29-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчысынын жеке
Күчүн жоготкон · 03.03.2015 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 марта 2015 года № 46.
коопсуздугунун гарантиялары
Ички аскерлердин аскер кызматчысы түзүлгөн жагдайда ушул Мыйзамдын 27-статьясында каралагандай курал колдонуу үчүн негиз пайда болушу мүмкүн деп эсептесе, куралын чыгарууга жана аны даярдык абалына келтирүүгө укуктуу. Кармалган адам Ички аскерлердин аскер кызматчысына бычак же ок атуучу курал, же денеге жаракат келтирүүчү башка бир нерселер менен жакындоого аракет жасаса, аскер кызматчысы көрсөткөн аралыкты сактабаса, аскер кызматчысынын буйругун укпастан кийиминен бир нерсе алып чыгууга, ошондой эле аскер кызматчысынын куралына кол тийгизүүгө аракет жасаса, аскер кызматчысы зомбулук катары баалашы мүмкүн болгон башка коркунучтуу кыймыл-аракеттер болсо, ага ушул Мыйзамдын 27-статьясынын биринчи бөлүгүнүн б) пунктуна ылайык, курал колдонууга укук берет. Аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу таламында аскер бөлүктөрүнүн жайгашкан (которулуп жайгашкан) жери, куралдуу кылмышкер топтор менен кагылышууга катышкан ички аскерлердин аскер кызматчыларынын кызмат өтөгөн жана жашаган жери жөнүндө маалыматтарды массалык маалымат каражаттарына чыгарууга жол берилбейт. Ички аскерлердин аскердик-кызмат иши жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын ички аскерлеринин командачысынын уруксаты менен гана берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 03.03.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 27-статья. Ички аскерлердин аскер кызматчысынын жеке
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/738/st-29" title="29-статья - О внутренних войсках Министерства внутренних дел Кыргызской Республики (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>