Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2015-жылдын 27-майы № 5134-V "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу Кыргыз Республикасынын жарандарын паспорт менен камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурда кабыл алынган чечимдерин тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1994-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспорттору бар 60 жаш куракка чыккан жарандардын арасында паспортторун Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна акысыз негизде алмаштыруунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн; Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторун Кыргыз Республикасынын жаранынын 2014-жылдын үлгүсүндөгү паспортуна акысыз алмаштыруу боюнча чаралардын комплексин 3 айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана кабыл алсын; өзүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтомуна ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары
Т. Зулпукаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-апрели № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2011 · № 295-V · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-апрели № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2011 · № 295-V · Күчүн жоготкон