Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V „1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 21-апрели № 341-V 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2011-жылдын 14-апрелиндеги № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1 жана 2-пункттар бириктирилүү менен төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтү 60 жаш курагына чейинки жарандар үчүн 2011-жылдын 31-декабрына чейин узартыларын, ал эми 60 жаш курагынан улгайган жарандардын паспортторунун колдонуу мөөнөтү чектелбегендигин белгилесин.".
2. 3 жана 4-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 2 жана 3-пункттар деп эсептелинсин.
3. 5-пункт 4-пункт деп эсептелинсин жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тышкы иштер министрликтерине 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтү ушул токтомго ылайык узартылгандыгы жөнүндө маалымдасын.".
4. 6 жана 7-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 5 жана 6-пункттар деп эсептелинсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 14-апрели № 295-V "1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2011 · № 295-V · Күчүн жоготкон