Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «2011-жылдын 1-октябрына карата өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата экономика тармактарынын даярдыгынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 6-октябры № 1095-V 2011-жылдын 1-октябрына карата өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата экономика тармактарынын даярдыгынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу 2011-жылдын 1-октябрына карата өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата экономика тармактарынын даярдыгынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Ө.Т.Бабановдун, Кыргыз Республикасынын энергетика министри А.А.Шадиевдин, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Т.Н.Бековдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши төмөнкүлөрдү белгилейт. 2010-жылдын апрелиндеги жана июнундагы саясий окуялардын кесепеттеринин фонунда экономиканын алдын ала айтууга болбогон "ыдырашын", 2010-жылдын аягында байкала баштаган терең экономикалык төмөндөө коркунучун жеңүү жана 2011-жылдын январынын-сентябрынын жыйынтыктары боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу багытталуусуна чыгуу 2010-жылдын башкы натыйжасы болуп калды. Экономиканы кризистен чыгарууга жетишилип, "Экономика жана коопсуздук" 2011 кыска мөөнөттүү планы аткарылууда. Социалдык саясат калктын күндөлүк проблемаларын иш жүзүндө чече баштады. Мугалимдердин жана врачтардын эмгек акылары эки жана андан ашык эсеге жогорулатылды. Пенсиялар 30 пайызга жогорулатылды. 2010-жылдын январындагы-сентябрындагы 98,8 пайыздын деңгээлине каршы алганда 2011-жылдын январынын-сентябрынын жыйынтыктары боюнча караганда ИДПнын көлөмүнүн өсүшү болжолдуу = 106,6 пайызды түздү. Өнөр жай ишканалары тарабынан продукция өндүрүү болжолдуу = 119,0 млрд. сом суммасында күтүлүүдө, мында өндүрүштүн көлөмүнүн иш жүзүндө өсүшү 2010-жылдын тиешелүү мезгилине салыштыруу боюнча болжолдуу = 118,0 пайызды түзөт. 2011-жылдын январынын-сентябрынын ичинде продукция өндүрүүнүн көлөмүнүн иш жүзүндө өсүшү текстиль, тигүү, жыгач иштетүү өндүрүшүнүн жана жыгач буюмдарын, резина жана пластмасса буюмдарын, башка металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүүнүн жана даяр металл буюмдарын өндүрүүнүн эсебинен күтүлүүдө. Республиканын бардык категориядагы чарбалары тарабынан айыл чарба азыктарын дүң өндүрүү колдонуудагы бааларда болжолдуу = 115,8 млрд. сомго күтүлүүдө. 2010-жылдын тиешелүү мезгилине карата өсүш арымы болжолдуу = 101,7 пайызды түзөт. Ошону менен бирге республиканын түштүк областтарындагы апрелдеги жана майдагы катуу кургакчылыктын айынан буудай данынын түшүмдүүлүгү өткөн жылга караганда кыйла төмөн болду: Баткен областы боюнча - 6,6 ц/га, Жалал-Абад областы боюнча - 3,5 ц/га жана Ош областы боюнча - 1,7 ц/га. Өстүрүлгөн түшүмдү жыйноону аяктоо боюнча өнөктүктүн улантылышы менен бирге бардык жерде, Нарын областынан тышкары, күзгү талаа жумуштары жүргүзүлүүдө. "2012-жылдын түшүмүнө Кыргыз Республикасынын чарбакер субъекттери тарабынан күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүүнү жүргүзүүнүн бекитилген программасынын аткарылышы боюнча чаралар жөнүндө" токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган. Курулуштагы дүң продукциянын жалпы көлөмү болжолдуу = 26,2 млрд. сом деңгээлинде күтүлүүдө жана 101,4 пайызды түзүү менен, болжолдуу = 1,4 пайызга көбөйөт. Көбөйүү "Бишкек-Нарын-Торугарт" автомобиль жолдорун кайра конструкциялоого, тоо-кен казып алуу өнөр жай объекттеринин курулушуна жана турак жай курулушуна, билим берүү объекттерин, автомобиль жолдорун ж.б. курууга багытталган Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы инфраструктура объекттерин жана социалдык-маданий багыттагы объекттерди калыбына келтирүүгө инвестицияларды өздөштүрүүнүн олуттуу өсүшү менен шартталган. Алдын алган маалыматтар боюнча 2011-жылдын январында-августунда мамлекеттик бюджеттин ресурстук (киреше) бөлүгүнө планга карата 56086,7 млн. сом сумманын 108,6 пайызы же 60907,5 млн. сом келип түшкөн. Областтардын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджеттеринин кирешелерине (грантсыз жана атайын каражаттарсыз) 5186,0 млн. сом (100,1 пайыз) келип түшкөн. Өткөн жылга салыштырганда бул көрсөткүч 487,9 млн. сомго же 10,4 пайызга өскөн. Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө көлөмдөрдүн иш жүзүндөгү өсүшү 2011-жылдын январында-сентябрында гидроэлектр станциялары тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүүнүн эсебинен болжолдуу = 1,3 эсеге көбөйүшү күтүлүүдө. Аба ырайынын климаттын шарттарынын аркасында Токтогул суу сактагычында суунун жетиштүүдөн ашык кору топтолуп, мунун өзү туруктуу электр менен жабдууну камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок жабдуулардын өтө эскиргендигин эске алуу менен электр энергиясын техникалык себептер боюнча көп өчүрүүлөрдүн ыктымалдыгы жогору. Мындай проблема жыл сайын орун алып келген жана энергетиктер муну жабдууларды алмаштырууга жана капиталдык ремонттоого каражаттардын жетишсиздиги менен түшүндүрөт. Ошол эле убакта энергетиктер тарабынан бул каражаттарды издеп табуу жана каржылык оңолуу боюнча болгон чаралар көрүлбөй жатат. 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы мезгилинде экономика тармактарынын жана калктын электр энергиясына жана отун ресурстарына керектөөлөрүн камсыз кылуу жана республиканын министрликтерин, мамлекеттик комитеттерин, администрациялык ведомстволорун жана региондорун алдыдагы жылытуу мезгилинен өтүүгө карата өз убагында даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтом кабыл алынып (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы № 460 токтому менен ага кийин өзгөртүүлөр киргизүү менен), аны менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ө.Т.Бабанов башында турган Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине карата даярдоо боюнча республикалык штаб түзүлүп, ошондой эле министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, акционердик коомдор үчүн иш-чаралардын планы бекитилген. Жылуулук электр станцияларында 493,4 млн. кВтс (2010-жылдын деңгээлинин 98,8 пайызы) иштелип чыгып, мунун өзү өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндеги иштеп чыгууга салыштыруу боюнча 5,7 млн. кВтс аз. 2011-жылдын 8 айында Казакстан Республикасына электр энергиясын экспорттоо 2003,222 (же өткөн жылдагыдан 1279,670 млн. кВтс көп), анын ичинде "КЕGОС" АКсынын тармагында 299,999 млн. кВтс жана казакстандык компаниялар менен келишимдер боюнча 1703,223 млн. кВтс түзгөн. КЭРге электр энергиясын экспорттоо 0,786 млн. кВтс түздү (же өткөн жылдагыдан 0,074 млн. кВтс көп). 2011-жылдын 26-сентябрындагы абал боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги көмүрдүн калганы 246,3 миң тоннаны түздү (2010-жылда - 149,3 тонна). 2011-жылдын апрелинин-сентябрынын мезгилинде Ош шаарынын ЖЭБине көлөмү 8,5 миң тонна, анын ичинде 3,5 миң тонна импорттук жана 5 миң тонна жергиликтүү мазут алып келүү зарыл болуп, иш жүзүндө 11,8 миң тонна жергиликтүү мазут жеткирилген. Экономиканын тармактарын жана калкты 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине даярдоонун алкагында республикалык бюджеттен бюджеттик уюмдар тарабынан көмүр даярдоого 130,0 млн. сом бөлүнүп берилген. Ошондой эле республиканын алыскы, бийик тоолуу, жетүүгө кыйын, дотациялык региондору артыкчылыктуу тартипте 78,0 млн. сом суммасында каржыланган. Энергетиктердин импорттук көмүрдү пайдаланууга багыт алуусу, бүткүл республика боюнча электр пайдаланууга өтүүгө алынган багыт көмүрчүлөр тарабынан ички рынокту жоготууга алып келген. Бүгүнкү күндө импорттолуучу көмүрдүн үлүшү 70 пайызга жакынды түзөт. Республиканын импорттук көмүрдөн көз карандысыздыгын алып салуу, ички рынокту ата мекендик отун менен камсыз кылуу үчүн 2012-жылы көмүр казып алууну 1,0 млн. тоннага, 2013-жылы 1,5 млн. тоннага жана 2014-жылы 2,0 млн. тоннага чейин көбөйтүү каралган. 2011-жылдын 1-апрелинен тартып 26-сентябрына чейинки мезгилде 2011-жылдын апрелине-сентябрына көлөмү пландагы 79,7 миң тонна көмүрдөн республика боюнча иш жүзүндө бюджеттик уюмдар тарабынан 43,2 тонна көмүр даярдалган. Калк үчүн көмүр даярдоо боюнча белгиленген тапшырмалардан Ысык-Көл областында (26,2 пайыз), Талас областында (20,1 пайыз), Нарын областында (12,6 пайыз), Ош областында (59,3 пайыз), Баткен областында (47,8 пайыз), Жалал-Абад областында (64,6 пайыз) жана Ош шаарында (15,1 пайыз) артта калуулардын бар экендигин белгилей кетүү керек. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан калк үчүн көмүр даярдоо керектөөнүн 13,1 пайызына аткарылып, анын ичинен 7,5 миң тонна жеңилдетилген көмүр аз камсыз болгон жарандар үчүн болгон. Алдыда турган жылытуу мезгилинде катуу отундун запасына түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине республикалык бюджеттин каражаттарынан ведомстволук караштуулугундагы 13 мекемени каржылоо зарыл. Алардын отунга болгон жалпы керектөөсү 2,7 миң тоннаны түзүп, азыркы убакта иш жүзүндө 774 тонна алынып келинип же 29 пайызга аткарылган. Республиканын 13 мектебинин окуучуларынын ушул убакка чейин чатырларда окуп жаткандыгы өтө кыжырды келтирүүчү факт болуп саналат. Кесиптик-техникалык билим берүү тутумунда 110 окуу мекемелери бар, алардын ичинен 43ү катуу отун менен жылытылат. Жалпы керектөө 7770,1 миң сом суммасындагы 2035 тонна катуу отун болгондо 2011-жылдын 28-сентябрына карата болгону 1674,0 миң сом каржыланып, мунун өзү жалпы керектөөнүн 21,5 пайызын түзөт. Жылытуу мезгилин кадимкидей өткөрүү үчүн 6096,1 миң сом суммадагы 1579,3 тонна кошумча талап кылынат. Саламаттык сактоо уюмдарында электр үнөмдөө боюнча пландуу иш-чаралар, отканаларды учурдагы ремонттоо жүргүзүлгөн. Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген жана мамлекеттик бюджет менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан каржылануучу уюмдар боюнча керектөөнүн 54,2 пайызындагы көмүр, республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдар боюнча керектөөнүн 14,3 пайызындагы көмүр даярдалган. Жылытуу мезгилине даярдыктагы кечеңдөөлөр каражаттарды республикалык бюджеттен жетишсиз которуудан келип чыккан. "Баткен областынын аймагында жайгашкан жана "Өзбекнефтегаз" улуттук холдингдик компаниясы тарабынан эксплуатацияланып жаткан "Түндүк Сох" жер астындагы газ сактоочу жайды, "Түндүк Сох" жана "Чоңгара-Галча" газ-мунай чыккан жерлерди Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына кайтарып алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому аткарылган эмес. Бул документ менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бул маселени чечүү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сентябрда маалымдоо тапшырылган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-октябрына карата өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине экономиканын тармактарын даярдоонун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу Ө.Т.Бабановдун, Кыргыз Республикасынын энергетика министри А.А.Шадиевдин, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Т.Н.Бековдун маалыматтары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
социалдык-экономикалык өнүгүү, аткаруу тартибин күчөтүү, жетишилген натыйжаларга сын баа берүү үчүн министрликтердин, ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын жеке жоопкерчилигин жогорулатууга өзгөчө көңүл буруп, кемчиликтерди четтетүү боюнча айкын иш-чараларды иштеп чыксын жана жүзөгө ашырсын; төмөнкү актуалдуу маселелерди карасын жана айкын чараларды көрсүн:
- 2011-жылдын негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн аткаруу менен каржылык жана экономикалык кризистин андан ары тереңдешине жол бербөө, социалдык кесепеттерди жоюуга багытталган өнөр жай өндүрүшүн турукташтыруу жана өлкөнүн экономикасын өнүгүүнүн туруктуу векторуна чыгаруу боюнча;
- мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын кыскартууга жана калкты иш менен камсыз кылуунун өсүшү аркылуу коомдогу социалдык чыңалууну төмөндөтүү боюнча;
- өлкөдө жагымдуу инвестициялык климатты калыбына келтирүү жана чыңдоо, мамлекеттик жөнгө салууну бюрократиядан ажыратуу жана чарбакер субъекттерге экономикалык эркиндикти берүү боюнча;
- агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, жарандарды кол жеткидей турак жай, татыктуу билим берүү жана саламаттык сактоону камсыз кылуу, экономикалык келечектүү жана социалдык маанилүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик-менчик өнөктөштүктү пайдалануу, региондордун инновациялык инфраструктураларын түзүү жана өнүктүрүү, туризм, ошондой эле чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы артыкчылыктуу долбоорлор кирген социалдык-экономикалык өнүгүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын аткаруу боюнча;
2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык "Кыргызтуракжайкоммунбирлик" МИсине 333 млн. сом өлчөмүндөгү чыгымдарды компенсациялоого, анын ичинде, 57,044 млн. сом Ош шаарынын мэриясына Оштогу жылуулук менен жабдуу ишканасынын керектөөлөрү үчүн каржы каражаттарын бөлүп берсин; 2011-жылдын 22-августундагы № 474 "Мамлекеттик заем каражаттары боюнча карыздарды кайтарып берүүнүн шарттарын өзгөртүү жана "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна бюджеттик субсидияларды бөлүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 96660,5 миң сом суммадагы бюджеттик субсидиянын тарифтик тартыштыгын жабуу үчүн "Кыргызгаз" ААКсын каржылоону камсыз кылсын; 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 206 "Бийик тоолордун оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашаган адамдарды мамлекеттик колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык бийик тоолордун оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жана барууга кыйын алыскы зоналарда жашаган абоненттер үчүн электр энергиясын пайдалангандык үчүн акы төлөөдө 50 пайыз өлчөмүндө компенсацияга 75,0 млн. сом суммасындагы каржы каражаттарын бөлүп берүүнү камсыз кылсын; социалдык институттар (мектептер, балдар бакчалары, ооруканалар) тарабынан электр энергиясын пайдалангандык үчүн акыны жеке жактар үчүн акынын наркына теңештирүү менен эки эсеге төмөндөтүүнүн мүмкүнчүлүгүн карасын, анткени алар өз ишинен пайда албайт; 2011-жылдын 3-мартындагы № 219-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун № 2 тиркемесинде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарын аткаруу боюнча маалымат берсин; кабыл алынган Программага ылайык мамлекеттештирилген объекттерди сатуудан түшкөн 3700,0 млн. сомду 2011-жылга республикалык бюджеттин кирешесине өз убагында келип түшүүсүн камсыз кылсын; жабыр тарткан калктуу конуштарды тездетип калыбына келтирүү максатында Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишин, анын алдына коюлган милдеттердин аткарылышын, турак жай жана социалдык объекттерди курууга каралган каражаттарды каржылоону өз убагында камсыз кылууну жана толук өздөштүрүүнү контролдоону күчөтсүн; Ош шаарында ШКУ кичи районун Шанхай кызматташтык уюмунун катышуучуларынын каражаттарынын эсебинен куруу жөнүндө сунуштарды ишке ашыруу боюнча ишти активдештирсин; республиканын түштүк региондорунда 2011-жылдын февралында-мартында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн натыйжасында жабыр тарткан жарандарды турак жай менен камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине акча каражаттарын жылдын аягына чейин толук көлөмдө бөлүп берүүнү жүзөгө ашырсын; Нарын областынын Ат-Башы районунда болуп өткөн суу ташкынын натыйжасында жабыр тарткан адамдарга турак жайды калыбына келтирүү үчүн акча каражаттарын бөлүп берсин; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-мартындагы № 219-V токтомуна ылайык саламаттык сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого 200 млн. сом суммасындагы каржы каражаттарын бөлүп берүүнү камсыз кылсын; билим берүү чөйрөсүндөгү болочок муундун - өлкөнүн келечегинин өнүгүшүндөгү кырдаалды жакшыртуу максатында 2014-жылга чейин өнүгүү программасында баяндалган бюджеттик саясатты 50 пайызга чейин көбөйтүү жагына кайра карасын; республиканын 13 мектебинин чатырларда окуп жаткан окуучуларына зарыл шарттарды түзүү боюнча шашылыш чараларды бир жуманын ичинде көрсүн. Бул тапшырма аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгы жөнүндө маселени карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги:
күзгү талаа жумуштарын ийгиликтүү аяктоо боюнча, ошондой эле ата мекендик фермерлерге буудайды акылга сыярлык баалар боюнча сатууда жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрсүн; 2012-жылы жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү өткөрүү үчүн айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрдү жеңилдетилген кредиттер, минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен өз убагында камсыз кылсын; айыл чарба кооперативдерин түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыксын жана кароого киргизсин; мамлекеттик ирригациялык тармактарды 2012-жылдын вегетациясына даярдоо, ирригациялык фондду жакшыртуу жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча биротоло чараларды көрсүн; суу басып кеткен сугат жерлерин мелиорациялоону жакшыртуу боюнча 2012-2015-жылдарга атайын мамлекеттик программа иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
энергетика тутумунун ишенимдүү иштешин жана жылуулук, электр энергиясы менен жаратылыш газын керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз камсыздоону жүзөгө ашырсын; жылуулук отканаларынын жана жылуулук-энергетика комплексинин ишканаларынын толук даяр экендигине Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жетишсин; Бишкек шаарынын ЖЭБи, республиканын калкы үчүн көмүр сатуучу отун базалары менен пункттары, анын ичинде Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн жергиликтүү көмүрдү жөнөтүүлөрдүн төмөнкү графиктеринин өз убагында жана толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылсын:
- 2011-2012-жылдардын жылытуу мезгилинде - 150000 тонна көлөмүндө;
- 2013-жылга карата - толук көлөмдө.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
керектелген электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана мазут үчүн карыздарды тындыруу максатында бюджеттик керектөөчүлөрдү каржылоону өз убагында жана толук көлөмдө жүзөгө ашырсын; алар берилген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө көмүрдү жана отун мазутун жөнөтүүлөргө бюджеттик уюмдар тарабынан түзүлүү менен тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган келишимдерди бергенден кийин 20 пайыздык алдын-ала төлөөнү өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук караштуулугундагы жатак мекемелер менен балдар үйлөрүнүн, билим берүү уюмдарынын капиталдык ремонтун жана катуу отунду даярдоосун өз убагында каржылоону камсыз кылсын; кесиптик-техникалык окуу жайларын көмүр сатып алуу үчүн зарыл болгон акча каражаттары менен каржыласын.
6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жылытуу мезгили башталганга чейин ведомстволук караштуулугундагы жатак мекемелери жана балдар үйлөрү, жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн отун жеткирүүнү камсыз кылсын.
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
отканаларды жана жылытуу тутумдарын жылытуу мезгили башталганга чейин ремонттоону аяктасын; жылытуу мезгили башталганга чейин жалпы билим берүүчү уюмдарга отунду өз убагында жеткирүүнү камсыз кылсын; жылытуу максатына электр энергиясын пайдалануучу билим берүү мекемелерин жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен отундун альтернативдүү түрлөрүнө этап боюнча которуунун программасын кабыл алсын жана анын аткарылышын камсыз кылсын; 2011-жылдын 1-ноябрына чейин энергия үнөмдөөчү лампаларды пайдаланууга өтүүнү камсыз кылсын, мында ата мекендик өндүрүштүн продукцияларына артыкчылык берсин.
8. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга төмөнкүлөр сунушталсын:
жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдардын 2010-2011-жылдардын жылытуу мезгилинде берилген электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана мазут үчүн энергетика ишканаларынын алдындагы карыздарын тындырууну жүргүзүү; керектелген электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы, көмүр жана мазут үчүн бюджеттик уюмдарды ай сайын каржылоону толук көлөмдө жүзөгө ашыруу; ири калктуу конуштарда жана алыскы райондордо калк үчүн көмүр сатуучу отун базаларын жана пункттарын айыл өкмөттөрү менен биргелешип түзүү.
9. Чүй областтык мамлекеттик администрациясы, Бишкек шаарынын мэриясы:
жаңы турак жай конуштарында электр тармактарын жана жабдууларын курууну каржылоо маселесин иштеп чыксын жана чечсин; "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" жана "Түндүкэлектро" ААКлары менен биргелешип Бишкек шаарынын тегерегиндеги бардык жаңы конуштарды энергия менен жабдуу үчүн зарыл болгон эсептөөлөрдү жүргүзсүн.
10. Бюджет жана финансы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитети "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен биргелешип ушул токтомдун аткарылышы үчүн зарыл болгон кошумча каражаттарды бюджетке киргизүүнү камсыз кылсын.
11. 2011-жылдын 30-июнундагы № 887-V "2010-жылдын 16-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу" 2011-жылдын 13-январындагы № 98-V Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.
12. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (9)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-апрелиндеги №206 "Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын болгон зоналардагы оор, жагымсыз жаратылыш-климаттык шарттарда жашаган адамдарды мамлекеттик…Постановление · 02.04.2010 · № 206
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы №474 "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна бюджеттик субсидияларды бөлүп берүү жана мамлекеттик займдык каражаттар боюнча карызды…Постановление · 22.08.2011 · № 474
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 13-январындагы № 98-V "2010-жылдын 16-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы…Постановление · 13.01.2011 · № 98-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 887-V "2011-жылдын 13-январындагы № 98-V "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010-2011-жылы күзгү-кышкы…Постановление · 30.06.2011 · № 887-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 3-марты № 219-V "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 03.03.2011 · № 219-V
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 16-июнунун №88 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу…Постановление · 16.06.2010 · № 88 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-августундагы № 460 ""Кыргыз Республикасынын2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын…Постановление · 11.08.2011 · № 460 · Күчүн жоготкон