15-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын милдеттери
Күчүн жоготкон · 05.07.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 5 июля 2022 года № 57.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 февраля 2014 года № 31
15-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 15-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Улуттук коопсуздук органдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугун камсыз кылуу кызыкчылыгында:
1. Чалгындоо жана каршы чалгындоо иштерин, экстремисттик ишке каршы аракеттерди жүзөгө ашырышат; чет өлкөлүк мамлекеттердин атайын кызматтарынын жана уюмдарынын чалгындоо-бүлүндүрүүчүлүк иштерине, терроризмге, коррупцияга, контрабандага жана наркобизнеске каршы күрөшүүнү жүргүзүшөт, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн мыйзамга каршы кол салуудан коргоого катышат.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча улуттук коопсуздук органдарынын тергөө укугуна кирген кылмыштарды табуу, алдын алуу жана тыюу салуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырышат; кылмыш кылган же кылмыш кылууга шектүү адамдарга карата оперативдүү-техникалык жана башка каражаттарды колдонуу менен оперативдүү-иликтөө, алгачкы текшерүү жана алдын ала тергөө жүргүзүү иштерин жүзөгө ашырышат; бул адамдардын эсебин жүргүзөт.
3. Мамлекеттик сырды коргоо системасын уюштурат, компетенттүү бийлик органдарынын суроо талаптары боюнча жашыруун маалыматтарды алууга жол берүү жөнүндөгү маселенин белгиленген тартипте чечилгендигине байланыштуу айрым адамдар жөнүндө маалымат берет, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга катышат.
4. Кыргыз Республикасынын өкмөтү аныктаган тизмеге ылайык, коргоо өнөр жай объекттерин, транспортту, байланышты, финансы-кредиттик системаны жана стратегиялык объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышат жана жүзөгө ашырат; темир жол жана аба транспортунда атайын жүк ташуулардын коопсуздугун камсыз кылууга катышат.
5. Илим-изилдөө уюмдары менен бирдикте улуттук коопсуздук кызыкчылыгына тиешелүү коомдук процесстер менен проблемаларды изилдөөнү жана прогноздоону жүргүзөт; чалгындоонун жана каршы чалгындоонун талаптарын канааттандыруу максатында маалымат-аналитикалык иштерди жүргүзөт; автоматташтырылган маалымат-аналитикалык системаларды иштеп чыгууну, өндүрүштөн чыгарууну жана пайдаланууну жүзөгө ашырат.
6. Стратегиялык объекттерде жана аскер объекттеринде массалык тополоң жана улуттар аралык чырларды, өзгөчө окуяларды алдын алуу, тыюуу жана чектөө иштерине катышат.
7. Кыргыз Республикасынын мамлектеттик чек арасын коргоодо чек ара аскерлерине көмөк көрсөтүшөт.
8. Согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын башкаруу жайларынын иштөөгө даярдыгын камсыз кылуу боюнча өз компетенциясына жараша чараларды иштеп чыгат, өздөрүнүн мобилизациялык даярдыгын уюштурушат жана камсыз кылат.
9. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан ички аскердин, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
10. Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүчү маанилүү мамлекеттик жана коомдук-саясий иштердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча оперативдүү чараларды жүзөгө ашырат; республикада жүргөн убагында башка мамлекеттердин мамлекеттик жана коомдук ишмерлерин, ошондой эле ички иштер органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары аккредиттеген айрым чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү коргоого катышат.
11. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жарандарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук жана башка мекемелеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат.
12. Кылмыш же болбосо жазык иши жөнүндө арыз (билдирүү) өндүрүшүндө турган соттун (судьянын), прокурордун, алгачкы текшерүү органынын башчысынын же тергөөчүнүн чечимине ылайык жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөргө, жабырлануучуларга жана башка катышуучуларга карата коопсуздук чаралары жүзөгө ашырылат.
13. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет мамлекетке кетүү, ошондой эле чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын келүү-кетүү, республиканын аймагында жүрүү маселелери боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга катышат.
14. Атайын байланыш (өкмөттүк, шифровкаланган, жашыруун) түрлөрүнүн, ошондой эле шифровкаланган жана дешифровкаланган иштердин корголушун камсыз кылат; улуттук коопсуздукту камсыз кылуу таламында атайын техниканы иштеп чыгууга жана түзүүгө катышат.
14-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасына алып келүүгө жана анын чегинен тышкары төмөнкүлөрдү алып кетүүгө, транзитке, ошондой эле аларды Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп чыгууга, өндүрүүгө, сатууга, сатып алууга уруксаттарды контролдоону жана берүүнү жүзөгө ашырат:
- шифрлөө каражаттарын жана аларга карата ченемдик-техникалык документтерди;
- маалыматты жашыруун алуу үчүн арналган атайын техникалык каражаттарды.
15. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылууга тикеден-тике багытталган башка милдеттерди аткарат.
16. Өз коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
17. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарына улуттук коопсуздук кызыкчылыгына тиешелүү маселелер боюнча үзгүлтүксүз маалымат берип турат.
18. Мамлекеттик коргоо объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.
Ушул Мыйзамда каралган учурларды албаганда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери маскачан жүрүүгө укугу жок жана жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкери кызматтык күбөлүгүн көрсөтүүдөн баш тартса, ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн учурларды албаганда, жаран улуттук коопсуздук органдарынын кызматкеринин талаптарына баш ийбөөгө укуктуу. Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери атайын операцияларды өткөрүүдө, кылмыш кылган адамдарды кармоодо, барымтага алынгандарды куткарууда, кармалгандарды, камакка алынгандарды жана соттолгон адамдарды коштоп жүрүүдө жана кайтарууда гана маскачан жүрө алат. (КР 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 153, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 225, 2014-жылдын 18-февралындагы № 31 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 05.07.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 февраля 2014 года № 31 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 ноября 2011 года № 225 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 октября 2011 года № 178 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 сентября 2011 года № 153 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 июля 2008 года № 143 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/710/st-15" title="15-статья - Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>