26-статья. Шаар четиндеги зоналарга коюлуучу талаптар
Күчүндө · 06.01.2021 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 мая 2013 года № 78
Шаар четиндеги зона шаар менен бирдиктүү шаар куруу комплексин түзүүгө тийиш. Шаардын чегине түздөн-түз чектеш жаткан шаарды өнүктүрүү үчүн ре- зерв болуп кызмат кылган шаар четиндеги зонанын аймагы архитектура-куру- луш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын контролдугу астында болууга тийиш. Шаарлардын шаар четиндеги зоналарында экологиялык жактан зыяндуу ишканаларды курууга болбойт. Шаар четиндеги зонанын көлөмү шаардын көлөмүнө жараша, эреже ката- ры административдик райондордун чектеринде белгиленет. Шаар четиндеги зонанын аймагында шаардык бийлик органдары менен макулдашпай туруп шаар куруу-архитектура объектилерин курууга тыюу са- лынат. Шаар четиндеги зона шаардын калкынын кыска мөөнөттүү эс ала турган орду болууга тийиш. (КР 2013-жылдын 24-майындагы №78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/716/st-26" title="26-статья - Шаар куруу жана архитектура жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>