алтынчы бөлүк алып салынсын;
жетинчи бөлүк алтынчы бөлүк болуп эсептелсин жана "алып келүүгө
(алып кетүүгө) белгиленген тартипте сертификаты" деген сөздөр "алып
келүүгө (алып кетүүгө) белгиленген тартипте күбөлүктөр (уруксаттар)"
деген сөздөр менен алмаштырылсын.
статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи бөлүк менен толукталсын:
"Улуттук медициналык жана аптекалык уюмдар жана мекемелер үчүн
белгиленген Улуттук тизмелерге киргизилген заттарды жана препараттарды
камтыган гуманитардык жүктөрдү Кыргыз Республикасынын бажы аймагына та-
шып кирүү бањги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын уруксаты (күбөлүгү) боюнча жүргүзүлөт.".
13. 20-статьянын экинчи бөлүгү: "иштетүүгө болбойт" деген
сөздөрдөн кийин "жана анын упаковкасы бањги заттарды контролдоо боюнча
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тийиштүү уруксатысыз өзгөртүлүшү
мүмкүн эмес," деген сөздөр менен толукталсын.
14. 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толуктал-
сын:
"Бањги кылуучу каражаттарды, акыл-зске таасир берүүчү заттарды,
прекурсорлорду камтыган дары каражаттарын алууга жарандарга рецепттер-
дин эсеби, отчету, берүү, жазып берүү эрежелери ыйгарым укуктуу мамле-
кеттик саламаттыкты сактоо органы тарабынан бекитилген эрежелердин не-
гизинде жүргүзүлөт.".
15. 22-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "берүү" деген сөз "жазып
берүү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 23-статьяда:
экинчи бөлүгүндөгү "мүмкүн" деген сөздөн кийин ";" тыныш белгиси
коюлуп, "комиссия аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн" деген сөздөр алып
салынып жана статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толуктал-
сын:
" - соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе комиссия аркылуу жүзөгө
ашырылышы мүмкүн.".
статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:
"Бањги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар камтыл-
ган дары каражаттарды жок кылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттык-
ты сактоо органы бекиткен эрежелердин негизинде жүргүзүлөт.".
17. 24-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-статья. Бањги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү
заттарды жана прекурсорлорду пайдалануу
Бањги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана
прекурсорлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген санда жана тар-
типте медициналык жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, контролдонуучу жи-
берүүлөр жана текшерип сатып алуу ыкмасын колдонуу, атайын кинологиялык
борборлордо окуу процессин камсыздоо үчүн, ошондой эле бањги заттарды
контролдоо боюнча органдардын, ички иштер, улуттук коопсуздук, юстиция
органдарынын жана бажы кызматынын мекемелеринде экспертиза жүргүзүү
үчүн пайдаланылышы мүмкүн.".
18. 25-статьядагы "Мамлекеттик комиссиянын" деген сөздөр "Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген" деген сөздөр менен алмаш-
тырылсын.
19. 26-статьяда:
экинчи бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
үчүнчү бөлүк алып салынсын.
20. 28-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бањги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана
прекурсорлор менен күрөштү бањги заттарды контролдоо боюнча тийиштүү
укук коргоо органы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органы, ый-
гарым укуктуу мамлекеттик улуттук коопсуздук органы, Кыргыз Республика-
сынын Башкы прокуратурасынын органдары, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ба-
жы кызматынын органы аларга берилген ыйгарым укуктун чегинде жүзөгө
ашырышат.".
21. 29-статьянын "текшерип", "текшерип жөнөтүү" деген сөздөр ти-
йиштүү жөндөмөдөгү "контролдоп" деген сөз менен алмаштырылсын.
22. 31-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "текшерүү жана алдын ала" де-
ген сөздөр алып салынсын.
23. 33-статьянын биринчи бөлүгү "комитетинин" деген сөздөн кийин
", бањги заттарды контролдоо боюнча " деген сөздөр менен толукталсын.
24. 38-статьянын экинчи, үчүнчү бөлүктөрү жана төртүнчү бөлүгүнүн
экиичи сүйлөмү алып салынсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндөЗакон · 06.03.2024 · № 69
- Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндөЗакон · 22.05.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке обращения с бесхозяйными, брошенными, потерянными (найденными) или изъятыми из незаконного оборота на территории Кыргызской Республики наркотическими…Положение · 09.11.2007 · № 543 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 15 января 2004 года № 19 "Об отзыве проекта Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О…Постановление · 15.01.2004 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2004 года № 646 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О…Постановление · 28.08.2004 · № 646 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 14 января 2002 года N 17 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О…Постановление · 14.01.2002 · № 17 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-июнундагы № 408 "Баңги каражаттарына жана психотроптук заттарга көз карандылыкты профилактикалоо жөнүндө", "Баңги каражаттары…Постановление · 05.06.2006 · № 408 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №132 "Бишкек шаардык кеӊешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2020 · № 132 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндөЗакон · 06.03.2024 · № 69
- Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндөЗакон · 22.05.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон