Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2013-жылдын 27-июну № 3411-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо, ошондой эле Чолпон-Ата шаарында 2012-жылдын 14-15-августундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген карыздарды жөнгө салууга байланыштуу Россия Федерациясы менен макулдашууларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттештирилген объектилерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- № 1 тиркемедеги 4, 9, 10, 21, 22, 23, 35-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- № 2 тиркеме төмөндөгүдөй мазмундагы 29-35-пункттар менен толукталсын:
"
| 29 | "Альфа телеком" ЖАК 49 пайызы |
|---|---|
| 30 | "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ААК акцияларынын 44,08877 пайызы |
| 31 | "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ААК акцияларынын 6,36817 пайызы |
| 32 | "Каприз" ЖЧК 28,34 пайызы |
| 33 | "СК Ресурс" ЖЧК 35 пайызы |
| 34 | "СК Ресурс" ЖЧК 35 пайызы |
| 35 | "Манас" эл аралык аэропорту" ААК перрону менен кичи терминалы жана 12,49 га аянттагы жер участогу |
".
2. "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнүн программасын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V токтомуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
- 2-тиркемедеги "1. Бишкек шаары" бөлүмү төмөндөгүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"
| 7 | "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ААК | 116,2573 | 98,46 | 98,463175675 |
".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- "Мамлекеттештирилген объектилерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомунун № 2 тиркемесинин 35-пунктунда көрсөтүлгөн объектилерди менчиктештирүү тикелей сатуу методу менен жүзөгө ашырсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү чараларды кабыл алсын;
- "Дастан" ТУК акцияларын сатууга чыгарган учурда заводдун профилин сактасын; ушул максаттар жана өндүрүштү толук камсыз кылуу үчүн стратегиялык өнөктү тартсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетине жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү тууралуу"токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 941-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1877-V "2012-2014-жылдарга Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2012 · № 1877-V
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтому менен бекитилген "Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча Программа"Программа · 08.07.2011 · № 941-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 27-июнундагы № 3412-V "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 27.06.2013 · № 3412-V