27-статья. Курал колдонуу
Күчүн жоготкон · 03.03.2015 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 марта 2015 года № 46.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 декабря 2011 года № 231
Ички аскерлердин аскер кызматчылары төмөндөгү учурларда курал колдонууга укуктуу:
а) граждандардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуудан аларды коргоо үчүн;
б) аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирген кол салуунун мизин кайтаруу үчүн, ошондой эле алардын куралын ээлеп алуу аракеттерин басуу үчүн;
в) барымтадагы адамдарды, басып алынган кайтаруудагы объектилерди, имарат жайларды, жүктөрдү жана аскердик техниканы бошотуу үчүн;
г) граждандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана менчигине каршы кылмыш жасаган адамдарды, ошондой эле куралдуу каршылык көрсөткөндөрдү кармоо үчүн;
д) кылмыш жасады деген шек менен кармалган адамдардын, аракетине жараша камакка алуу чарасы колдонулган адамдардын, эркинен ажыратуу жазасына соттолгон адамдардын камактан качып чыгуусуна бөгөт болуу үчүн, ошондой эле ушул пунктта көрсөтүлгөн адамдардын зомбулук колдонуп бошонууга жасаган аракеттерин басуу үчүн;
е) милиция кызматкеринин же аскер катчысынын мыйзамдуу талабына баш ийбей айдоочу өзгөчө абалдын укуктуу режиминин шартында токтотуудан баш тартса, анын транспорт каражатына зыян келтирип токтотуу үчүн;
ж) аскер шаарчаларына, аскердик эшелондорго жана колонналарга, кайтаруудагы объектилерге, курулуш жайларга жана жүктөргө, граждандардын турак жайына, мамлекеттик органдардын, коомдук бирикмелердин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жайларына, топтошуп же куралдуу-кол салуунун, анын ичинде транспорт каражаттарын пайдалануу менен кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
з) укукка каршы аракеттерди токтотууга жана колундагы куралын жана аскердик техниканы тапшырууга мыйзамдуу талаптарды аткаруудан баш тарткан куралдуу топтордун каршылыгын басуу үчүн;
и) (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
к) курал колдонуу, кооптонуу (тревога) жана жардам чакыруу белгисин берүү жөнүндө граждандарга эскертүү үчүн.
Курал күтүүсүз кол салууда, куралдуу каршылык көрсөтүүдө, аскердик техниканы, транспорт каражаттарын, учуучу аппараттарды, дарыя кемелерин пайдалануу менен кол салгандардын мизин кайтарууда, камактагылар курал менен же транспорт каражаттарынын учуучу аппараттардын жардамы менен качканда, ошондой эле көрүү чектелген шартта (бүдөмүктө, иңирде, туманда ж.б.) качкан учурда же транспорт каражаты менен алып бара жатканда качкан учурда эскертүүсүз колдонулат. Аялдар, майыптыгы ачык көрүнгөн адамдар, жашы жетпегендиги даана сезилип тургандар куралдуу каршылык көрсөтпөсө, адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип, топтошуп кол салбаса, аларга карата курал колдонууга тыюу салынат. (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.03.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы №504 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.08.2011 · № 504 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- "Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин ички аскерлери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 09.12.2011 · № 231 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/738/st-27" title="27-статья - О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>