Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-04-20.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 20-апрели № 210 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу Мамлекеттештирүү аркылуу мамлекеттин менчигине өткөрүлгөн мүлктү натыйжалуу башкаруу жана тескөө, 2012-жылдын 14-15-августунда Чолпон-Ата шаарында Россия Федерациясы менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жактырылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аталган токтомунун долбоору каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж.Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
айрым токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо, ошондой эле 2012-жылдын 14-15-августунда Чолпон-Ата шаарында Россия Федерациясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген карыздарды жөнгө салуу тууралуу макулдашууларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун № 1 тиркемесинде:
9, 10, 35-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтомдун № 2 тиркемеси төмөнкү мазмундагы 29-31-пункттар менен толукталсын:
"
| 29 | "Альфа Телеком" ЖАКынын акцияларынын 49 пайызы |
|---|---|
| 30 | "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ААКнын акцияларынын 44,08877 пайызы |
| 31 | "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ААКнын акцияларынын 6,36817 пайызы |
".
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын 2-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 6.1-пункт менен толукталсын:
"
| 6.1. | "Дастан" трансулуттук корпорациясы" ААКы | 116,2573 | 98,46 | 98,463175675 |
".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу"токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 941-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2012 · № 1877-V
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9