Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын укуктары
Күчүн жоготкон · 05.07.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июля 2022 года № 57.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 февраля 2014 года № 31
Улуттук коопсуздук органдары өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарыш үчүн:
1) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары тарабынан улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарды табуу, алдын алуу, тыюу салуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туулгандыгы жөнүндөгү маалыматтарды алуу максаттарында жана чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк иштерине каршы күрөштү камсыз кылуу боюнча оперативдүү-иликтөө иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүгө; Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарыш үчүн жарандардын өз макулдугу боюнча жардамын пайдаланууга;
2) мыйзам боюнча улуттук коопсуздук органдарынын укугуна кирген кылмыштарды табуу, алдын алуу, бетин ачуу максаттарында зарыл болгон тергөө иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүгө;
3) мыйзам бекиткен тартипте, жаза катары камакка алынган адамдарды жана улуттук коопсуздук органдары тарабынан кармалган кылмыш кылууга шектүү адамдарды жайгаштырыш үчүн убактылуу кармоочу изоляторлорду жана тергөө изоляторун колдонууга;
4) өз күчүндөгү мыйзамдарга ылайык кылмыш кылууга шектүү же кылмыш кылган жарандардын документтерин текшерүүгө; мыйзам боюнча улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыш кылган же кылмыш кылууга аракеттенген адамдарды кармоого, зарыл учурларда өзүн, кармоо мезгилинде алар колдонгон транспорт каражаттарын кароого, ошондой эле өзүмдүк буюмдарын жана документтерин кароого жана алып коюуга;
5) кызмат максаттарында алардын менчиктик формаларына карабастан, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, аскер түзүлүштөрүнө, коомдук бирикмелерге тиешелүү болгон байланыш каражаттарын тоскоолсуз колдонууга;
6) кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда алардын менчиктик формаларына карабастан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, аскердик түзүлүштөргө, коомдук бирикмелерге жана жарандарга (дипломатиялык, консулдук жана башка чет өлкөлүк мекемелердин, эл аралык уюмдардын транспорт каражаттарынан тышкары) тиешелүү болгон транспорт каражаттарын, кылмышты болтурбай коюу, кылмыш кылган же кылмыш кылууга шектүү адамдарды кармоо, кармалган адамдарды кармоо жайына жеткирүү, ошондой эле кылмыш же кырсык болгон жерге баруу, медициналык жардамга муктаж болгон жарандарды дарылоо жайларына жеткирүү үчүн колдонууга; транспорт каражаттарынын ээлеринин талабы боюнча улуттук коопсуздук органдары мыйзам бекиткен тартипте аларга чыгашанын же келтирген зыяндын ордун толуктап беришет;
7) улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштардын профилактикасын ишке ашырууга; мыйзамга ылайык профилактикалык таасир берүү, анын ичинде жарандарга официалдуу эскертүү формасында чараларды көрүүгө;
8) компетенциясынын чегинде мамлекеттик сырлардын сакталышын, байланыштын атайын түрлөрүнүн жана шифрдик иштердин корголушун, министерстволордун, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана башка мамлекеттик органдардын, менчиктик формаларына карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, аскердик түзүлүштөрдүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка маселелердин чечилишин контролдоону ишке ашырууга; улуттук коопсуздук кызыкчылыгына тиешелүү табылган кемчиликтерди жоюу боюнча сунуш киргизүүгө, тиешелүү чара көрүүнү жана улуттук коопсуздук органдарга аткарылышы тууралуу маалымат берүүнү талап кылууга;
8.1. Маалыматтык-телекоммуникациялык системалардын, шифрленген, жашыруундалган системалардын жана атайын байланыштын башка түрлөрүнүн криптографиялык жана инженердик-техникалык коопсуздукту камсыз кылууда талаптардын аткарылышына мамлекеттик контролду, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан мамлекеттик органдардын жана уюмдардын шифрдик бөлүмдөрүндө жана анын чегинен сырттагы мекемелеринде шифрленген маалыматтар менен иштөөдө жашыруун режимди сактоого контролду, ошондой эле өзгөчө маанидеги объектилерди (жайларды) жана андагы техникалык каражаттарды техникалык каналдар аркылуу маалыматтардын жайылып кетишинен коргоону камсыз кылууга контролду ишке ашыруу.
9) министерстволордон, мамлекеттик комитеттерден, административдик ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан, ошондой эле менчиктик формаларына карабастан республиканын аймагында жайгашкан ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан жана юридикалык тараптардан, аскердик түзүлүштөрдөн жана коомдук бирикмелерден улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарыш үчүн зарыл болгон маалыматтарды талап кылууга жана бекитилген тартипте алууга;
10) улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарга тыюу салууда жана кылмышка шектүү адамдардын артынан түшүүдө кечеңдетүү граждандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган учурларда граждандарга таандык турак жайларга жана башка аймактарга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын орун жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө. Көрсөтүлгөн аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга жатат;
11) алардын баш ийүүсүнө жана менчиктик формаларына карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилерин, кызматкерлеринен жана башка жумушчуларынан, ошондой эле өзүмдүк, эмгек жана ишкердүүлүктүн башка түрлөрүндө иштеген адамдардан текшерилген иш-аракеттерге тиешелүү маалыматтарды, документтерди талап кылууга жана алууга;
12) мамлекеттик, кооперативдик, коомдук мүлктүн санын ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын эсептик жана отчеттук маалыматтары менен салыштырууга; текшерүү, инвентаризация жана ревизия жүргүзүүнү талап кылууга, бекитилген тартипте өткөрүлүп жаткан иш-чараларга катышууга адистерди чакырууга;
13) мыйзамда бекитилген тартипте финансы-кредиттик мекемелерден юридикалык тараптардын, адамдардын операциялары, эсептери, салынган акчалары боюнча маалымат алууга; кассаларды, акча материалдык-соода баалуу буюмдардын жана документтерди сактоочу башка жайларды печаттоого, алардын сакталышын камсыз кылуучу башка чараларды көрүүгө; продукциянын, жарым фабрикаттын, сырьенун үлгүлөрүн алууга;
14) Кыргыз Республикасынын күчүндөгү мыйзамдарынын негизинде өз компетенциясынын чегинде буйруктарды, көрсөтүүлөрдү чыгарууга, алардын аткарылышын камсыз кылууга, уюштурууга жана текшерүүгө;
15) республиканын аймагында бекитилген эрежелерди бузуп иштеген радиоэлектрондук каражаттарды, пайдаланууга, ошондой эле бекитилген талаптарды бузуп аткарылып жаткан мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар менен иштөөгө тыюу салууга;
16) улуттук коопсуздук органдарынын иш-аракеттерине тиешелүү оперативдүү, тергөө жана башка материалдарды сактоону ишке ашырууга, аларды эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу тартибин бекитүүгө; маалыматтар системасын түзүүгө;
17) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сиңирген эмгеги үчүн улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана башка адамдарды моралдык жана материалдык жактан сыйлоого; мыйзам тарабынан бекитилген тартипте аларды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүгө;
18) улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери коомдук транспорттун: шаардык, шаардын четинде жана жергиликтүү транспорттун (таксиден тышкары) бардык түрлөрүндө, айыл жеринде ыгы келген транспортто акысыз жүрүүгө, ошондой эле анын бардык түрлөрүнө жол документтерин кезексиз алууга жана командировкалык күбөлүк боюнча мейманканаларга жайгашууга укуктуу.
(КР 2009-жылдын 6-февралындагы № 39, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225, 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) IV бөлүк Улуттук коопсуздук органдарынын күчтөрү жана каражаттары
Берененин тексти 05.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 февраля 2014 года № 31 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 ноября 2011 года № 225 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 октября 2011 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 февраля 2009 года № 39 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-мартындагы № 110 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары…Постановление · 07.02.2022 · № 50
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-сентябрындагы № 441 "Ишкердик субъекттерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү маселелери боюнча Кыргыз…Постановление · 22.09.2018 · № 441
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын жарандарынын айрым категорияларына жалпы…Постановление · 03.07.2013 · № 398
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 737 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 22.10.2012 · № 737 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 431 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2015 · № 431 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/710/st-16" title="16-статья - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>