27-статья. Граждандардын жашоонун ыњгайлуу чөйрөсүнө болгон
Күчүндө · 06.01.2021 редакциясы · IV бөлүм
укуктары
1. Шаар куруу иши Кыргыз Республикасынын ар бир гражданынын шаарда
да, айыл жеринде да жашай турган жерди, эмгектене жана эс ала турган жерди тандап алууга болгон конституциялык укуктарын камсыз кылуучу за- рыл шарттарды түзүүгө багытталынышы тийиш.
2. Адамдар туруктуу жашаган жерлер жашоо турмуштун сапатынын жана
коопсуздугунун нормативдик талаптарына, жаратылыш чөйрөсүн коргоого, жашоонун ыњгайлуу шарттарына ылайык келүүгө тийиш.
3. Айрым мамлекеттик таламдар менен шартталган учурларда экология-
лык жактан жагымсыз болгон аймактарда чарбалык иш жүргүзүүгө, калктын убактылуу жашашына мыйзамдарга ылайык өзгөчө режимде белгилөө менен жол берилет. (КР 2004-жылдын 17-августундагы N 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.01.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/716/st-27" title="27-статья - Шаар куруу жана архитектура жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>