Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кенешинин «Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонуунун тартиби тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Жогорку Кенеша КР от 21 мая 2014 года № 4057-V "О признании утратившим силу постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики "О порядке применения Кодекса Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике" № 130-V от 28 января 2011 года"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2014-05-21.
КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 21-майындагы № 4057-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2011-жылдын 28-январы № 130-V Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонуунун тартиби тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүлгөндүгүнө, ошондой эле башка жагдайларга байланыштуу азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыктан мандаттар бош калды. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кодекстин 78-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык талапкерлердин тизмеси боюнча саясий партиялардын ортосунда депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнүн натыйжасында шайланган депутат мөөнөтүнөн мурда чыгып калган учурда анын мандаты Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча ошол эле тизмедеги шайлангандардан кийинки талапкерге өткөрүлүп берилет. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында түзүлгөн бош калган мандатты ээлөөнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Андан тышкары "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Конституция күчүнө киргенге чейин колдонууда болгон мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кодекс Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун тартибин, анын сандык курамын, депутаттыкка талапкерге карата курактык цензди, ошондой эле парламентте мандаттардын 65инен ашыкты алган саясий партия үчүн сандык эң чоң босого бөлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук акты түрүндөгү бөлүктө гана Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келет. Калган бөлүгүндө Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кодекс Кыргыз Республикасынын Конституциясына, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында түзүлгөн бош калган мандатты ээлөө тартибинин бөлүгүндө каршы келбейт, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясы шайлоо процессинин тартибин деталдаштырбайт. Конституциялык мыйзам менен мыйзам бири-биринен кабыл алынуу тартиби жана анын натыйжасы катары юридикалык күчүнүн даражасы менен айырмаланаарын, башкача айтканда мыйзамдарды кабыл алуу квалификациялык добуш берүүнү талап кылбагандыгын, конституциялык мыйзамдар Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүгү менен кабыл алынаарын да белгилей кетүү зарыл. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыктан бош калган мандаттарды ээлөөнүн тартибин аныктаган конституциялык мыйзам кабыл алынганга чейин депутаттын бош калган мандатын ээлөөдө Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин ченемдерин колдонсун.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине (Г.А.Скрипкина) жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.Келдибеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 4-мартындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо…Постановление · 04.03.2011 · № 10
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 5-мартындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКеңешинин депутатын каттоо…Постановление · 05.03.2011 · № 12
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 9-мартындагы № 14 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо…Постановление · 05.03.2011 · № 14
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-февралындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын каттоо…Постановление · 14.02.2011 · № 7
Шилтеме берет (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 21-майындагы № 4057-V "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонуунун тартиби тууралуу" Кыргыз…Постановление · 21.05.2014 · № 4057-V
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон