26-статья. Атайын каражаттарды колдонуу
Күчүн жоготкон · 03.03.2015 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 марта 2015 года № 46.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 декабря 2011 года № 231
Ички аскерлердин аскер кызматчылары төмөндөгү учурларда атайын каражаттарды колдонууга укуктуу;
а) граждандарга, аскер кызматчыларына же ички иштер органдарынын кызматкерлерине кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
б) ички аскерлердин аскер кызматчыларына каршылык көрсөтүүнү басуу үчүн;
в) граждандардын өмүрүнө, ден соолугуна же менчигине каршы кылмыш жасоодо бетме-бет келген же качууга аракет жасаган адамдарды кармоо үчүн;
г) куралдуу каршылык көрсөтүүгө ниеттене тургандыгы жөнүндө жетиштүү негиздер болгон адамдарды кармоо үчүн;
д) кармалган адамдар же административдик камакка алынган адамдар жана камакта олтурган адамдар өзүнүн жүрүш-турушу менен качууга же айланасындагыларга же өзүнө зыян келтирүүгө шек туудурган учурда мындай адамдарды милиция органдарына жеткирүү, айдап баруу жана аларды коргоо үчүн;
е) аскер шаарчаларына, аскер эшелондоруна жана колонналарына, кайтаруудагы объектилерге, имараттарга жана жүктөргө кол салуунун мизин кайтаруу үчүн;
ж) барымтадагыларды, басып алган имараттарды жайларды, курулуштарды, транспорт каражаттарын жана участкаларды бошотуу үчүн;
з) массалык баш аламандыкты жана транспорттун, байланыштын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин бузган аракеттерди токтотуу үчүн;
и) өзгөчө абалдын укуктук режиминин шартында айдоочулары алардын токтотууга мыйзамдуу талаптарын аткарбаган транспорт каражаттарын токтотуу үчүн, ошондой эле транспорт каражаты менен качкан соттолгон адамдарды же камактагы адамдарды кармоодо;
к) соттолгон жана камакка алынган адамдар кайтаруудан качып чыкканда аларды издөө жана кармоо үчүн.
Ички аскерлердин аскер кызматчылары атайын каражат катары төмөндөгүлөрдү пайдалана алышат:
- резина союлдар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн а, б, в, г, е, ж, з, к пункттарында каралган учурларда;
- жаш агызуучу газ - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн а, б, в, г, е, ж, з, к пункттарында каралган учурларда;
- кол кишендер - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн б, в, д, к, пункттарында каралган учурларда. Кол кишендери болбогон учурларда аскер кызматчысы байлоо үчүн колунда бар каражатты пайдаланууга укуктуу;
- жарык, үн чыгаруучу, алагды кылуучу каражаттар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн а, г, ж, з, к пункттарында каралган учурларда;
- тосмолорду бузуучу каражаттар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн г, ж, к пункттарында каралган учурларда;
- транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн и, к пункттарында каралган учурларда;
- суу бүркүчтөр жана бронемашиналар - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн г, е, ж, з, к пункттарында каралган учурларда жана колдонгон учурдан тартып 24 сааттын ичинде прокурорго маалымдоо менен улук оперативдүү начальниктин (оперативдүү) көрсөтмөсү боюнча гана;
- үйрөтүлгөн иттер - ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн а, б, в, г, е, ж, д, з, к пункттарында каралган учурларда.
Атайын каражаттардын бардык түрлөрү ушул Мыйзамдын 27-статьясынын биринчи бөлүгүндө каралган учурларда колдонулушу мүмкүн. Кош бойлуулуктун белгиси байкалган аялдар, майыптыгы айкын адамдар жана балдар куралдуу каршылык көрсөтпөсө, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүү менен кол салбаса, аларга карата атайын каражаттарды колдонууга тыюу салынат. Коргонуу зарыл болгон учурда же өтө зарылчылыкта ички аскерлердин аскер кызматчысы атайын каражаты же ок ата турган куралы болбосо, өзүнүн колунда бар ар кандай каражаттарды колдонууга укуктуу. (КР 2011-жылдын 9-декабрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.03.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-августундагы №504 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин күжүрмөн кызматынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.08.2011 · № 504 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/738/st-26" title="26-статья - О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>