Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 25-апрели № 1877-V 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасы (мындан ары - Менчиктештирүү программасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
Менчиктештирүү программасынын аткарылышынын жыйынтыктары боюнча отчетту Менчиктештирүү программасынын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин; Менчиктештирүү программасынын долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө айтылган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана депутаттык фракцияларынын сунуштары (тиркелет) иликтесин жана Менчиктештирүү программасына тиешелүү өзгөртүүлөр менен толуктоолордун долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин; тиешелүү аймактын жергиликтүү калкынын социалдык маселелерин чечүү максатында Менчиктештирүү программасына карата 3-тиркемеге киргизилген саламаттык сактоо объекттерин жана социалдык-маданий мааниси бар объекттерди муниципалдык менчикке кабыл алууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш кылсын. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү кеңеш тарабынан мамлекеттик менчиктин объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алуудан баш тартуу болгондо аларды менчиктештирүүнү багытын, социалдык арналышын милдеттүү сактап калуу шарты менен жүзөгө ашырсын; аларды түздөн-түз арналышы боюнча пайдалануу максатында максаттык арналышы боюнча пайдаланылбай жаткан балдар бакчаларынын имараттарын мамлекеттик менчикке кайтарып алуу, ошондой эле аларда мамлекеттик органдар жана ведомстволор жайгаштырылган балдар бакчаларынын имараттарын бошотуу маселелерин карасын; Менчиктештирүү программасына карата 3-тиркеменин I бөлүмүндө көрсөтүлгөн курорттук-рекреациялык тейлөө жана туризм объекттерине социалдык объекттердин статусун сактап калсын; Менчиктештирүү программасына карата 3-тиркеменин 7-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди менчиктештирүүнү кийин сатып алуу менен узак мөөнөттүү ижарага жеңилдетилген шарттарда берип, Нарын областтык бириккен ооруканасынын урология, травматология жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн мурдагы имараттарында (Нарын ш., Качкынов көч., 5) жашап жаткан саламаттык сактоо кызматкерлерине берүү жолу менен "Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-статьясына ылайык жүзөгө ашырсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Т.Сулайманов) жүктөлсүн.
Төрага
А.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (12)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5407-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарга…Постановление · 29.06.2015 · № 5407-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 93-б (Акцияларды инвестициялык конкурска чыгаруу боюнча) буйругуРаспоряжение · 19.03.2014 · № 93-р
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-сентябрындагы № 4290-V "V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-2015-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 03.09.2014 · № 4290-V
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-июнундагы № 315 "Нарын облустук бириккен ооруканасынын урология, травматология жана жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн мурдагы имараттарын Нарын облусунун…Постановление · 06.06.2013 · № 315
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 28-VI "2015-2016-жылдарга VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 18.11.2015 · № 28-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3411-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2013 · № 3411-V
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 339 "2015-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору жөнүндө" токтомуПостановление · 02.06.2015 · № 339 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-февралындагы № 64-б ( "РСК Банк" ачык акционердик коомунун капиталын өнүктүрүүнүн стратегиясын жактыруу тууралуу) буйругуРаспоряжение · 27.02.2013 · № 64-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 837 "2012-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2012 · № 837 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарда Кыргыз…Постановление · 31.07.2013 · № 435 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-апрелиндеги № 210 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 20.04.2013 · № 210 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31
- Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 116 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.