Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-10-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2012-жылдын 22-октябры № 737 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 1994-ж., № 5, 153-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Мамлекеттик сырды сактоонун системасы (жашырындуулуктун тартиби) - ченемдик укуктук актылар менен белгиленген мамлекеттик сырлардын сакталышын жана корголушун камсыз кылуунун бирдиктүү тартиби.".
2. 2-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2-берене. Мамлекеттик сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдар
Мамлекеттик сырларды коргоонун укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.".
3. 8-беренеде:
1) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Маалыматты мамлекеттик сырларга таандык кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Мамлекеттик сырларды түзгөн башкы маалыматтардын тизмесинин негизинде иштерде, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын жашыруундуулугунун даражасын аныктоо жана белгилөө тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт.".
2) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Жашырындуулукка алууга жаткан маалыматтардын тизмеси Мамлекеттик сырды түзгөн башкы маалыматтардын тизмесинин негизинде иштелип чыгат жана тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан бекитилет.".
4. 10-берененин 5-бөлүгүндө:
1) биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин органдары" деген сөздөр "улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) төртүнчү абзацындагы "туруктуу комиссияларынын" деген сөздөр "комитеттеринин" деген сөз менен алмаштырылсын.
5. 11-берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген мамлекеттик сырлар менен иштөө үчүн медициналык жактан каршы көрсөткүчтөргө ээ болгондор;".
6. 14-беренеде:
1) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"14-берене. Мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары";
- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик сырларды коргоо алкагында төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды аткарат:
- мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү саясатты жүргүзөт;
- маалыматты мамлекеттик сырга таандык кылуу боюнча ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдардын тизмесин бекитет;";
- экинчи бөлүктүн биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
7. 15-беренеде:
1) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"15-берене. Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик сырды коргоо системасындагы ыйгарым укуктары";
2) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн компетенциясынын чегинде:".
8. 16-берененин 1-бөлүгүндө:
1) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;";
2) төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын.
9. 17-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17-берене. Жашыруун маалыматты башка мамлекетке өткөрүп берүү
Жашыруун маалыматты башка мамлекетке өткөрүп берүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, өткөрүп берилүүчү жашыруун маалыматты коргоо боюнча тараптардын милдеттери каралган эл аралык келишимдер эсептелет.".
10. 18-беренедеги "мамлекеттер аралык макулдашуулардын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген мамлекеттер аралык келишимдердин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Мыйзамынын долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Күчүндөгү редакциясы | Сунушталган редакциясы |
|---|---|
| 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Мамлекеттик сыр - Кыргыз Республикасында сакталуучу жана бир жерден бир жерге берилүүчү, коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына тиешелүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жана аны аткаруу үчүн иштелген атайын тизме жана эреже менен чектөөчү, мамлекеттин көзөмөлүндө турган маалыматтар. Маалыматты жашырындоо - маалыматтын жайылтылышын чектөө боюнча мамлекет тарабынан белгиленген иш-чаралардын жыйындысы. Маалыматтын жашырындуулугун ачуу - маалыматтардын жайылтылышын чектөөнү алып салуу боюнча мамлекет тарабынан белгиленген иш-чаралардын жыйындысы. [Мамлекеттик сырды сактоонун системасы (жашырындуулуктун тартиби) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана мамлекеттик бийлик органдарынын башка нормативдүү актылары менен белгиленген мамлекеттик сырды сактоо жана сактоону камсыз кылуунун жалпы тартиби.] Жашырын сырды таратуу - кызматы же иши боюнча белгиленген тартипте ишенип берилген тиешелүү маалымат кызмат адамдары же граждандар тарабынан атайы же байкоосуздан укукка каршы иш жасап, жашыруун маалыматты ага уруксат берилбеген адамдарга билдиргенде, бергенде, көрсөткөндө, жибергенде, жарыялаганда же башка жолдор менен жеткиргенде же маалыматтын жашырындуулугун алып жүрүүчү маанисин жоготкондо. Уруксат берүү - мамлекеттик сыры бар маалыматтар менен таанышууга белгиленген тартипте уруксат берүү. Чектөөчү белги - жашырын маалыматка же аны коштоочу документке сөзсүз коюлуучу, анда камтылган маалыматтарды пайдалануунун өзгөчө тартибин аныктоочу белги. | 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Мамлекеттик сыр - Кыргыз Республикасында сакталуучу жана бир жерден бир жерге берилүүчү, коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына тиешелүү, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жана аны аткаруу үчүн иштелген атайын тизме жана эреже менен чектөөчү, мамлекеттин көзөмөлүндө турган маалыматтар. Маалыматты жашырындоо - маалыматтын жайылтылышын чектөө боюнча мамлекет тарабынан белгиленген иш-чаралардын жыйындысы. Маалыматтын жашырындуулугун ачуу - маалыматтардын жайылтылышын чектөөнү алып салуу боюнча мамлекет тарабынан белгиленген иш-чаралардын жыйындысы. МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ САКТООНУН СИСТЕМАСЫ (ЖАШЫРЫНДУУЛУКТУН ТАРТИБИ) - ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАР МЕНЕН БЕЛГИЛЕНГЕН МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫН САКТАЛЫШЫН ЖАНА КОРГОЛУШУН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН БИРДИКТҮҮ ТАРТИБИ. Жашырын сырды таратуу - кызматы же иши боюнча белгиленген тартипте ишенип берилген тиешелүү маалымат кызмат адамдары же граждандар тарабынан атайы же байкоосуздан укукка каршы иш жасап, жашыруун маалыматты ага уруксат берилбеген адамдарга билдиргенде, бергенде, көрсөткөндө, жибергенде, жарыялаганда же башка жолдор менен жеткиргенде же маалыматтын жашырындуулугун алып жүрүүчү маанисин жоготкондо. Уруксат берүү - мамлекеттик сыры бар маалыматтар менен таанышууга белгиленген тартипте уруксат берүү. Чектөөчү белги - жашырын маалыматка же аны коштоочу документке сөзсүз коюлуучу, анда камтылган маалыматтарды пайдалануунун өзгөчө тартибин аныктоочу белги. |
| [2-статья. Мамлекеттик сырды сактоо жөнүндөгү мыйзамдар Мамлекеттик сырды сактоонун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен чет мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн эл аралык келишимдер түзөт.] | 2-БЕРЕНЕ. МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ КОРГОО ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДАР МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ КОРГООНУН УКУКТУК НЕГИЗДЕРИН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫ, УШУЛ МЫЙЗАМ, БАШКА ЧЕНЕМДИК УКУКТУК АКТЫЛАР, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН ЖАНА МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР ТҮЗӨТ. |
| 8-статья. Маалыматты мамлекеттик сырдын катарына кошуу жана аны жашырындуулукка алуунун тартиби [Маалыматты мамлекеттик жашырын сырдын катарына кошуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген колдонуудагы Мамлекеттик сырды түзгөн башкы маалыматтардын тизмесинин жана тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун жетекчилери тарабынан бекитилген Жашырындоого жаткан маалыматтардын тизмесинин негизинде иштерде, документтерде жана буюмдарда камтылган маалыматтардын жашырындуулук деңгээлин аныктоонун жана белгилөөнүн тартиби жөнүндөгү жобого ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган мамлекеттик органдары Кыргыз Республикасында укуктук жана жеке жактардын менчиги болуп саналган жана ушул Мыйзамдын 5-статьясынын талаптарына жооп берген маалыматтарды менчик ээлеринин чыгашасын толуктоо менен жашырууга жана аны ачыка чыгарууга укуктуу.] Маалымат ээлери маалыматты жашыруу жана аны ачыкка чыгаруу боюнча мыйзамга ылайык эмес аракеттерге Жогорку сотко даттанууга укуктуу. | 8-берене. Маалыматты мамлекеттик сырларга таандык кылуу жана аны жашырындуулукка алуунун тартиби МААЛЫМАТТЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРГА ТААНДЫК КЫЛУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ ТҮЗГӨН БАШКЫ МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИНИН НЕГИЗИНДЕ ИШТЕРДЕ, ДОКУМЕНТТЕРДЕ ЖАНА БУЮМДАРДА КАМТЫЛГАН МААЛЫМАТТАРДЫН ЖАШЫРУУНДУУЛУГУНУН ДАРАЖАСЫН АНЫКТОО ЖАНА БЕЛГИЛӨӨ ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨ ЖОБОГО ЫЛАЙЫК ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. ЖАШЫРЫНДУУЛУККА АЛУУГА ЖАТКАН МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИ МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ ТҮЗГӨН БАШКЫ МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИНИН НЕГИЗИНДЕ ИШТЕЛИП ЧЫГАТ ЖАНА ТИЕШЕЛҮҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. ЖАШЫРЫНДУУЛУККА АЛУУГА ЖАТКАН МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИ МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ ТҮЗГӨН БАШКЫ МААЛЫМАТТАРДЫН ТИЗМЕСИНИН НЕГИЗИНДЕ ИШТЕЛИП ЧЫГАТ ЖАНА ТИЕШЕЛҮҮ ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛЕТ. Маалымат ээлери маалыматты жашыруу жана ачыкка чыгаруу боюнча мыйзамга ылайык эмес болгон аракеттерге Жогорку сотко даттанууга укуктуу. |
| 10-берене. Мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берүүнүн тартиби Мамлекеттик сырды сактоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын граждандарына атайы уруксат берилет. Ошондой эле эмгек келишими түзүлгөнгө чейин, ошол граждандарга байланыштуу алардын өз каалоосу менен жазуу жүзүндө берилген макулдугу боюнча текшерүү чаралары жүргүзүлөт. Эмгек келишиминде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруудагы граждандардын милдети; ошол маалыматты таратпоо жөнүндө милдеттенме; мамлекеттик сыр менен иштөөгө байланышкан чектөөлөр. Граждандарга кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү болгон мамлекеттик сыр катары эсептелген маалымат гана берилиши зарыл. Кыргыз Республикасынын граждандары администрациянын мамлекеттик сырды сактоого байланышкан эмгек келишиминин шарттарын бузуучу чечимдерине жогору турган органдарга же сот тартибинде даттанууга укуктуу. Мамлекеттик сырды билүүгө [Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук боюнча комитетинин органдары] менен макулдашуусуз жана сырды таратпоо жөнүндө милдеттенмесиз: Кыргыз Республикасынын Президентине; Жогорку Кеңешинин Төрагасына, анын орун басарларына; Жогорку Кеңештин [туруктуу комиссияларынын төрагаларына]; Премьер-министрге, өкмөт мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин аныктоосу менен аларга тең укук берилген кызмат адамдарына жана алардын орун басарларына; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына (Жогорку Кеңеш берген укук боюнча) жол берилет. | 10-берене. Мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берүүнүн тартиби Мамлекеттик сырды сактоо боюнча кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын граждандарына атайы уруксат берилет. Ошондой эле эмгек келишими түзүлгөнгө чейин, ошол граждандарга байланыштуу алардын каалоосу менен жазуу жүзүндө берилген макулдугу боюнча текшерүү чаралары жүргүзүлөт. Эмгек келишиминде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруудагы граждандардын милдети; ошол маалыматты таратпоо жөнүндө милдеттенме; мамлекеттик сыр менен иштөөгө байланышкан чектөөлөр. Граждандарга кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү болгон мамлекеттик сыр катары эсептелген маалымат гана берилиши зарыл. Кыргыз Республикасынын граждандары администрациянын мамлекеттик сырды сактоого байланышкан эмгек келишиминин шарттарын бузуучу чечимдерине жогору турган органдарга же сот тартибинде даттанууга укуктуу. Мамлекеттик сырды билүүгө УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИН ТЕЙЛЕГЕН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРЫ менен макулдашуусуз жана сырды таратпоо жөнүндө милдеттенмесиз: Кыргыз Республикасынын Президентине; Жогорку Кеңешинин Төрагасына, анын орун басарларына; Жогорку Кеңештин КОМИТЕТТЕРИНИН төрагаларына; Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин аныктоосу менен аларга тең укук берилген кызмат адамдарына жана алардын орун басарларына; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына (Жогорку Кеңеш берген укук боюнча) жол берилет. |
| 11-берене. Жашырын сырга уруксат берүүнү чектөөнүн же токтотуунун шарттары Кыргыз Республикасынын төмөндөгү граждандарына мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берилбейт: - чет өлкөдө туруктуу жашап турган же тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын граждандыгынан чыгуу, чет өлкөнүн граждандыгын алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылгандарга; - мамлекетке каршы кылмыш жана өзгөчө коркунучтуу кылмыш жасагандыгы үчүн иши сотто жана тергөөдө тургандар, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алынып ташталбагандар; [- мамлекеттик сырлар менен иштөөгө медициналык жактан шай келбегендер. Анда шаа келбестиктин тизмеси Юстиция министрлиги менен макулдашылып, Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бекитилет;] - мамлекеттик сыр менен таанышуу боюнча өзү жөнүндө кабыл алууга таасирин тийгизүүчү жалган маалымат бергендер. Чет өлкөлүктөргө жана граждандыгы жок адамдарга мамлекеттик жашырын сыр менен таанышууга жол берилбейт. Граждандарга жашырын маалыматтарды алууга жол берүү мамлекеттик органынын, ишкананын, мекеменин, уюмдун жетекчисинин чечими боюнча төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн; - уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу эмгек келишими (контракт) бузулганда; - жашырын маалыматты сактоого байланышкан эмгек келишими (контракт) одоно жана дайыма бузулганда. Граждандарга жашырын маалыматты алууга жол берүүнү токтотуу граждандар менен эмгек келишимин (контрактты) бузуу үчүн негиз болуп саналат. Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жашыруун сыр менен таанышууну Кыргыз Республикасынын гражданын өзүнө белгилүү болгон мамлекеттик сырды таратпоо милдетинен бошотпойт. | 11-берене. Жашырын сырга уруксат берүүнү чектөөнүн же токтотуунун шарттары Кыргыз Республикасынын төмөндөгү граждандарына мамлекеттик сыр менен таанышууга уруксат берилбейт: - чет өлкөдө туруктуу жашап турган же тиешелүү мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын граждандыгынан чыгуу, чет өлкөнүн граждандыгын алуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылгандарга; - мамлекетке каршы кылмыш жана өзгөчө коркунучтуу кылмыш жасагандыгы үчүн иши сотто жана тергөөдө тургандар, атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган же алынып ташталбагандар; - ТИЗМЕСИ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН БЕКИТИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАР МЕНЕН ИШТӨӨ ҮЧҮН МЕДИЦИНАЛЫК ЖАКТАН КАРШЫ КӨРСӨТКҮЧТӨРГӨ ЭЭ БОЛГОНДОР; - мамлекеттик сыр менен таанышуу боюнча өзү жөнүндө кабыл алууга таасирин тийгизүүчү жалган маалымат бергендер. Чет өлкөлүктөргө жана граждандыгы жок адамдарга мамлекеттик жашырын сыр менен таанышууга жол берилбейт. Граждандарга жашырын маалыматтарды алууга жол берүү мамлекеттик органынын, ишкананын, мекеменин, уюмдун жетекчисинин чечими боюнча төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: - уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу эмгек келишими (контракт) бузулганда; - жашырын маалыматты сактоого байланышкан эмгек келишими (контракт) одоно жана дайыма бузулганда. Граждандарга жашырын маалыматты алууга жол берүүнү токтотуу граждандар менен эмгек келишимин (контрактты) бузуу үчүн негиз болуп саналат. Жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жашыруун сыр менен таанышууну Кыргыз Республикасынын гражданын өзүнө белгилүү болгон мамлекеттик сырды таратпоо милдетинен бошотпойт. |
| [14-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик жашырын сырды сактоо системасындагы бийлик-укуктары Кыргыз Республикасынын Президенти: - мамлекеттик сырды сактоо системасында бирдиктүү улуттук саясатты аныктайт; - маалыматты жашырууга жана ачыкка чыгарууга укугу бар мамлекеттик органдардын тизмесин бекитет; - Өкмөттүн сунушу боюнча маалыматтарды мамлекеттик жашырын сырга таандык деп эсептөө боюнча бийлик-укук берилген мамлекеттик бийлик органдардын кызмат адамдарынын тизмесин бекитет.] [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:] - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка норматив актыларынын аткарылышын жана мамлекеттик жашырын сырды сактоо маселелеринде мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга жетекчиликти камсыз кылат; - бул иштин структурасын, уюштуруу тартибин, ишин, финансыланышын жана материалдык-техникалык камсыз кылынышын, ошондой эле мамлекеттик сырларды сактоо боюнча бөлүмчөлөрдү жоюуну аныктайт; - Мамлекеттик жашырын сырды түзгөн эң башкы маалыматтардын тизмесин иштеп чыгат жана бекитет; - Ачыкка чыгарууга болбогон маалыматтардын тизмесин бекитет; - жашырын маалыматтарды биргелешип пайдалануу жана сактоо жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды түзөт, аны башка мамлекеттерге берүүгө көзөмөл жүргүзөт; - мамлекеттик жана аскердик жашырын сырды түзгөн маалыматтар менен туруктуу негизде иштөөгө киргизилген адамдар үчүн жеңилдиктерди берүүнүн өлчөмүн жана тартибин белгилейт; - жашырын маалыматты таратуунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктайт; - республикада мамлекеттик сырды сактоо боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жана ишти уюштурууга тиешеси бар министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин катышуусу менен Координациялык кеңешти түзөт. | 14-БЕРЕНЕ. МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ КОРГОО ЧӨЙРӨСҮНДӨ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ КОРГОО АЛКАГЫНДА ТӨМӨНКҮДӨЙ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРДЫ АТКАРАТ: - МАМЛЕКЕТТИК СЫРЛАРДЫ КОРГОО ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ САЯСАТТЫ ЖҮРГҮЗӨТ; - МААЛЫМАТТЫ МАМЛЕКЕТТИК СЫРГА ТААНДЫК КЫЛУУ БОЮНЧА ЫЙГАРЫМ УКУКТАР БЕРИЛГЕН МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДАРДЫН ТИЗМЕСИН БЕКИТЕТ; КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН. - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, башка норматив актыларынын аткарылышын жана мамлекеттик жашырын сырды сактоо маселелеринде мекемелерге, ишканаларга жана уюмдарга жетекчиликти камсыз кылат; - бул иштин структурасын, уюштуруу тартибин, ишин, финансыланышын жана материалдык-техникалык камсыз кылынышын, ошондой эле мамлекеттик сырларды сактоо боюнча бөлүмчөлөрдү жоюуну аныктайт; - Мамлекеттик жашырын сырды түзгөн эң башкы маалыматтардын тизмесин иштеп чыгат жана бекитет; - Ачыкка чыгарууга болбогон маалыматтардын тизмесин бекитет; - жашырын маалыматтарды биргелешип пайдалануу жана сактоо жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууларды түзөт, аны башка мамлекеттерге берүүгө көзөмөл жүргүзөт; - мамлекеттик жана аскердик жашырын сырды түзгөн маалыматтар менен туруктуу негизде иштөөгө киргизилген адамдар үчүн жеңилдиктерди берүүнүн өлчөмүн жана тартибин белгилейт; - жашырын маалыматты таратуунун натыйжасында келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктайт; - республикада мамлекеттик сырды сактоо боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жана ишти уюштурууга тиешеси бар министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин катышуусу менен Координациялык кеңешти түзөт. |
| [15-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук боюнча комитетинин мамлекеттик сырды сактоо системасындагы бийлик-укуктары] [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук боюнча комитети өз компетенциясынын чектеринде:] - мамлекеттик сырдын сакталышын, байланыштын атайын түрлөрүнүн жана шифрлөө иштеринин коопсуздугун, чет өлкөлүк чалгындоонун техникалык каражаттарына каршы аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн көзөмөлдү уюштурат; - мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда жана бирикмелерде жашырындуулуктун тартибин текшерүүнү жүзөгө ашырат; - мамлекеттик жана аскердик сырды түзгөн маалыматтар менен иштөөгө уруксат берүүдө Кыргыз Республикасынын граждандарын текшерүү иш-чараларын жүргүзөт; - мамлекеттик сырды сактоо маселелеринде мамлекеттик органдарга, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана бирикмелерге методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына мамлекеттик сырды сактоо боюнча иштердин жыйынтыктары жөнүндө билдирет. | 15-БЕРЕНЕ. УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИН ТЕЙЛЕГЕН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАНДЫН МАМЛЕКЕТТИК СЫРДЫ КОРГОО СИСТЕМАСЫНДАГЫ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИН ТЕЙЛЕГЕН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН ӨЗҮНҮН КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН ЧЕГИНДЕ: - мамлекеттик сырдын сакталышын, байланыштын атайын түрлөрүнүн жана шифрлөө иштеринин коопсуздугун, чет өлкөлүк чалгындоонун техникалык каражаттарына каршы аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн көзөмөлдү уюштурат; - мамлекеттик органдарда, ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда жана бирикмелерде жашырындуулуктун тартибин текшерүүнү жүзөгө ашырат; - мамлекеттик жана аскердик сырды түзгөн маалыматтар менен иштөөгө уруксат берүүдө Кыргыз Республикасынын граждандарын текшерүү иш-чараларын жүргүзөт; - мамлекеттик сырды сактоо маселелеринде мамлекеттик органдарга, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана бирикмелерге методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына мамлекеттик сырды сактоо боюнча иштердин жыйынтыктары жөнүндө билдирет. |
| 16-берене. Мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуучу органдар Мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуучу органдар төмөнкүлөр: [- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук боюнча комитети;] - министрлердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын режимдик-жашырын бөлүмчөлөрү; [- ачык жарыялоодо мамлекеттик, аскердик жана кызматтык жашырын сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгаруудан сактоо боюнча координациялык, консультативдик жана көзөмөлдүк ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлик.] Мамлекеттик сырды сактоо - аларга ээ болгон Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын, ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын, бирикмелеринин, ошондой эле кызмат адамдарынын жана граждандарынын милдети. | 16-берене. Мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуучу органдар Мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуучу органдар төмөнкүлөр: - УЛУТТУК КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИН ТЕЙЛЕГЕН ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ МАМЛЕКЕТТИК ОРГАН; - министрлердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын режимдик-жашырын бөлүмчөлөрү; - КҮЧҮН ЖОГОТТУ ДЕП ТАБЫЛСЫН; Мамлекеттик сырды сактоо - аларга ээ болгон Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын, ишканаларынын, мекемелеринин, уюмдарынын, бирикмелеринин, ошондой эле кызмат адамдарынын жана граждандарынын милдети. |
| [17-берене. Жашырын маалыматты башка мамлекетке берүү] [Башка мамлекетке жашырын маалыматты берүүгө негиз болуп аны менен түзүлгөн макулдашуу саналат, ал кабыл алган тараптын ага берилген жашырын маалыматты сактоо боюнча милдеттенмесин кароого тийиш.] | 17-БЕРЕНЕ. ЖАШЫРУУН МААЛЫМАТТЫ БАШКА МАМЛЕКЕТКЕ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ ЖАШЫРУУН МААЛЫМАТТЫ БАШКА МАМЛЕКЕТКЕ ӨТКӨРҮП БЕРҮҮ ҮЧҮН НЕГИЗ БОЛУП КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН ЖАНА МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН, ӨТКӨРҮП БЕРИЛҮҮЧҮ ЖАШЫРУУН МААЛЫМАТТЫ КОРГОО БОЮНЧА ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ КАРАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР ЭСЕПТЕЛЕТ. |
| 18-берене. Башка мамлекеттердин жашырын сырын сактоо Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте берилген башка мамлекеттердин же мамлекеттердин бирикмелеринин жашырын сыры ушул Мыйзам менен мамлекеттер [аралык макулдашуулардын] негизинде сакталат. | 18-берене. Башка мамлекеттердин жашырын сырын сактоо Кыргыз Республикасына белгиленген тартипте берилген башка мамлекеттердин же мамлекеттердин бирикмелеринин жашырын сыры ушул Мыйзам менен мамлекеттер КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КАТЫШУУЧУСУ БОЛГОН ЖАНА МЫЙЗАМДА БЕЛГИЛЕНГЕН ТАРТИПТЕ КҮЧҮНӨ КИРГЕН МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР негизинде сакталат. |
"
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" мыйзам долбоору Юстиция министрлигинин алдындагы ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишинин алкагында иштелип чыккан. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-, 17- жана 18-беренелерин Конституциянын 6-беренесине ылайык келтирүү сунушталууда, ага ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Буга кошумча ушул Мыйзамды "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамга ылайык келтирүү сунуш кылынууда, ага ылайык министрликтер жана ведомстволор ченемдик укуктук актыларды чыгаруу боюнча ыйгарым укуктарын жоготуп олтурушат. Мындан тышкары Конституцияда Президенттин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси аныкталгандыктан, Мыйзам долбоору аркылуу жогоруда аталган Мыйзамдын 14-беренесине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Ошону менен бирге "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамдын 16-беренесинин мамлекеттик сырлардын сакталышы камсыз кылынышына көзөмөлдүк кылуу боюнча функциялар улуттук коопсуздук органдарынын ыйгарым укуктарына кирээри көрсөтүлгөн жобосун эске алуу менен, мыйзам долбоору аркылуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-абзацын күчүн жоготту деп табуу сунушталууда. Ошондой эле мыйзам долбоору аркылуу "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча бир кыйла редакциялык түзөтүүлөр, анын ичинде мамлекеттик органдын конкреттүү аталышын "________ тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген жалпыланган аталышка өзгөртүү жаатында түзөтүүлөр киргизилүүдө. Ошону менен бирге көрсөтүлгөн долбоорду коомдук талкуулоонун жүрүшүндө эч кандай сунуштардын жана сын-пикирлердин келип түшпөгөндүгүн белгилейбиз. Ошондой эле, ушул долбоордун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерин алып келбей тургандыгын айта кетүүгө болот. Мындан тышкары улуттук жана эл аралык мыйзамдардын колдонуудагы ченемдерин талдоонун жыйынтыгы боюнча сунушталган мыйзам долбоорундагы ченемдер колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга карама-каршы келбей тургандыгын белгилей кетебиз. Ал эми ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча каржы каражаттарын талап кылбай тургандыгын кошумча билдире кетмекчибиз.
Министрдин орун басары
Ж.Мамбеталиева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 2533-V "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 29.11.2012 · № 2533-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 14-февралындагы №2770-V "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 14.02.2013 · № 2770-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 4-апрелиндеги №2959-V "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 04.04.2013 · № 2959-V
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- О защите государственных секретов Кыргызской РеспубликиЗакон · 14.04.1994 · № 1476-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1362-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.