Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2005-жылдын 3-январы № 2 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (КР 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178, 2009-жылдын 9-февралындагы № 43, 2009-жылдын 24-июлундагы № 242, 2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья
1-статья. (КР 2009-жылдын 9-февралындагы № 43 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-статья. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж, № 8, 179-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын преамбуласындагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин, чек ара" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3-статья
3-статья. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 242 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-статья. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына (Эркин-Тоо газетасы 1998-жылдын 16-сентябры, № 133-140) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1. Преамбуланын үчүнчү абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Уставдын күчү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын аскердик бөлүмчөлөрүнүн, бөлүктөрүнүн жана бирикмелеринин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин соттолгондорду жана камакка алынгандарды кайтаруу жана коштоп жүрүү боюнча атайын бөлүмчөлөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы белгиленген башка мекемелердин аскер кызматчыларына жайылтылат.".
2. 15, 16 жана 17-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Мыйзамда аскердик кызмат белгиленген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана кызматтарынын Башкы башкармаларынын жана башкармаларынын зардалдары жана аларга теңештирилгендер аскер кызматчыларына карата бирикменин командиринин тартипке салуу бийлигине ээ.
16. Мыйзамда аскердик кызмат белгиленген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана башка кызматтарынын жетекчилеринин орунбасарлары аталган министрликтер менен кызматтардын жетекчилерине берилүүчү укуктардан бир баскычка төмөн болгон тартипке салуу бийлигине ээ.
17. Мыйзамда аскердик кызмат белгиленген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана кызматтарынын жетекчилери аскер кызматчыларына карата ушул Уставдын толук көлөмүндө тартипке салуу бийлигине ээ.".
3. 20-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы "м" пунктчасы менен толукталсын:
"м) ведомстволук сыйлыктар (медаль) менен сыйлоо.".
4. 27-пункт "Уставдын" деген сөздөн кийин " 2-пунктунун "м" пунктчасынан башка" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 28-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:
"е) ведомстволук сыйлыктар (медаль) жана аскердик төш белгилер менен сыйлоо.".
5-статья
5-статья. (КР 2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6-статья
6-статья. (КР 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 178 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпыга тиешелүү аскердик милдети жөнүндөЗакон · 16.12.1992 · № 1068-XII · Күчүн жоготкон
- Об оборонеЗакон · 13.04.1994 · № 1462-XII · Күчүн жоготкон
- О борьбе с терроризмомЗакон · 21.10.1999 · № 116 · Күчүн жоготкон
- О пограничной службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.03.1999 · № 28 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 618 "“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 28.10.2014 · № 618 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы №169 "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу"токтомуПостановление · 10.03.2009 · № 169 · Күчүн жоготкон
- Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 08.11.2006 · № 178 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Терроризимге каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 08.11.2006 · № 178 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.