Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 20-марты № 30
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
2008-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-
домосттору, 1993-жыл, № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-
тоо киргизилсин:
1. 16-статьянын биринчи бөлүгүндө "23-статьясында" деген сөздөр
"23-статьянын "а" пунктунда каралган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 23-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"23-статья. Пенсиялардын эњ төмөнкү өлчөмдөрү
Майыптыгы боюнча пенсиялардын эњ төмөнкү өлчөмдөрү төмөндөгүдөй
белгиленет:
а) мөөнөттүү кызмат өтөгөн солдаттардын жана матростордун ичинен
согуштун I топтогу майыптарына эсептик көрсөткүчтүн - 175 пайыз, II
топтогуларга - 150 пайыз, III топтогуларга - 100 пайыз өлчөмүндө;
б) мөөнөттүү кызматтын старшиналарынын, сержанттарынын, ефрейтор-
лорунун жана улук матросторунун ичинен майыптарга - 110 пайыз
өлчөмүндө, прапорщиктердин, мичмандардын жана мөөнөттөн ашык кызматтагы
аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы
кызматтын жана жазык-аткаруу системасынын органдарынын, Кыргыз Респуб-
ликасынын Бањгизатка контролдук боюнча агенттигинин, финансылык полици-
янын, атайын байланыш кызматынын жетекчи жана катардагы курамындагы
адамдарынын ичинен майыптарга - 120 пайыз, ал эми ички иштер органдары-
нын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, жазык-аткаруу системасынын ор-
гандарынын жана мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын Бањгизатка конт-
ролдук агенттигинин, финансылык полициянын, атайын байланыш кызматынын
офицердик курамынын жана жетекчи курамынын (кенже курамдан бөлөк) ичин-
деги майып адамдарга - ушул статьяда каралган мөөнөттүү кызматтагы сол-
даттардын жана матростордун ичинен майыптар үчүн пенсиялардын тийиштүү
эњ аз өлчөмүнүн 130 пайызы;
в) мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен ас-
кердик кызмат өтөп жүргөндө жана Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепе-
тин жоюуга байланыштуу же жарандык же аскердик маанидеги башка атомдук
объекттерде жумуштарды аткарууда же согуштук аракеттерди жүргүзүп жат-
кан өлкөлөрдө интернационалдык милдетти аткарууда майыптык алган (I,
II, III топтор) башка майыптарга - 300 сом өлчөмүндө жана андан кийин
мурунку жылдагы орточо эмгек акынын (республикада иш жүзүндөгү) 15 па-
йызынан кем эмес дењгээлде көмөк көрсөтүлөт.".
3. 39-статья төмөнкүдөй мазмундагы "в" пунктчасы менен толукталсын
"в) аскер кызматын өтөп жүргөндө же Чернобыль АЭСиндеги жана башка
жарандык же аскердик маанидеги атомдук объектилерде болгон кырсыктардын
кесепеттерин жоюуга байланышкан иштерди аткарууда жүргөн мезгилде же
согуштук аракеттерди жүргүзүп жаткан башка өлкөлөрдө интернационалдык
милдет аткарууда каза болгон мөөнөттүү аскердик кызматтагы солдаттардын
жана матростордун үй-бүлөлөрү үчүн - ушул Мыйзамдын 23-статьясынын "в"
пунктуна ылайык чектелген, багуучунун божомолдонгон пенсиясынын 50 па-
йызы.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
Шилтеме берет (1)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194