Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-июлу № 382 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 603 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын чыңдоо, чек ара боюндагы аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана проблемаларынын чечилишине өбөлгө түзүү, бул аймактарда жашаган жарандар үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарынын элинин арасында ички миграцияны токтотуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага төмөнкүдөй өзгөртүүлөрдү киргизүү суралсын:
"Программанын иш-чараларын ишке ашыруу мөөнөттөрү" деген 4-бөлүмүндө:
- үчүнчү абзацындагы "2016" деген цифралар "2020" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- бешинчи абзацындагы "2014" деген цифралар "2017" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- алтынчы абзацындагы "2014-2015" деген цифралар "2017-2019" деген цифралар менен алмаштырылсын;
- жетинчи абзацындагы "2015-2016" деген цифралар "2019-2020" деген цифралар менен алмаштырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябрындагы № 603 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V "Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана…Постановление · 29.06.2012 · № 2195-V
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-ноябры № 603 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө…Постановление · 21.11.2016 · № 603