49-берене. "Шайлоо" автоматташтырылган маалымат тутумун пайдалануу
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
49-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 49-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Шайлоонун жүрүшүндө автоматташтырылган маалымат тутумун пайда-
ланган учурда, шайлоо комиссиясы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн ичи- нен автоматташтырылган маалымат тутумунун пайдаланылышына контролдук кылуучу топту түзөт. Шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрү, талапкерлер- дин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партиялардын өкүлдөрү жа- на байкоочулар автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизилген жана андан чыгарылган ар кандай маалымат менен таанышууга укуктуу. Талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партия- лардын өкүлдөрү автоматташтырылган маалымат тутумунун жана анын прог- раммалык камсыздалышынын тактыгына жана шайма-шай экендигине ынана алы- шат.
2. Добуш берүү башталган учурдан тартып протоколго кол коюлганга
чейин Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан автоматташтырылган маалымат тутуму маалыматтарды төмөн турган шайлоо комиссияларынан жогору турган шайлоо комиссияларына берүү жолу менен добуш берүүнүн жүрүшүнө жана на- тыйжасына байкоо жүргүзүү үчүн гана пайдаланылат.
3. Бул убакыттын ичинде жогору турган шайлоо комиссияларынын маа-
лымат борборлорунан төмөн турган шайлоо комиссияларынын маалымат бор- борлоруна маалымат алынгандыгын ырастаган сигналдарды кошпогондо, кан- дайдыр-бир маалыматтарды берүүгө тыюу салынат.
4. Автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу алынган добуш берүү-
нүн жүрүшү жана натыйжасы жөнүндө маалыматтар алдын ала маалымат болуп саналат, ал юридикалык мааниге ээ эмес.
5. Шайлоо комиссиясынын катчысында сакталган шайлоо комиссиясынын
протоколуна автоматташтырылган маалымат тутумуна киргизилген маалымат- тарды камтыган компьютерден басылып чыккан текст тиркелүүгө тийиш. Ком- пьютерден басылып чыккан текст түп нуска экендиги, автоматташтырылган маалымат тутумунун пайдаланылышына контролдук кылуу боюнча топтун мүчө- лөрүнүн жана маалыматты киргизүү үчүн жооптуу адамдын колтамгасы менен ырасталат.
IX глава Шайлоону финансылоо
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-49" title="49-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>