Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2018-жылдын 7-августу, № 277-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программасын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын экинчи этабын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын участокторунда инженердик курулмачарды жана тосмолорду тургузуу үчүн 2018-жылга республикалык бюджетте "Чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар" беренеси боюнча каралган каражаттын эсебинен 15 000 000 (он беш миллион) сомду Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматына бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражатын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрунө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана…Постановление · 29.06.2012 · № 2195-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 5 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана…Постановление · 05.01.2018 · № 5 · Күчүн жоготкон