Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Ушул Кодексте пайдаланылуучу негизги терминдер
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2009 года № 20
Ушул Кодексте төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат: үгүт материалдары - шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыган жана шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө жалпыга таркатыла турган, жалпы элге жа- рыя кылына турган басма, аудиовизуалдык жана башка материалдар; жарандардын активдүү шайлоо укугу - мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлоого Кыргыз Респуб- ликасынын жарандарынын укугу; кайрымдуулук иши - жарандарга же юридикалык жактарга мүлктөрдү, анын ичинде акчалай каражаттарын (бекер же жењилдетилген шартта) чын дили менен берүү, иш аткаруу, кызмат көрсөтүү жагынан жасалган ыктыяр- дуу иш; кайрымдуулук уюму - мыйзамдарга ылайык түзүлгөн жана ишинин негиз- ги түрү бүтүндөй алганда коомдун же айрым категориядагы адамдардын та- ламдарында кайрымдуулук ишин жүзөгө ашыруу болуп саналган коммерциялык эмес уюм; жакын туугандары - күйөөсү (аялы), ата-энеси, балдары, бир тууган- дары; жарандардын шайлоо укуктарынын кепилдиги - Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугун камсыз кылуунун уюштуруучулук, укуктук, маа- лыматтык жана башка каражаттары; мамлекеттик кызматчылар - мамлекеттик бюджеттин эсебинен акчалай акы үчүн кызматы боюнча берилген ыйгарым укуктарды туруктуу негизде жүзөгө ашыруу боюнча кесиптик иш аткарган жана анын аткарылышы үчүн жо- оп берген мамлекеттик кызматты ээлеген Кыргыз Республикасынын жаранда- ры; шайлоочунун ким экендигин тастыктоочу документ - Кыргыз Республи- касынын жаранынын паспорту (ID картасы) (мындан ары - паспорт) же аны алмаштыруучу документ. Паспортту алмаштыруучу документтерге булар ки- рет: анык аскердик кызматтагы офицердин күбөлүгү, мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети, пенсиялык күбөлүк, айдоочунун кү- бөлүгү; мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамы - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн иш-милдетин жүзөгө ашырган же болбосо мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында уюштуруу-тескөө, ад- министрациялык-чарбалык иш-милдеттерди аткарган адам; Шайлоочулардын кошумча тизмеси - шайлоочулардын негизги тизмеси алынгандан кийин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан тү- зүлүүчү тизме, ага жарандардын шайлоочулардын негизги тизмесине кирги- зилбей калгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү жүйөлүү арыздарынын негизинде жана тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашагандыгы жөнүндө каттоо белгиси (катталуусу) бар паспортун көрсөткөндөн кийин, же болбосо шай- лоочулардын негизги тизмесинде чындыкка туура келбеген маалыматтар, ошондой эле тизмеден чыгаруу күбөлүгү бар болгондо шайлоочулар жөнүндө маалыматтар киргизилет; бирдиктүү шайлоо округу - өзүнө Кыргыз Республикасынын бүткүл ай- магын камтыган шайлоо округу; шайлоочулар - активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана шайлоочулар- дын тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандары; шайлоо документтери - шайлоочулардын тизмелери (негизги, кошумча), мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси, анык, анык эмес, пайдаланылбаган (керектен чыгарылган), бузулган (каталар менен толту- рулган) бюллетендер, ошондой эле шайлоочуларга мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн жана шайлоо участкасынын имаратынан тышкары добуш берүү үчүн берилген бюллетендер, тизмеден чыгуу күбөлүктөрү, шайлоо комиссиялары- нын протоколдору, шайлоонун маселелери боюнча алардын чечимдери, талап- керди каттоо документтери, добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө жыйынды таблицалар, "Шайлоо" автоматтык тутумуна киргизилген маалыматтардын ылайыктыгынын актылары, шайлоо округдарынын, участкаларынын тизмелери жана схемалары; шайлоо комиссиялары - шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган жана камсыз кылган коллегиялык органдар; жарандардын шайлоо укуктары - Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор- гандарына шайлоого жана шайланууга, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүү- гө, шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоону өткөрүүгө байкоо жүргүзүүгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнү жана шайлоонун на- тыйжаларын аныктоону кошуп алганда шайлоо комиссияларынын ишине байкоо жүргүзүүгө, ошондой эле башка шайлоо аракеттерине катышууга укугу: маалыматтык программа - күндөлүк окуялар менен жањылыктар жөнүндө маалыматтардан турган мезгил-мезгили менен берилүүчү теле- жана радиоп- рограмма; шайлоолорду маалымат жагынан камсыз кылуу - жарандардын өз эркин ањ-сезимдүү билдиришине, шайлоолордун маалымдуулугуна өбөлгө болуучу шайлоочуларды маалымдоо жана шайлоо алдындагы үгүт; шайлоочуларга маалымдоо - мамлекеттик бийлик органдарынын, жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын, жалпы- га маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жана жеке жактардын шайлоо кам- паниясынын мезгилинде маалыматты даярдоо жана таратуу боюнча иши, ал шайлоочулардын шайлоого катышуусуна, жарандардын ањдап-түшүнүү менен добуш беришине, шайлоонун маалымдуулугуна түрткү болот, буга талапкерди (талапкерлердин тизмелерин) шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болгон натыйжаларын, тигил же бул талапкерди (талапкерлердин тизмелерин) жак- тап же аларга каршы үгүт жүргүзүүнү, талапкерлердин кимдир-бирине (та- лапкерлердин тизмелерине) карата артыкчылык берүүнү билдирүүнү камты- ган, талапкерлердин, саясый партиялардын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкер аброюн кетирген маалыматтар, ошондой эле талапкерлер (талапкер- лердин тизмелери) жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтары кирбейт; талапкер - шайлоо аркылуу мамлекеттик бийлик органында же жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органында кызмат ордун ээлөөгө талапкер ка- тары ушул Кодексте белгиленген тартипте көрсөтүлгөн адам; эл аралык байкоочу - мыйзамда белгиленген тартипке ылайык Кыргыз Республикасында шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байкоо жүргүзүү уку- гуна ээ болгон чет өлкөлүк же эл аралык уюмдун өкүл адамы; убактылуу турган жери - мейманкана, санаторий, эс алуу үйү, панси- онат, туристтик база, оорукана, башка ушул сыяктуу мекеме, ошондой эле жарандын туруктуу жашаган жери болуп саналбаган турак жай; жашаган жери - туруктуу же көпчүлүк учурда турган турак үй, квар- тира, кызматтык турак жай, адистештирилген үйлөр (жатакана, карылар үчүн атайын үй, майыптар, ардагерлер үчүн жатак үйлөр ж.б.), ошондой эле жаран жалдоо (кошумча жалдоо) келишими, аренда келишими боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка негиздерде менчик ээси катары турган турак жайлар; көп мандаттуу шайлоо округу - бир нече депутат шайланып, алардын ар бирине шайлоочулар жекече добуш бере турган шайлоо округу; муниципалдык кызматчы - муниципалдык кызмат ордун ээлеген, кызмат орду боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акы алуу менен туруктуу негизде кесиптик иш-аракеттерди жүр- гүзгөн жана алардын аткарылышы үчүн жооп берген Кыргыз Республикасынын жараны; байкоочу - талапкер, саясый партия, коммерциялык эмес уюм тарабы- нан ушул Кодексте каралган тартипте добуш берүүнүн өткөрүүгө, добуштар- ды эсептөөгө, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөгө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоого байкоо жүргүзүү үчүн дайындалган адам; коммерциялык эмес уюм - коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга ылайык түзүлгөн жана ушул Кодексте белгиленген чектерде шайлоого катыш- кан уюм; мамлекеттик бийлик органдары - Кыргыз Республикасынын Конституция- сына жана мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана ыйгарым бийлик укуктарын жүргүзүүчү органдар; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - шайлануучу коллегиялуу органдар, алар түздөн-түз жергиликтүү жамаат тарабынан шайлануучу жана жергиликтүү маанидеги иштерди башкаруу боюнча ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү кењештин депутаттарынан турат; шайлоочулардын негизги тизмеси - шайлоочулардын тизмеси, аны жа- рандарды каттоо (эсепке алуу) органдарынан алынган жазуу жүзүндөгү маа- лыматтардын негизинде системалык администратор түзөт, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчылары, жергиликтүү мамлекеттик администраци- ялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, аскер бөлүктөрүнүн командирлери кол коет жана ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө тиешелүү шайлоо комис- сияларына берет; жарандардын пассивдүү шайлоо укугу - Кыргыз Республикасынын жаран- дарынын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча баш- каруу органдарына шайланууга укугу; туруктуу жашаган жери - адамдын ким экендигин тастыктаган доку- ментте каттоо органынын каттоо белгиси бар жарандын Кыргыз Республика- сынын аймагында жашаган жери; укук коргоо органдары - ички иштер, улуттук коопсуздук, финансылык полиция, прокуратура, бажы инспекциясы, юстиция органдары, ошондой эле бањги заттарга контролдук кылуу боюнча органдар; шайлоо алдындагы үгүт - Кыргыз Республикасынын жарандарынын, та- лапкерлердин, талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын, саясый партиялардын шайлоо кампаниясынын мезгилинде маалы- матты даярдоо жана таратуу боюнча иши, ал шайлоочуларды тигил же бул талапкерлерди (талапкерлердин тизмесин) жактап же аларга каршы добуш берүүгө түртүү максатын көздөйт же ага түртөт; талапкердин өкүлү - шайлоо комиссиясынын кењеш берүү добуш укугу бар мүчөсү, ал катталган талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү, ишенимдүү адамы, байкоочусу; саясый партиянын өкүлү - шайлоо комиссиясынын кењеш берүү добуш укугу бар мүчөсү, ал талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиянын атынан иш алып баруучу ыйгарым укуктуу өкүл, ишенимдүү адам, байкоочу; көпчүлүк убакта жашаган жери - Кыргыз Республикасынын чегинен тыш- кары жерде жүргөн жарандын өндүрүштүк, илимий, кызматтык же башка иши менен байланышкан жашаган жери; системалык администратор - тийиштүү шайлоо комиссиясында "Шайлоо" автоматташтырылган маалымат тутумунун комплексинин иштешин камсыз кылу- учу адис; мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулардын тизмеси - шайлоочу- лардын тизмеси, ал добуш берүү күнүнө чейин 9-1 күн калганда тиешелүү округдук шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт, ага негизделген жазуу жү- зүндөгү арыздын жана ушул Кодексте белгиленген тиешелүү документтерди көрсөтүүнүн негизинде мөөнөтүнөн мурда добуш берген шайлоочулар жөнүндө маалыматтар киргизилет; талапкерлердин тизмеси - пропорциялуу система боюнча шайлоодо сая- сый партия көрсөткөн талапкерлердин шайлоо комиссиясы тарабынан каттал- ган бирдиктүү тизмеси. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II глава Шайлоо комиссиялары
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2009 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каттал-
ган бирдиктүү тизмеси.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы алынып салынды: N кошулду: № 20 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II глава
Шайлоо комиссиялары
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>