Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 10-марты №152 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 26-декабрындагы №467 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 150 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибине № 1 тиркемеде:
3-мамычанын сегизинчи сабындагы "канцеляриянын начальниги," деген сөздөр алып салынсын; 3-мамычанын үчүнчү сабындагы "сектор башчысы" деген сөздөрдөн кийин", канцеляриянын начальниги" деген сөздөр менен толукталсын;
- көрсөтүлген токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэффициентти колдонуу тартибине № 3 тиркеме:
3-мамычанын бешинчи сабындагы "канцеляриянын начальниги," деген сөздөр алып салынсын; 3-мамычанын үчүнчү сабындагы "бөлүм башчысы (начальник)" деген сөздөрдөн кийин", канцеляриянын начальниги" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда каралган финансылык чыгымдар "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бийликтин соттук тармагы үчүн каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөөрү белгиленсин.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге эмгек акы эсептөөдө эселенген коэфицентти колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө" Өкмөт Үйүнүн 2008 жылдын 16 апрелинен чыккан № 150…Постановление · 16.04.2008 · № 150
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12
- КР Президентинин 2008-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 467 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 26.12.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №150 "Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 07.03.2009 · № 150 · Күчүн жоготкон