Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
50-берене. Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү финансылык жактан
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
камсыз кылуу
1. Шайлоо комиссияларынын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чы-
гымдары республикалык бюджеттин жана шайлоо комиссияларынын атайын фон- ддорунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Чет мамлекеттер, чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар, эларалык уюмдар, Кыргыз Республи- касында катталган чет өлкөлүк жарандар жана юридикалык жактар катышуу- чусу болуп саналган юридикалык жактар кандай гана формада болбосун шай- лоону каржылоого жол берилбейт, буга шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, маалыматтык, билим берүү, илим-изилдөө программаларын, шайлоону техни- калык жактан даярдоону, шайлоочулардын укуктук маданиятын жогорулатууну финансылоо кирбейт.
2. Кезектеги шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө каражат бөлүү
кезектеги финансы жылына республикалык бюджетте өзүнчө сапта каралат. Шайлоону өткөрүүгө каражаттар шайлоо дайындалган күндөн тартып 10 ка- лендарлык күндөн кечиктирбестен шайлоо комиссияларынын карамагына келип түшөт жана алар тарабынан төмөн турган шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрүлөт.
3. Эгерде шайлоону финансылоо республикалык бюджеттин каражаттары-
нын эсебинен жүргүзүлбөсө, ошондой эле тиешелүү шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча төмөн турган шайлоо комиссияларынын ишине жетекчилик кы- луу жүктөлгөн шайлоо комиссиясына каражаттар өз учурунда которулбаса, бул чыгымдар банктардын кредиттеринин эсебинен төлөнөт, алар шайлоо ко- миссиясына конкурстук негизде берилет. Мында каражаттардын жол берилген көлөмү тиешелүү дењгээлдеги шайлоо комиссиясынын мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүчтүн эњ аз өлчөмүнүн өзгөрүшүн эске алуу менен мурдагы ушундай шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда каражаттарды чыгымдашы жөнүндө отчетунда камтылган суммадан ашууга тийиш эмес.
4. Алынган кредиттердин, анын ичинде аларга кошулуп эсептелген
пайыздардын орду мамлекеттик бюджеттен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан толтурулат, ал үчүн бул кредиттер карыз милдеттенмеси болуп саналат жана эки жылдан ашпаган мөөнөттө кайра кайтарылууга тийиш. Шай- лоону өткөрүү жылынан кийинки жылга республикалык бюджетти кабыл алуу учурунда бюджетте бул кредиттерди өзүнчө сап менен төлөө каралат. Кре- диттерди кайра кайтаруу ушул Кодекстен улам кепилдик берүү жөнүндө че- чим кабыл албастан бюджет менен кепилдикке алынат.
5. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен шайлоо комисси-
яларынын төмөнкүдөй чыгымдары финансыланат:
1) шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнө, шай-
лоо комиссияларынын аппараттарынын кызматкерлерине эмгек акы (сыйлык акы) төлөөгө, шайлоо комиссияларынын бухгалтерлеринин эмгегине акы тө- лөө, ошондой эле жарандык-укуктук келишим боюнча комиссияларда иштөөгө тартылган жарандарга акы төлөөгө;
2) басылма продукциясын даярдоого жана басма ишин жүзөгө ашырууга;
3) шайлоону жана шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын камсыз
кылуу үчүн зарыл болгон жабдууну (анын ичинде технологиялык жабдууну), башка материалдык байлыктарды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга;
4) шайлоо комиссиялары менен (телефондук, факсимилдик, почталык,
электрондук) байланышты, шайлоону даярдоо жана өткөрүүгө байланышкан транспорт чыгымдарын камсыз кылууга;
5) шайлоо документтерин жеткирүүгө, сактоого, аларды архивге өткө-
рүп берүүгө, даярдоого же жок кылууга;
6) шайлоо участкаларынын, шайлоо округдарынын тизмесин, алардын
чегараларын, даректерин, участкалык шайлоо комиссияларынын курамын көр- сөтүү менен жарыялоого;
7) шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш чараларды камсыз кылуу
максатында шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн иш сапарларына жана жол жүрүү боюнча чыгымдарынын ордун толтурууга;
8) талапкерлерге, талапкерлерди көрсөткөн саясый партияларга акы-
сыз эфир убактысын, акысыз басылма аянтын берүүгө;
9) шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн жалпыга маалымдоо каражат-
тарына жарыялоого;
10) шайлоо күнүнөн мурунку күнү, ошондой эле шайлоо күнү Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөлөрүнө суткалык акы төлөөгө;
11) шайлоо күнү шайлоо комиссияларынын чечүүчү добуш укугу бар мү-
чөлөрүнө, тартылган жарандарга бир адамга суткалык акынын өлчөмүндө та- мак-ашты уюштурууга;
12) шайлоону өткөрүү, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ыйгарым
укуктарын жана ишин камсыз кылуу менен байланышкан башка максаттарга. Шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каражаттарды чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык бөлүнгөн каражаттардын чекте- ринде чыгымдайт. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарын борбордоштурулган тартипте төлөй алат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо ко- миссияларына алардын ыйгарым укуктарын турмушка ашырууда көмөк көрсө- түүгө, атап айтканда, зарыл жабдууну жана телефондоштурулган жайларды акысыз берүүгө, анын ичинде аталган документацияны жогору турган шайлоо комиссияларына же архивге өткөрүп бергенге чейин ал документацияларды сактоого; берилген жайларды жана көрсөтүлгөн документтерди акысыз сак- тоону камсыз кылууга, ошондой эле транспорт каражаттарын, байланыш ка- ражаттарын, техникалык жабдууларды акысыз берүүгө милдеттүү.
6. Тийиштүү шайлоо комиссиясы жогору турган (округдук) шайлоо ко-
миссиясына бул шайлоо комиссиясына шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чы- гымдалышы жөнүндө отчетту шайлоодон кийин 7 календардык күндөн кечик- тирбестен берет. Тийиштүү шайлоо комиссиялары бул комиссияга бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө отчетту Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоодон кийин 20 кален- дарлык күндөн кечиктирбестен берет. Шайлоого республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын фи- нансылык отчеттору тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине берилет.
7. Шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескейт жа-
на финансылык документтер шайлоо комиссияларынын финансылык маселелер боюнча чечимдерине ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-50" title="50-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>