Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 февраля 2022 года № 94 "О мерах по реализации требований статей 336 и 345 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-марты №140 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Тамеки буюмдарына акциздик салыктарды башкаруу жол-жоболорун өркүндөтүү жана тамеки рыногунда чекене баалардын мониторингин өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталган токтом менен бекитилген тамеки буюмдарына орточо рыноктук бааларды ай сайын мониторингдөө жана тамеки буюмдарынын категорияларын аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамы ушул токтомдун № 1 тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- аталган токтом менен бекитилген тамеки буюмдарына категориялар боюнча чекене баалардын диапазону ушул токтомдун № 2 тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 140 токтомуна №1 тиркеме
Тамеки буюмдарына орточо рыноктук бааларды ай сайын мониторингдөө жана тамеки буюмдарынын категорияларын аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин комплекстүү талдоо бөлүмүнүн начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин акциздик салыктарды контролдоо бөлүмүнүн начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин бажылык төлөмдөр башкармасынын тарифтик жөнгө салуу жана салыктар бөлүмүнүн начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин салык салуу, тарифтик жөнгө салуу жана ДСУ маселелери бөлүмүнүн башчысы;
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин фискалдык саясат башкармасынын салык саясаты бөлүмүнүн начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди түзүү саясаты башкармасынын фискалдык мыйзамдар жана баалоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук стандарттар жана метрология институтунун стандартташтыруу башкармасынын эл аралык стандарттар бөлүмүнүн начальниги (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызтамекиси" мамлекеттик акционердик корпорациясынын тамеки тармагы боюнча башкармасынын начальниги (макулдашуу боюнча);
- "Реемтсма-Кыргызстан" ачык акционердик коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Top №otch" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
- "Алкозай СЭЗ" жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Айтмурзаев
Кыргыз Республикасыны Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 140 токтомуна №2 тиркеме
Тамеки буюмдарына категориялар боюнча чекене баалардын ДИАПАЗОНУ
| Тамеки буюмдарынын категориялары | Тамеки буюмдарынын тиби | 1 кутуга чекене баанын диапазону |
|---|---|---|
| I | чыпкасыз, папиростор | бардык чекене баалар |
| II | чыпкалуу | 10,00 сомго чейин чекене баа |
| III | чыпкалуу | 10,01 сомдон 16,00 сомго чейин чекене баа |
| IV | чыпкалуу | 16,01 сомдон 24,00 сомго чейин чекене баа |
| V | чыпкалуу | 24,00 сомдон жогору чекене баа |
| Эскертүү: Сигареттер жана сигариллалардан V категориясы боюнча акциздик салыктар алынат. | ||
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомуПостановление · 11.03.2022 · № 131
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 22.02.2022 · № 94
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 11.03.2022 · № 131
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы №142 ""Бишкек шаарында 2008-жылдын 3-ноябрында кол коюлган өз ара соода преференциялары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Иран…Постановление · 03.03.2009 · № 142
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон