Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 5 июля 2022 года № 57 "Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-07-05.
КР 2022-жылдын 5-июлундагы № 57 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 26-сентябры № 153 "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин ишин уюштуруу
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетин төрага башкарат, ал МУККга жүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алат. МУККнын төрагасы жана анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. МУККнын төрагасынын орун басарларынын кызмат ордуна (чек ара аскеринин командачысын кошпогондо) улуттук коопсуздук органдарында 10 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн адамдар дайындалат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде Коллегия түзүлөт.".
2. 15-статья төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18. Мамлекеттик коргоо объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырат.".
2-берене.
Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 05.07.2022 · № 57
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1362-XII · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 28 августа 2018 года № 404 "О проекте Закона Кыргызской Республики" Об органах национальной безопасности Кыргызской Республики"Постановление · 28.08.2018 · № 404 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөЗакон · 05.07.2022 · № 57