Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө» Токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 16 мая 2011 года №230 "О подготовке отраслей экономики и населения Кыргызской Республики к осенне-зимнему периоду 2011/2012 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-05-16.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ 2010-жылдын 16-июну УӨ № 88 Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана Токтогул суу сактагычындагы сууну зарыл болгон көлөмдө топтоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү 2009/2010-жылдагы күзгү-кышкы мезгилден министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, отун-энергетикалык комплекстин ишканалары жалпысынан канааттандырарлык өткөндүгүн белгилейт. Токтогул суу сактагычындагы суу запасынын деңгээли 2009-жылдын 1-октябрына карата 12,7 млрд.куб. метрди түздү. Республиканын энергия системасы жылытуу мезгилинен ийгиликтүү жана авариясыз өтүүсү үчүн 2010-жылдын 1-апрелине карата Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын зарыл болгон көлөмдө сактоо боюнча милдет коюлган. Бишкек жана Ош шаарларынын жылуулук электр борборлору үчүн тиешелүү жумушчу жүктөмдөр менен камсыздоону, 2009/2010-жылдын күзгү/кышкы мезгилине пайдаланууга уруксат берилген электрдик отказандардын тизмесин аныктоону, электр энергиясын колдонуунун белгиленген лимиттеринин милдеттерин сактоону жана башкаларды кошкондо, министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, отун-энергетикалык комплекстин ишканалары чаралардын комплексин көрүштү. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында республиканын энергетикалык секторундагы кырдаалды 2009/2010-жылдын жылытуу мезгилинде турукташтырууга мүмкүнчүлүк болду. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2010-жылдын 1-апрелине карата 9,7 млрд.куб. метрди түздү, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 3,3 млрд.куб. метрге көп. Экономикалык тармактарынын жана калктын 2010/2011-жылдын күзгү/кышкы мезгилиндеги электр энергиясына жана отун ресурстарына болгон муктаждыгын камсыз кылуу жана алдыдагы жылытуу мезгилинен өтүү үчүн республиканын министрликтерин, мамлекеттик комитеттерин, администрациялык ведомстволорун жана региондорун өз убагында даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. 2009/2010-жылдагы жылытуу мезгилинен өтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика министринин милдетин аткаруучунун отчету маалымат катары кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдагы күзгү/кышкы мезгилге даярдоо жана суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча республикалык штаб ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык түзүлсүн жана Штаб жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча иш-чаралардын тиркелген планы (мындан ары - План) бекитилсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, "Кыргызтуракжайкоммунсоюз", "Көмүр" мамлекеттик ишканалары, "Электрдик станциялар", "Кыргызстандын улуттук электрдик тармактары", "Кыргызгаз", "Кыргызнефтигаз", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр", "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомдору жана "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасы:
- Пландын, ошондой эле ушул токтомдун 2-30-тиркемелеринде каралган милдеттердин аткарылышын камсыздашсын;
- бюджеттик уюмдар үчүн отунду жеткирүүчүлөрдү аныктоо боюнча тендерлерди 2010-жылдын 1-августуна чейин өткөрүшсүн, алар менен келишимдерди түзүшсүн жана аларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин;
- 2010-жылдын 1-ноябрына карата энергия үнөмдөөчү лампаларды колдонууга өтүүнү камсыз кылышсын, мында ата-мекендик өндүрүштүн продукцияларына артыкчылык берилсин;
- отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын жана жылытуучу отказандардын даярдыгын текшерүү боюнча жумушчу комиссияларды Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүшсүн жана объекттердин жылытуу мезгилине болгон даярдыгын акт түзүү менен 2010-жылдын 1-октябрына чейин текшеришсин;
- ай сайын 1ине карата ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө, ошондой эле негизги техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр тууралуу маалыматты отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берип турушсун.
2. Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жана суу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча республикалык штаб 2010/2011-жылдагы күзгү-кышкы мезгилден ийгиликтүү өтүү боюнча маселелерди сапаттуу жана өз убагында чечүүнү камсыз кылсын, ушул токтомдун аткарылышын жүрүшүн өзүнүн заседаниелеринде ай сайын карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги:
- гидроэлектростанциялардын жабдууларынын ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу үчүн Токтогул суу сактагычындагы сууну 2010-жылдын 1-октябрына карата 14,9 млрд.куб метрден кем эмес көлөмдө жана 2011-жылдын 1-апрелине карата 9,2 млрд.куб. метр көлөмүндө топтоону камсыздоо менен отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын ишин уюштурсун;
- энергия системасынын ишенимдүү иштөөсүн камсыздасын жана керектөөчүлөрдү жылуулук, электр энергиясы жана газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылсын;
- Камбарата ГЭС-2нин биринчи агрегатын 2010-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө ишке киргизсин.
7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына, отун-энергетикалык комплекстин ишканаларынын жетекчилерине ушул токтомдун 2-30-тиркемелеринде каралган милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик белгиленсин.
8. Бишкек шаарынын мэриясына төмөнкүлөр сунуш кылынсын:
- жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдардын 2009/2010-жылдагы жылытуу мезгилинде жеткирилген электрдик, жылуулук энергиясы, газ, көмүр жана мазут үчүн энергетикалык ишканаларга болгон карыздарын тындырсын;
- керектелген электрдик, жылуулук энергиясы, газ, көмүр жана мазут үчүн бюджеттик уюмдарды ай сайын каржылоону толук көлөмдө жүргүзсүн;
- Бишкек шаарынын ЖЭБинде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин максаттуу каржылоо үчүн 2,2 млн. (эки миллион беш жүз) сом өлчөмүндө, Кара-Кечеден жана Таш-Көмүрдөн казып алынган көмүрдү Бишкек шаарынын ЖЭБине "Көмүр" мамлекеттик, ишканасынын ташуусу үчүн 3,0 млн. (үч миллион) сом өлчөмүндө акча каражаттарын "Электрдик станциялар" ачык акционердик коомунун алыш-бериш эсептерине электрдик жана жылуулук энергия-
сын керектөөчүлөрдүн учурдагы төлөмдөрүнүн эсебинен ай сайын которууну камсыз кылсын.
9. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- керектелген электрдик, жылуулук энергиясы, газ, көмүр жана мазут үчүн карызды тындыруу максатында бюджеттик керектөөчүлөрдү каржылоону өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзсүн;
- көмүрдү жана отун мазутун жеткирүү үчүн түзүлгөн жана тиешелүү түрдө таризделген келишимдерди бюджеттик уюмдар бергенден кийин 20 проценттик алдын ала төлөмдү өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
- калк үчүн жылуулук энергиясына болгон берүү тарифинин 2010-жылдын 1-апрелинен баштап өзгөргөндүгүнө байланыштуу чыгымдарды компенсациялоого каражаттарды "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына бөлүп берүү үчүн караштырсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына мекеменин энергиялык чарбаларын капиталдык оңдоону жүргүзүү, электр берүүнүн эскирген кабелдик жана абадагы линияларын алмаштыруу үчүн 2010-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде 22 млн. (жыйырма эки миллион) сом бөлсүн;
10. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Чек ара мамлекеттик кызматы чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Тажикстан Республикасы жана Өзбекстан Республикасы) аймагынан өткөн республиканын электр берүү линияларын жана газ берүүнүн магистралдык объекттерин оңдоо зарылдыгы болгондо оңдоо-техникалык персоналды, технологиялык жабдууларды жана түзүлүштөрдү мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Материалдык резервдер мамлекеттик фонду, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү убагында "Электрдик станциялар", "Кыргызстандын улуттук электрдик тармактары", "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр", "Жалалабат электр", "Бишкек жылуулук тармагы" "Кыргызнефтигаз", "Кыргызгаз" ачык акционердик коомдорунун, "Бишкекжылуулукэнергия" коммуналдык ишканасынын, "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" жана "Көмүр" мамлекеттик ишканаларынын алыш-бериш эсептерин камакка алууга жана жабууга багытталган иш-аракеттерге жол беришпесин.
12. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Пландын жана ушул токтомдун 2-30-тиркемелеринде каралган милдеттердин аткарылышын координациялоону жана мониторингин жүргүзсүн.
13. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 88 токтомуна карата 1-тиркеме
2010/2011-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине
Кыргыз Республикасынын экономика тармагын
жана калкын даярдоо жана суу-энергетикалык
кырдаалды турукташтыруу боюнча
Республикалык штабдын
КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары, Штабдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын энергетика министри, Штабдын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министри Штабдын төрагасынын орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министри; Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министри; Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министринин статс-катчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыздандыруу мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору; Чүй областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор; Ош областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор; Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор; Ысык-Көл областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор; Нарын областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор; Талас областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор; Баткен областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор; Бишкек шаарынын вице-мэри; "Электрстанциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Түндүкэлектро" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Чыгышэлектро" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Ошэлектро" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Жалал-Абадэлектро" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча); "Кыргызтураккоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын директору; "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын директору; "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-июнундагы № 88 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын
жана калкын 2010/2011/жылдардын күз-кыш мезгилдерине
карата даярдоо боюнча
ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтомунун редакциясына ылайык)
| Иш-чаралардын планы | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар | |
|---|---|---|---|
| 1 | Облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү боюнча туруктуу иштөөчү штабдар түзүлсүн, ай сайын алардын жыйналыштарында калктын отун менен камсыз болушуна жана жарандардын жеңилдиктери бар категорияларына каражаттарды өз убагында бөлүп берүүгө өзгөчө көңүл буруу менен жылуулук берүү сезонуна карата даярдыктын жүрүшү каралсын | 2010-жылдын 1-июнуна чейин | Облустук мамлекеттик администрациялар (облмамадминистра- циялар), Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, министрликтердин, ведомстволордун, отун-энергетика комплекстери ишканаларынын (мындан ары - ОЭК ишканалары) өкүлдөрүнүн катышуусу менен |
| 2 | Нарын жана Сырдарыя өзөндөрүнүн бассейининдеги суу-энергетикалык жөнгө салууну рационалдуу пайдалануу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу максатында Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын жана Түркмөнстандын суу чарба жана суу-энергетика тармактарынын жетекчилеринин жана эксперттеринин кеңешмеси өткөрүлсүн | 2010-жылдын 1-сентябрына чейин | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги |
| 3 | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын кесилишинде отун-энергетика теңдеменин аткарылышынын мониторингин жүргүзүү | Квартал сайын | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, облмамадминистра- циялар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары |
| 4 | Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө жараша облустардын жана бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын кесилишинде электр энергиясын пландуу керектөөнүн корректировкасын жүргүзүү | Зарылдыгына жараша | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
| 5 | Бюджеттик уюмдардын электр энергиясын алар үчүн белгиленгенден ашыкча керектөөсүнө жол бербөө боюнча такай көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу | Дайыма | Министрликтер, ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекция (мындан ары - ЭМИ) |
| 6 | 2010/2011-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыктын жүрүшүн көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ түзүлсүн | 2010-жылдын 1-августуна чейин | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, ОЭК ишканалары |
| 7 | "НЭСК" ААК системалык операторуна бөлүштүрүүчү электркомпаниялардын жана ири өнөр жай ишканаларынын электрэнергиясынын жана кубаттуулугун керектөөсүнүн суткалык графиктерин өз убагында берүүлөрүн камсыз кылуу | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, "Электр станциялар" ААК жана "НЭСК" ААК, "Түндүк электр" ААК, "Чыгыш электр" ААК, "Ош электр" ААК, "Жалал-Абад" электр" ААК (макулдашуу боюнча) |
| 8 | Бөлүштүрүүчү электрокомпаниялары керектелген электрэнергиясы жана (же) аны жеткирүү боюнча кызматтар үчүн өз убагында төлөбөгөндө нормативдик техникалык документтерге жана түзүлгөн контракттардын шарттарына ылайык бөлүштүрүүчү электркомпанияларына электрэнергиясын берүүгө чектөө киргизүү | Дайыма | "Электр станциялар" ААК жана "НЭСК" ААК, "Түндүк электр" ААК, "Чыгыш электр" ААК, "Ош элетр" ААК, "Жалал-Абад" электр" ААК (макулдашуу боюнча) |
| 9 | Республиканын энергосистемасынын Борбор Азиялык Бирдиктүү энергетикалык системанын курамында үзгүлтүксүз жарыш иштөөсү жана борбор-азиялык мамлекеттердин энергосистемалары жана "Энергия" координациялык-диспетчердик борбору менен өз ара аракеттенүүсү камсыз кылынсын | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги "НЭСК" ААК, "Электр станциялар" ААК (макулдашуу боюнча) |
| 10 | Электр менен жабдууда үзгүлтүккө жол бербөөчү электр кабылдагычтарды дизелдик (бензиндик) генераторлор же аккумулятордук батереялар түрүндөгү өз алдынча иштөөчү электр жабдуучу булактар менен жабдуу камсыз кылынсын | 2010-жылдын 1-сентябрына чейин | Министрликтер, ведомстволор, облмамадминистрация- лар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ЭМИ |
| 11 | (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтомунун редак- циясына ылайык) | ||
| 12 | (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтомунун редак- циясына ылайык) | ||
| 13 | Электр энергиясын керектөөнүн белгиленген режимин бузганда жана электр жылуулук жабдуусун өзү билемдик менен кошуп алганда үч фазалык кирмеси бар керектөөчүлөрдү өчүрүүнү жана техникалык шарттарды жоюну жүргүзүү | Дайыма | "Электр станциялар" ААК, "НЭСК" ААК, "Түндүк электр" ААК, "Чыгыш электр" ААК, "Ош электр" ААК, "Жалал-Абад элекр" ААК, (макулдашуу боюнча), ЭМИ |
| 14 | (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 202 токтомунун редак- циясына ылайык) | ||
| 15 | Көмүр кендери иштетилген аймактарда жылуулук энергиясын иштеп чыгуу боюнча электр булактарын катуу отунду пайдаланууга которуу боюнча жумуштарды улантуу | Дайыма | Министрликтер, администрациялык ведомстволор, облмамадминистрация- лар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, "Кыргызжилкоммун- союз" МИ, "Бишкекжылуулук" МИ |
| 16 | Курулуш нормаларында жана эрежелеринде (КНжанаЭ) жылуулук тутумдарын долбоорлоодо электр энергиясына альтернативалык отундун түрлөрүн колдонууну кароону милдеттендирген талаптарды алдын ала кароо | Дайыма | Мамархкурулуш |
| 17 | Өнөр жайлык, жылуулук жана ведомстволук казандар 2010-2011-жылдардын күз-кыш мезгилдеринде иштетүүгө даярдалсын | 2010-жылдын 20-сентябрына чейин | Министрликтер, ведомстволор, облмамадминистрация- лар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, "Кыргызжилкоммун- союз" МИ, "Бишкекжылуулук" МИ |
| 18 | Бюджеттик уюмдар керектеген электр, жылуулук энергиялары жана жаратылыш газы үчүн төлөп берүүлөр толук өлчөмдө жана артыкчылыктуу тартибинде жүзөгө ашырылсын | Дайыма | Министрликтер, ведомстволор, облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөттөрү |
| 19 | Дебитордук карыздары болгон керектөөчүлөргө электр, жылуулук энергияларын жана жаратылыш газын берүүгө жол берилбесин | Дайыма | ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
| 20 | Өткөн 2009-2010-жылдардын жылуулук берүү сезонунда аларды ташып жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүү менен камтылбаган калктуу конуштардын тургундары үчүн катуу отундарды сатып өткөрүү боюнча кошумча базаларды жана түйүндөрдү түзүү камсыз кылынсын | Дайыма | Облустук, райондук мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөттөрү, "Көмүр" МИ |
| 21 | Калкка катуу отундарды сатуу боюнча отун базаларына жана түйүндөрүнө көмүрдү ташып жеткирүү камсыз кылынсын жана атамекендик көмүр казып алуучу ишканаларга ташып жеткирүү жана сатып өткөрүү үчүн шарттар түзүлсүн | 2010-жылдын 1-сентябрына 2011-жылдын 1-мартына чейин | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, айыл өкмөттөрү, "Көмүр" МИ, көмүр казып алуучу ишканалар (макулдашуу боюнча) |
| 22 | Калкка жана бюджеттик уюмдарга катуу отун сатуу боюнча отун базаларына жана түйүндөрүнө кыргыз көмүрүн ташып жеткирүүнү өз убагында теске салуу жана көзөмөлдөө камсыз кылынсын; Энергетика министрлигине тийиштүү маалыматтар берилсин | Дайыма жума сайын | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги, "Көмүр" МИ, министрликтер, ведомстволор, облмамадминистрация- лар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары |
| 23 | Атамекендик өндүрүштүн көмүрлөрүн отун базаларына, ошондой эле төмөнкү керектөөчүлөргө ташып жеткирүү камсыз кылынсын: - түзүлгөн келишимдерге ылайык министрликтерге жана ведомстволорго; - "Кыргызкжилкоммунсоюз" МИ көмүр даярдоонун жылдык планынын 25%нан кем эмес өлчөмүндө; - Бишкек шаарынын ТЭЦине 2009-жылкы түзүлгөн келишимдердин мөөнөтүн узартууну эсепке алуу менен 100 миң тоннадан кем эмес өлчөмдө | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги, "Көмүр" МИ, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, "Электр станциялар" ААК (макулдашуу боюнча) "Кыргызжилкоммун- союз" МИ, министрликтер жана ведомостволор, көмүр казып алуучу ишканалар (макулдашуу боюнча) |
| 24 | Түзүлгөн келишимдерге ылайык ташып жеткирилген көмүр үчүн көмүр казып алуучу ишканаларга дебитордук карыздарын жоюуга бюджеттен көмөк көрсөтүлсүн | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги, "Көмүр" МИ, "Электр станциялар" ААК (макулдашуу боюнча), "Кыргызжилкоммун- союз" МИ |
| 25 | Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн мазут сатып алуунун көлөмү көбөйтүлсүн | Дайыма | "Электр станциялар" ААК (макулдашуу боюнча), "Кыргызжилкоммун- союз" МИ |
| 26 | Көрсөтүлгөн эсептерге ылайык республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен бюджеттик уюмдарга продукция ташып жеткирүүчү жергиликтүү товар өндүрүүчүлөр үчүн катуу отундун дүң баасы бекитилсин | 2010-жылдын 1-июлуна чейин | Мамлекеттик монополияга каршы агенттик |
| 27 | Кыдырып учуу жана башка техникаларды колдонуу мүмкүн болбогон жерлерге жайгашкан электр берүүчү линиялардын аварияларын жоюуда жабдууларды жана адистерди жеткирүү үчүн авиациялык техника камсыз кылынсын | Зарылдыгына жараша | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, "НЭСК" ААК (макулдашуу боюнча) |
| 28 | "НЭСК" ААК жана "Электр станциялары" тарабынан жүргүзүлгөн табигый кырсыктардын натыйжасында (жер көчкү, сел, кар көчкү, тоо сууларынын ташкыны ж.б.) кыйраган же зыянга учураган объекттерди калыбына келтирүү боюнча авариялык-калыбына келтирүүчү оңдоо жумуштарын иш жүзүндөгү чыгымдардын чектеринде өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу фондунан каржылоо камсыз кылынсын | Зарылдыгына жараша | Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
| 29 | Алдыда турган күз-кыш мезгилдерин ийгиликтүү өтүү боюнча, отунду жана энергияны рационалдуу жана натыйжалуу колдонуу боюнча, ошондой эле энергияны сактоо жана отун даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин зарылдыгы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен калк арасында түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлсүн | Дайыма | Облмамадминистрация- лар, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
| 30 | Бюджеттик уюмдарга энергия сактоочу лампаларды сатууну жолго коюу боюнча тиешелүү маркетингдик жана уюштуруу иштери жүргүзүлсүн | Дайыма | Кыргыз Республикасынын Экономиканы жөнгө салуу министрлиги, "МС ЭЛЗ", "БМЗ" ААК (макулдашуу боюнча) |
| 31 | Жабдууларды жана продукцияларды даярдоодо билдирмелер ата-мекендик ишканаларга жайгаштырылсын | Дайыма | ОЭК ишканалары (макулдашуу боюнча) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (12)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы №202 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндөПостановление · 09.09.2010 · № 202
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 25-октябрындагы № 2675-VI "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча…Постановление · 25.10.2018 · № 2675-VI
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №331 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарынын жана калкынын 2010/2011-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жана абалы жөнүндөПостановление · 17.12.2010 · № 331
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 13-январындагы № 98-V "2010-жылдын 16-июнундагы № 88 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010/2011-жылы күзгү-кышкы…Постановление · 13.01.2011 · № 98-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 887-V "2011-жылдын 13-январындагы № 98-V "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2010-2011-жылы күзгү-кышкы…Постановление · 30.06.2011 · № 887-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 6-октябрындагы № 1095-V "2011-жылдын 1-октябрына карата өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал жана 2011-2012-жылдардын күзгү-кышкы мезгилине…Постановление · 06.10.2011 · № 1095-V
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2013 года № 241 "Об итогах аудита Счетной палатой Кыргызской Республики отчета об исполнении республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 06.05.2013 · № 241 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы №198 "2010/2011-жылдын жылытуу мезгилинен ишенимдүү өтүү үчүн «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун отун сатып алышы жөнүндө"…Постановление · 09.09.2010 · № 198 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-августундагы №176 "2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 26.08.2010 · № 176 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 602 ""Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 23.09.2011 · № 602 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-сентябрындагы №202 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2010/2011-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндөПостановление · 09.09.2010 · № 202
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2011/2012-жылдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдоо жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2011 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №14 "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги №135 "Токтогул суу сактагычында зарыл болгон суунун көлөмүн топтоо жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактары…Постановление · 09.04.2008 · № 135