Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Кыргызгаз» ачык акционердик коомуна бюджеттик субсидияларды бөлүп берүү жана мамлекеттик займдык каражаттар боюнча карызды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-августу №474 "Кыргызгаз" ачык акционердик коомуна бюджеттик субсидияларды бөлүп берүү жана мамлекеттик займдык каражаттар боюнча карызды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү жөнүндө "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун мамлекеттик займдык каражаттар боюнча карызды кайтаруусунун төмөнкүдөй шарттары өзгөртүлсүн:
2007-жылдын 20-декабрындагы № 8-000/258 карыз милдеттенмесине 2009-жылдын 7-октябрындагы № 8-000/254 кошумча макулдашуу боюнча; 2009-жылдын 18-февралындагы № 8-000/14 карыз милдеттенмесине 2009-жылдын 7-октябрындагы № 8-000/255 кошумча макулдашуу боюнча; 2010-жылдын 12-февралындагы № 19-05-4 карыз милдеттенмеси боюнча.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун мамлекеттик займдык каражаттар боюнча карызын кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча тиешелүү кредиттик-күрөөлүк документтерди негизги карыз боюнча карызды тындыруу мөөнөтүн 2012-жылдын 1-июлунан баштап бирдей төлөмдөр менен төлөгөндө 2015-жылдын 31-декабрына чейин белгилөө шартында белгиленген тартипте тариздесин:
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- 2011-жылдын 2 жана 3-кварталында "Узтрансгаз" акционердик компаниясы берүүчү газдын сатып алуу наркы көбөйгөндүгүнүн айынан түзүлгөн "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун тарифтик дефицитин жабуу үчүн 96660,5 миң сом өлчөмүндөгү бюджеттик субсидияны бир айлык мөөнөттө бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-1213-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу тиешелүү сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
4. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси жана минералдык ресурстар бөлүмүнө, ошондой эле финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Отчет о результатах аудита составления и исполнения республиканского бюджета Кыргызской Республики за 2011 год" (утвержден постановлением Правительства КР от 15 апреля 2013 года…Постановление · 15.04.2013 · № 197
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 6-октябрындагы № 1095-V "2011-жылдын 1-октябрына карата өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине…Постановление · 06.10.2011 · № 1095-V
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 602 ""Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.09.2011 · № 602 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон