Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин 8, 23-беренесинин 3-пункту жана 40-беренесинин 3-пунктун колдонуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2010-жылдын 30-сентябры № 292 Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин 8, 23-беренесинин 3-пункту жана 40-беренесинин 3-пунктун колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо Кодексинин 8-беренесин бирдей колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин 8, 23-беренесинин 3-пункту жана 40-беренесинин 3-пунктун колдонуу жөнүндө Түшүндүрмө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү К.С.Сооронкуловго жүктөлсүн.
Төрага
А.Сариев
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 30-сентябрындагы № 292 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Шайлоо кодексинин 8, 23-беренесинин 3-пункту жана 40-беренесинин 3-пунктун колдонуу жөнүндө
ТҮШҮНДҮРМӨ
Ушул Түшүндүрмө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын суроо салуусуна берилген расмий билдирүүлөрдү эсепке алуу менен иштелип чыкты.
1. Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин (мындан ары - Шайлоо кодекси) 40-беренесинин 3-пунктуна ылайык, шайлоо бюллетендери шайлоочулардын негизги же кошумча тизмелерине киргизилген шайлоочуларга паспортун же шайлоочунун өздүгүн ырастаган документин көрсөткөндө берилет.
2. Шайлоо кодексинин 8-беренесине ылайык, шайлоочунун өздүгүн ырастаган документтер болуп, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта) жана аны алмаштыруучу төмөнкүдөй документтер:
1) анык аскер кызматындагы офицердин күбөлүгү;
2) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети;
3) пенсиялык күбөлүк;
4) айдоочунун күбөлүгү
саналат.
3. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, жарандын өздүгүн ырастоочу документтер болуп, ушул түшүндүрмөнүн 2-пунктунда саналып берилген документтерден тышкары төмөнкүлөр да эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуна ылайык);
2) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (2000-жылдын 17-июлундагы № 61 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 42-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-июлундагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобого, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобого ылайык);
3) Дипломатиялык паспорт (Мыйзамдын 42-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-июнундагы № 218 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2007-жылкы үлгүдөгү дипломатиялык паспорту жөнүндө жобого ылайык);
4) Кызматтык паспорт (Мыйзамдын 42-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы № 105 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылкы үлгүдөгү кызматтык паспорту жөнүндө жобого ылайык);
5) Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүнүн күбөлүгү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-майындагы № 375 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын өздүгүнүн күбөлүгү жөнүндө жобого ылайык).
4. Кыргыз Республикасынын аймагында шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине добуш берүү күнүнө чейин киргизилген шайлоочуларга добуш берүү бюллетени төмөнкүдөй документтерди көрсөткөндө берилет:
а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта);
б) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту;
в) белгиленген үлгүдөгү өздүк күбөлүгү;
г) анык аскер кызматындагы офицердин күбөлүгү;
д) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети;
е) пенсиялык күбөлүк;
ж) айдоочунун күбөлүгү.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары шайлоочулардын негизги же кошумча тизмесине добуш берүү күнүнө чейин киргизилген шайлоочуларга шайлоо бюллетени төмөнкүдөй документтерди көрсөткөндө берилет:
а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID) карта;
б) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту;
в) 2004, 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт;
г) 2007-жылкы үлгүдөгү дипломатиялык паспорт;
д) 2008-жылкы үлгүдөгү кызматтык паспорт;
е) анык аскер кызматындагы офицердин күбөлүгү;
ж) мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчысынын аскердик билети;
з) пенсиялык күбөлүк;
и) айдоочунун күбөлүгү.
6. Шайлоо кодексинин 23-беренесинин 5-пунктуна ылайык, шайлоочу кошумча тизмеге төмөнкүдөй документтерди көрсөткөндө киргизилет:
а) Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карта);
б) Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылкы үлгүдөгү колдонуу мөөнөтү бүтө элек паспорту - каттоо белгиси (катталуусу болгондо);
в) белгиленген үлгүдөгү өздүк күбөлүгү.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Јкмјтінін 20067-жылдын 10-ноябрындагы №787 Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттјлүшүн жана…Постановление · 10.11.2006 · № 787
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
- Постановление Правительства КР от 27 июля 2004 года №557 "Об утверждении Положения, описания и образца паспорта гражданина Кыргызской Республики образца 2004 года и Положения…Постановление · 27.07.2004 · № 557
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-мартындагы №105 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 2008-жылдын үлгүсүндөгү кызматтык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн…Постановление · 28.03.2008 · № 105 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 22 мая 2004 года №375 "Об утверждении Положения об удостоверении личности гражданина Кыргызской Республики"Постановление · 22.05.2004 · № 375 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы №424 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтомуПостановление · 03.07.2009 · № 424 · Күчүн жоготкон