Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 29-июну № 2195-V Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 15-пунктуна, 128-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программанын долбоорун карап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары У.Р.Нарусбаеванын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары У.Р.Нарусбаеванын маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программа төмөнкүдөй толуктоолор менен бекитилсин:
3-бөлүмдө:
- 29-абзац "тургундары" деген сөздөн кийин "жана өзгөчө статусу бар Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактарында жайгашкан чек араларды коргоо бөлүкчөлөрүндө аскер кызматын өтөп жатышкан аскер кызматчылары" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүкчө төмөндөгүдөй мазмундагы 38-44-абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарында берүүлөрдү толук жайылтуу жолу менен маалыматтык мейкиндикти коргоону камсыздоо;
- мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик участкаларынын линияларын көрктөндүрүү жана этап менен инженердик жабдуу;
- чек ара заставаларын, өткөрмө пункттарын куруу жана инфраструктураларын өнүктүрүү, алардын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун жакшыртуу;
- чек арачы-аскер кызматчыларын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн турак жай менен камсыз кылуу (куруу, мамлекеттик ипотекалык кредиттөө ж.б.);
- аз комплектелген мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди куруу;
- мектепке чейинки жана мектептик билим берүү мекемелеринде кыргыз тилиндеги заманбап окуу китептери жана окуу куралдары менен толук көлөмдө камсыз кылуу менен кыргыз тилинде окутуу;
- билим берүү мекемелеринин Интернетке жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.".
Төраганын орун басары
Т.Зулпукаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 27 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (27)
- 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча…Программа · 28.04.2021 · № 4537-VI
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-январындагы № 9 "2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана…Постановление · 20.01.2021 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын8-декабрындагы № 555-б (Баткен облусунун чек ара чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча социалдык маселерди чечүү…Распоряжение · 08.12.2014 · № 559-р
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 277-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 07.08.2018 · № 277-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-декабрындагы № 587-б (Баткен облусунун финансылык колдоо жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жөнүндө) буйругу.Распоряжение · 18.12.2014 · № 587-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13- августундагы № 326-б (Баткен облусунун Баткен районундагы мурда токтоп калган Көк-Таш -Ак-Сай - Тамдык автожолунун участокторун курууну кайрадан…Распоряжение · 13.08.2014 · № 326-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 25-декабрындагы № 3730-V "Баткен облусунун коңшу мамлекеттер менен чектешкен аймактарындагы кооптуу кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу максатында…Постановление · 25.12.2013 · № 3730-V
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 19-б (Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй, Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Кыш-Туут айыл аймагынын Чарбак…Распоряжение · 28.01.2013 · № 19-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө…Постановление · 11.07.2016 · № 382
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябры № 603 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө…Постановление · 21.11.2016 · № 603
- КР Ѳкмѳтγнγн 2017-жылдын 3-мартындагы № 60-б ( Мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу γчγн сунуштарды даярдоочу…Распоряжение · 03.03.2017 · № 60-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана…Постановление · 05.01.2018 · № 5 · Күчүн жоготкон
- КР Премьер-министринин 2014-жылдын 10-февралындагы № 60 (Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 10.02.2014 · № 60
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 214-б (Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун айылдарынын жана участокторунун…Распоряжение · 08.06.2017 · № 214-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-сентябрындагы № 516 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана…Постановление · 18.09.2013 · № 516 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-июлундагы № 382 токтомуПостановление · 11.07.2016 · № 382
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-октябрындагы № 520 токтомуПостановление · 04.10.2019 · № 520
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-декабрындагы № 670 токтомуПостановление · 06.12.2019 · № 670
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-августундагы №419 токтомуПостановление · 13.08.2020 · № 419
27 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон