Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 27 мая 2015 года № 5134-V "О признании утратившим силу постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики "О продлении срока действия паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 1994 года" № 295-V от 14 апреля 2011 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-27.
КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 27-майындагы № 5134-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-апрели № 295-V 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында жана ID паспортторунун кемчиликтерин жана Кыргыз Республикасынын жаранынын негизги документинин институттук жана укуктук негизин өзгөртүү боюнча реформаларды жүргүзүүнүн зарылдыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун жаңы үлгүсү бекитилгенге чейин узартып, мында Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун жаңы үлгүсү бекитилгенге чейин бузулгандарды (химиялык, механикалык жана башка бузуулар) албаганда колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун мөөнөтү узартылууга тийиш экендигин эске алсын.
2. Кыргыз Республикасынын 65 жаш курагынан улгайган жарандарынын паспортторунун колдонуу мөөнөтү чектелбөөгө тийиш экендиги белгиленсин.
3. 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу берилген арызга ылайык жарандын каалоосу боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан акысыз жүзөгө ашырылат.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортту колдонуу мөөнөтүн узартууну өтүнгөн жарандарга зарыл шарттарды түзсүн жана аларды натыйжалуу тейлөөнү уюштурсун.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун жаңы үлгүсү бекитилгенге чейин узартылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрликтерине маалымдасын.
6. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (А.Б.Баатырбеков) жүктөлсүн.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 27-майындагы № 5134-V "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 27.05.2015 · № 5134-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-апрели № 341-V "2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн…Постановление · 21.04.2011 · № 341-V
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы №213 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун…Постановление · 13.05.2011 · № 213 · Күчүн жоготкон