Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 24-майы № 78
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 8-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Шаар куруу ишинин бардык түрлөрү архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө, ошондой эле ушул көрсөтүлгөн жааттагы контроль жана көзөмөл боюнча саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан башкарылууга жана контролдонууга жатат.".
2. 14-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү "шаар менен" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 26-статьянын 2-бөлүгүндөгү "шаардык архитектура жана шаар куруу органдарынын" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 29-статьянын үчүнчү абзацындагы "архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 37-статьянын 2-пунктундагы "архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдары" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 38-статьянын 3-бөлүгүндөгү "архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдын" деген сөздөр "архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 41-статьяда:
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Курууга уруксат архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.". статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын: "Жеке турак үйлөрдөн тышкары, курулуп бүткөн объекттерди эксплуатациялоого киргизүүнүн ылайыктыгына баа берүү архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.".
8. 45-статьянын 1-бөлүгүнүн жыйырма экинчи абзацындагы "архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдардын" деген сөздөр "архитектура-курулуш ишинин чөйрөсүндөгү көзөмөл жана контроль боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 73-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"73-статья. Архитектура жана курулуш иштери боюнча мамлекеттик органдын жоопкерчилиги
Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик, ошондой эле көрсөтүлгөн жааттагы контроль жана көзөмөл боюнча органдарынын кызмат адамдары тарабынан ушул Мыйзам туура эмес колдонулган жана шаар куруу-архитектура ишинин субъектине зыян келтирген учурда, ал келтирилген зыяндардын ордун толтуруу жөнүндө доо менен сотко кайрылууга укуктуу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
Шилтеме берет (1)
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII