Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
(Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоонун тартиби жөнүндө Убактылуу жобо
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 257, 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17, 2014-жылдын 24-июнундагы № 144,2015-жылдын 10 сентябрындагы № 181 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Аттестациялык-конкурстук комиссия III. Аттестацияны өткөрүүнү уюштуруу жана анын жол-жобосу IV. Комиссиянын чечимине даттануу 1-тиркеме. Мамлекеттик кызматчынын ишине баа берүүнүн бланкы 2-тиркеме. Балл/сүрөттөлүшү
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык мамлекеттик органдарда администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды (мындан ары - мамлекеттик кызматчы) аттестациялоонун тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик кызматчылардын аттестациялоонун максаты - анын кесиптик кызматтык ишине баа берүүнүн жана кызматтык жактан өсүү келечегинин негизинде ээлеген кызмат ордуна мамлекеттик кызматчынын кесиптик билиминин жана иш-тажрыйбасынын ылайык келишин аныктоо.
Аттестация мамлекеттик кызматчынын кесиптик билимин жана иш-тажрыйбасын аныктоонун формасын аныктоо болуп саналат жана анын кесиптик өнүгүшүнө дем берип, мамлекеттик органдарга анын ишинин натыйжасын аныктайт. Мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо төмөнкүдөй жалпы принциптерде жүргүзүлөт:
- объективдүүлүк - аттестацияланып жаткан мамлекеттик кызматчысына жана анын мамлекеттик органдагы ишине калыс, адилеттүү мамиле кылуу;
- бир түрдүүлүк - фактыларды констатациялоонун негизинде мамлекеттик кызматчыларга баа берүүдө баа берүү көрсөткүчтөрү менен критерийлеринин тизмесинин бирдей үлгүсүн белгилөө;
- ачыктык - мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо жол-жобосунун ачыктыгы, анын натыйжасы мамлекеттик органдын бардык мамлекеттик кызматчыларына аны кабыл алуунун бардык себептерин жана жүйөөлөрүн түшүндүрүү менен билдирилет;
- туруктуулук - мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо жол-жобосун белгиленген мөөнөттө, мезгилдүү уюштурулушу.
3. Мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:
- сыноо мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча аттестациялоо - мамлекеттик кызматчынын ээлеген кызмат ордуна ылайык келүү деңгээлин аныктоо, мамлекеттик кызматчынын квалификациясын андан ары жогорулатуу боюнча сунушту иштеп чыгуу үчүн сыноо мөөнөтүнүн бүтүшүнөн кийин жүргүзүлөт; аттестациялоонун бул түрүнүн аттестациялоонун төмөнкү түрлөрү менен мөөнөтү боюнча дал келиши жокко чыгарылбайт;
- ээлеген кызмат ордуна ылайык келишине баа берүү жана кызмат боюнча көтөрүү (мындан ары - кезектеги аттестация) үчүн аттестация - мамлекеттик кызматчылардын ишине баа берүү үчүн, ошондой эле класстык чендерди ыйгаруу үчүн туруктуу негизде, бирок үч жылда бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт жана бардык мамлекеттик кызматчылар үчүн милдеттүү болуп саналат.
- Аттестациялоонун негизи болуп мамлекеттик кызматчынын ишинин натыйжалуулугуна жыл сайын баа берүүнүн жыйынтыктары, анын кесиптик билиминин деңгээлин, ошондой эле кыйла жогорку кызмат ордун ээлөө үчүн мамлекеттик кызматчынын потенциалдуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо эсептелет.
- Башка кызмат ордуна дайындалган мамлекеттик кызматчы 1 жыл өткөндөн кийин аттестациядан өтүүгө тийиш.
(КР Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо боюнча мамлекеттик органдын ишин координациялоо, методикалык жардам көрсөтүүнү Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Аймактык органдардын жана министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго жана башка мамлекеттик бийлик органдарына таандык органдардын мамлекеттик кызматчыларын аттестациялоо алардын борбордук органдары тарабынан жүргүзүлөт. Мамлекеттик органдардын статс-катчыларын аттестациялоону Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. Статс-катчыларды аттестациялоонун натыйжаларын кароо жана бекитүүнү мамлекеттик кызмат боюнча Кеңеш жүргүзөт. (КР Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 257, 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17, 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
5. Төмөнкү мамлекеттик кызматчылар кезектеги аттестациялоого жатпайт:
- тийиштүү категориядагы мамлекеттик кызмат ордун бир жылга жетпеген убакыт ээлегендер, эгерде өздөрү аны каалабаса;
- боюнда бар аялдар, эгерде өздөрү аны каалабаса;
- боюнда болгондугу жана төрөгөндүгү боюнча өргүүдө, бала баккандыгы боюнча өргүүдө жүргөндөр, эгерде өздөрү аны каалабаса.
Аталган мамлекеттик кызматчыларды кезектеги аттестациялоо жогоруда көрсөтүлгөн социалдык өргүүдөн чыккандан кийин бир жылдан эрте жүргүзүлбөйт.
6. Аттестациялоонун натыйжасы боюнча мамлекеттик кызматчыга төмөнкү баалардын бири берилет:
- ээлеген мамлекеттик кызмат ордуна ылайык келет;
- кызматтан жогорулатууга сунуш кылынат;
- кызматтык иши боюнча аттестациялык комиссиянын сунуштарын аткарган шартта 6 айдан кийин кайталап аттестациялоо менен ээлеген мамлекеттик кызмат ордуна ылайык келет;
- ээлеген мамлекеттик кызмат ордуна ылайык келбейт.
Мамлекеттик кызматчыга "кызматтан жогорулатууга сунуш кылынат" же "ээлеген мамлекеттик кызмат ордуна ылайык келет деген баалар берилсе, ага биринчи же кезектеги класстык чен берилет. (КР Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Кезексиз аттестациялоо жүргүзүүгө жол берилбейт.
Аттестациялоонун мөөнөттөрү мамлекеттик органдын кайра уюштурулушуна дал келген учурда, аттестациялоо мамлекеттик орган кайра уюштурулгандан кийин өткөрүлөт.
8. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын мамлекеттик органдардагы алмашуусу администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо үчүн негиз болуп саналбайт.
II. Аттестациялык-конкурстук комиссия
9. Аттестациялоону уюштуруу жана өткөрүү персоналды башкаруу кызматына жана аттестациялык-конкурстук комиссиянын (мындан ары - комиссия) мамлекеттик органына жүктөлөт.
10. Комиссиянын персоналдык жана сандык курамын, анын иштешинин мөөнөтүн жана тартибин мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет.
11. Комиссиянын түзүмү жана курамы:
- комиссиянын төрагасы - мамлекеттик органдын статс-катчысы;
- комиссиянын катчысы - мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматчысы;
- комиссия мүчөлөрү, төмөнкүлөрдү кошо алганда:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын өкүлү; мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү; мамлекеттик органдын этика боюнча комиссиясынын төрагасы; персоналды башкаруу кызматынын жана юридикалык кызматтын, ошондой эле мамлекеттик органдын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери; (тогузунчу абзац КР Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту) жарандык коомдун өкүлдөрү. (КР Президентинин 2013-жылдын 24-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
12. Комиссиянын курамы негизинен таламдардын кагылышуусунун келип чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жокко чыгаргыдай кылып түзүлөт, ал комиссия кабыл алган чечимге таасир тийгизиши мүмкүн.
13. Комиссиянын ишине катышуу үчүн көзкарандысыз эксперттер же кесипкөй коомдук бирикмелердин өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
14. Иштин адистештирилген түрлөрүндөгү мамлекеттик кызматчылардын кесиптик билимин, иш көндүмдөрүн, ишинин натыйжалуулугун текшерүү үчүн мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен адистештирилген чакан комиссиялар түзүлөт. Адистештирилген чакан комиссиянын иши комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Өткөрүлгөн сыноонун натыйжасы чакан комиссиянын протоколу менен таризделет.
15. Комиссиянын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоонун программасын бекитүү;
2) мамлекеттик кызматчыларды сыноонун натыйжасына баа берүүнүн критерийлерин бекитүү;
3) аттестациялоо жол-жоболорун уюштуруу жана өткөрүү;
4) мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоонун жана класстык чендерди берүүнүн натыйжасы боюнча чечим кабыл алуу.
(КР Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса, ыйгарым укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын жок болуп калган мүчөлөрүн алмаштырууга жол берилбейт.
Комиссиянын аттестация өткөрүүнүн натыйжасы боюнча чечими аттестацияланган адам жана анын тике жетекчиси жокто жыйналышка катышкан анын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең чыгып калган учурда анын төрагасынын пикири чечүүчү болуп саналат.
17. Комиссиянын мүчөлөрү аттестациядан жалпы негиздерде өтөт. Комиссиянын мүчөсү болуп саналган мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо учурунда анын мүчөлүгү токтотулуп турат. Комиссиянын курамындагы мүчөлүктү токтото туруу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен жол-жоболоштурулат.
Аттестациялык-конкурстук комиссиянын төрагасы болуп саналган мамлекеттик органдын аппарат жетекчисин аттестациялоо учурунда анын мүчөлүгү убактылуу токтотулуп турат. Комиссиянын төрагасынын милдеттери мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен комиссиянын башка мүчөсүнө жүктөлөт. (КР Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Комиссиянын жыйналышы протокол менен таризделет, аны комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланган же дайындалган комиссиянын катчысы жүргүзөт. Протоколго комиссиянын чечими жана добуш берүүнүн натыйжасы көрсөтүлөт. Протоколго комиссиянын төрагасы, катчысы, жыйналышка катышкан Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү кол коет.
19. Комиссиянын мүчөлөрү өзгөчө пикирге ээ, эгерде ал билдирилген болсо ал жазуу жүзүндө баяндалып жана протоколго тиркелүүгө тийиш.
Өзгөчө пикирде макул эместигин конкреттүү жүйөөлөрү негиздүү көрсөтүлүүгө, ошондой эле сунуш кылынган формулировка көрсөтүлөт. Эгерде кароонун натыйжасында өзгөчө пикир эске алынбаса, аны сунуш кылган комиссиянын мүчөсү протоколго "өзгөчө пикири менен" деген белги коюп кол коет. Комиссиянын мүчөсүнүн өзгөчө пикири комиссиянын төрагасы тарабынан Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жеткирилет жана комиссиянын чечимин кайра кароо үчүн негиз болуп саналат.
III. Аттестацияны өткөрүүнү уюштуруу жана анын жол-жобосу
20. Аттестация өткөрүү жөнүндө чечим мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен жол-жоболоштурулат, аны менен төмөнкүлөр бекитилет:
1) аттестациялоого тийиш мамлекеттик кызматчылардын тизмеси;
2) аттестациялоону өткөрүү графиги;
3) мамлекеттик органдын тийиштүү бөлүмдөрүнүн сунуш кылууга жооптуу жетекчилерин көрсөтүү менен комиссияга зарыл документтерди (баа берүү бланкын) берүү датасы.
20-1. Мамлекеттик органда мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо эки этапта өткөрүлөт:
1) биринчи этап - даярдык көрүү иштери;
2) экинчи этап - тикелей аттестациялоо жол-жоболору.
21. Даярдык көрүү иши мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо үчүн бардык зарыл документтерди даярдоону камтыйт. Даярдык көрүү ишин жүргүзүү үчүн жоопкерчилик мамлекеттик органдын кызматкерлерди башкаруу кызматына жүктөлөт.
Мамлекеттик органдын кызматчыларын башкаруу кызматы:
- аттестациялоого жаткан мамлекеттик кызматчылардын тизмесин жана аттестация өткөрүү графигин түзөт;
- мамлекеттик кызматчынын тикелей жетекчиси тарабынан анын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча материалдарды даярдайт;
- аттестациялоо башталганга чейин кеминде бир ай калганда аттестация өткөрүү жөнүндө буйрукту ар бир аттестациялануучу мамлекеттик кызматчыга кол койдуруп алуу менен маалымдап жеткирет;
- аттестациялана турган кызмат ордуна талаптарды жана аны толтуруу боюнча нускоолор менен мамлекеттик кызматчылардын ишине баа берүү бланкынын (мындан ары - баа берүү бланкы) тийиштүү санын даярдайт, ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык баа берүү бланкынын I бөлүгүн толтурат;
- аттестациялоого тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик кызматчыларга консультация берет;
- мамлекеттик кызматчыларды аттестациялоо боюнча мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнө уюштуруу-методикалык жардам көрсөтөт;
- тестирлөөгө катышуучуларга тестирлөө өткөрүлүүчү жер, күн жана убакыты жөнүндө маалымдайт;
- тестирлөө өткөрүлгөнгө чейин кеминде 7 күн кечиктирбестен мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тестирлөө өткөрүү үчүн табыштаманы жана аттестациялык-конкурстук комиссиянын жыйналышынын протоколунун көчүрмөсүн жиберет;
- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Тестирлөө борборуна тестирлөөгө катышкандарды каттоого көмөк көрсөтөт.
(КР Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
22. (КР Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
23. Мамлекеттик кызматчылардын кесиптик билимине жана иш көндүмдөрүнө баа берүү негизги жана предметтик тесттерди, ошондой эле ээлеген администрациялык мамлекеттик кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерди аткаруу менен байланышкан маселелер боюнча кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү аныктоо предметине тапшырмаларды колдонуу менен жүргүзүлөт.
24. Аттестация өткөрүүдө төмөнкүлөр пайдаланылат:
- аларды ээлөө үчүн коррупциялык көрүнүштөргө туруктуулуктун жүйөсүнө жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленген талаптарга жана чектөөлөргө ылайык тест жүргүзүүнүн бул түрүнөн өтүү талап кылынган администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеген мамлекеттик кызматчыларга карата мыйзамдар менен белгиленген тартипте полиграфта тесттен өткөрүү;
- тийиштүү тармактагы мыйзамдарды билүү деңгээлин аныктоого компьютердик тестирлөө. Негизги жана предметтик тесттер боюнча тестирлөө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Тестирлөө борборунда өткөрүлөт. Тестирлөөнүн натыйжалары протокол менен жол-жоболоштурулат жана Тестирлөө борбору тарабынан мамлекеттик органдын өкүлүнө өткөрүлүп берилет.
Полиграфта тесттен өткөрүүнүн натыйжалары аттестациялык-сынактык комиссия тарабынан чечим кабыл алууда эске алынат. (КР Президентинин 2010-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 257, 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
25. Аттестациянын негизги документи болуп баа берүү бланкы саналат. Ага ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык аттестациялоо боюнча бардык маалыматтар жазылат.
Аттестацияланууга жаткан мамлекеттик кызматчылар баа берүү бланкынын II бөлүгүн өзалдынча толтурат, аттестациялык мезгил үчүн өз ишине өз баасын берет.
26. Мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери аттестациялоо мезгили үчүн аткарылган иштин, аттестацияланып жаткан мамлекеттик кызматчыларды мурдагы аттестациялоодогу сунуштар менен сын-пикирлерди жүзөгө ашыруунун квалификациясын жана даражасын жогорулатуу жөнүндөгү документтердин негизинде баа берүү бланкынын II бөлүгү боюнча өз комментарийлерин жана ой-пикирлерин билдирет. Ушул маселелер боюнча алар менен аңгемелешүү жүргүзүлөт. Аңгемелешүүдөн кийин мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчилери баа берүү бланкасынын III (А жана Б бөлүктөрү) жана IV бөлүктөрүн толтурат жана баа берүү бланктарын мамлекеттик органдын кызматкерлерин башкаруу кызматына жиберет. Туура баа берүү жана баа берүү бланкынын III бөлүгүнүн (Б) бөлүгүн толтуруу үчүн ушул Жобонун 2-тиркемеси пайдаланылат.
27. Мамлекеттик кызматчынын ишине баа берүү боюнча материалдар аттестациялоо жол-жоболорун өткөрүү башталганга чейин эки жумадан кечиктирбестен андан ары кароо үчүн кызматкерлерди башкаруу кызматы тарабынан мамлекеттик органдын комиссиясына жиберилет. Ар бир кийинки аттестациялоодо мамлекеттик органдын кызматкерлерин башкаруу кызматы комиссияга мурдагы аттестациялоонун маалыматтары бар баа берүү бланкын сунуш кылат.
28. Мамлекеттик органдын кызматкерлерди башкаруу кызматы аттестациялоонун тикелей жылы башталганга чейин кеминде бир жума калганда ар бир мамлекеттик кызматчыны аттестациялык мезгил ичинде алардын кызматтык милдеттенмелерди аткаргандыгы жөнүндө баа берүү бланкасы менен тааныштырат. Муну менен бирге аттестацияланып жаткан мамлекеттик кызматчы комиссияга өткөн мезгил үчүн кызматтык иши жөнүндөгү кошумча маалыматтарды, ошондой эле сунуш кылынган баа берүү бланкына өзүнүн макул эместиги жөнүндө арызды же тикелей жетекчинин баа берүү бланкына түшүндүрмө катта берүүгө укуктуу.
29. Аттестациялоо жол-жобосу аттестацияланып жаткан мамлекеттик кызматчынын катышуусу менен жүргүзүлөт.
Комиссиянын жыйналышына мамлекеттик кызматчы жөнү бар себеп боюнча келбей калган учурда аттестациялоо комиссиянын кийинки кезектеги жыйналышына которулат. Мамлекеттик кызматчынын келбей калышынын жүйөөлүү себептери болбогон же ал аттестациялоодон баш тарткан учурда мамлекеттик кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык тартип жоопкерчилигине тартылат. Комиссия сунуш кылынган документтерди карайт, мамлекеттик кызматчынын, зарыл болгон учурда мамлекеттик кызматчынын кызматтык иши жөнүндө анын тикелей жетекчисинин билдирүүсүн угат. Комиссия аттестацияланып жаткан мамлекеттик кызматчынын ишкердик жана жеке сапаттарына объективдүү баа берүү максатында мурдагы өткөн мезгилдердеги анын кызматтык иши жөнүндө сунуш кылынган кошумча маалыматтарды да карайт; аттестацияланып жаткан мамлекеттик кызматчынын сунуш кылынган маалыматтар менен макул эместиги жөнүндө билдирилген учурда аттестациялоону өзүнүн кийинки кезектеги жыйналышына, которууга укуктуу. (КР Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
30. Мамлекеттик кызматчынын кесиптик жана жеке сапаттарын анын кызматтык милдеттерине жана ыйгарым укуктарына карата талкуулоо объективдүү жана жакшы саналааштыкта болууга тийиш. Комиссия баа берүү критерийлерин колдонууда объективдүүлүк жана бир түрдүүлүк принцибин сактоо үчүн жоопкерчилик тартат.
Мамлекеттик кызматчыны аттестациялоо баа берүү бланкынын мазмуунуна, ошондой эле мамлекеттик кызматчынын кесиптик билимин, иш-тажрыйбасын милдеттүү текшерүүгө, анын ээлеген мамлекеттик кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарга ылайык келишине, тийиштүү бөлүмдүн (мамлекеттик органдын) алдына коюлган милдеттерди чечүүгө анын катышуусун аныктоого, ал аткарып жаткан иштин татаалдыгына, ар жылдык баа берүүнүн негизииде мамлекеттик кызматчынын ишинин натыйжалуулугуна негизделет. Муну менен бирге мамлекеттик кызматчынын кесиптик билими, иш-тажрыйбасы, билим деңгээли, квалификациясынын жогорулатылгандыгы жана кайра даярдыктан өткөндүгү, ошондой эле кызмат орундарынын тийиштүү топторуна карата - уюштуруучулук жөндөмү эске алынууга тийиш. 30-1. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча комиссия, эгерде кызматчы акыркы үч жылда кайра даярдоо/квалификациясын жогорулатуу курстарын өтпөсө, кызматчыны төмөнкү тартипте окууга жиберүү чечимин милдеттүү түрдө чыгарат:
- биринчи жолу аттестациядан өткөн кызматчыны, эки жылдын ичинде окууга жиберүүгө;
- кезектеги аттестациядан өткөн кызматчыны, бир жылдын ичинде окууга жиберүүгө;
- "кызматтык иши боюнча аттестациялык комиссиянын сунуштарын аткарган шартта 6 айдан кийин кайталап аттестациялоо менен ээлеген мамлекеттик кызмат ордуна ылайык келет" деген баа чыгарылган кызматчыны 6 айдын ичинде окууга жиберүүгө.
(КР Президентинин 2015-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 181 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
31. Кайталап аттестациялоо ушул Жободо аныкталган тартипте аттестациялоо өткөрүү күнүнөн баштап алты айдан кийин өткөрүлөт.
Аттестация өткөрүп жаткан комиссия төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) ээлеген кызмат ордуна ылайык келет;
2) ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт.
32. Аттестациянын натыйжасы баа берүү бланкынын V бөлүгүнө жазылат. Баа берүү бланкына жыйналышка катышкан жана добуш берүүгө катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
Аттестациянын натыйжасы мамлекеттик кызматчыларга маалымдалып жеткирилет жана мамлекеттик кызматчы баа берүү бланкы менен аттестациялоо аяктаган күнү кол коюп таанышат. Аттестациядан өткөн мамлекеттик кызматчынын баа берүү бланкы жана ага башка маалыматтар мамлекеттик кызматчынын өздүк ишинде сакталат. (КР Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
33. Мамлекеттик кызматчыны аттестациялонун материалдары ал өткөрүлгөндөн кийин жети күндөн кечиктирбестен мамлекеттик органдын жетекчисине берилет.
Мамлекеттик органдын жетекчиси 3 жумушчу күндүн ичинде аттестациянын натыйжаларын бекитүү жөнүндө буйрук чыгарат.
34. Мамлекеттик органдын статс-катчысы аттестациянын натыйжасы боюнча комиссиянын чечиминин негизинде мамлекеттик органдын жетекчисине мамлекеттик кызматчыга класстык чен берүү, жогору турган мамлекеттик кызмат ордуна көтөрүү үчүн мамлекеттик кызматчыны мамлекеттик кызматтын ички кадрлар резервине киргизүү жөнүндө жүйөөлүү сунуш киргизүүгө укуктуу.
(КР Президентинин 2013-жылдын 24-июнундагы ПЖ № 144 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
35. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кызматчыны кызматы боюнча андан ары көтөрүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык жактан жогорулоосу жөнүндөгү Жобосуна ылайык кабыл алынат.
36. Мамлекеттик кызматчысы аттестациялоо өткөрүлгөндөн кийин бир айдын ичинде мамлекеттик орган чечим кабыл алат, анда аттестация өткөрүүнүн натыйжасы талданып, мамлекеттик кызматчыларды окутуу, кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча, ошондой эле кадрлар менен ишти жакшыртуу боюнча багыттар аныкталып жана иш-чаралар бекитилет.
37. Мамлекеттик кызматчы комиссия сунуш кылган кесиптик кайра даярдыктан өтүүдөн, квалификациясын жогорулатууда же аны мамлекеттик кызматтан башка кызмат ордуна которуудан баш тартса, мамлекеттик органдын жетекчиси мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык аны ээлеген кызмат ордунан бошотууга укуктуу.
Аттестация өткөрүүдөн кийин бир ай өткөн соң мамлекеттик кызматчыны мамлекеттик кызматтын башка кызмат ордуна которууга же аттестациянын натыйжасы боюнча аны кызматтан бошотууга жол берилбейт. Ооруп калган жана өргүүдө жүргөн убактысы көрсөтүлгөн мөөнөткө кирбейт.
38. Аттестация өткөрүүнүн натыйжасы жөнүндө отчет мамлекеттик орган чечим кабыл алган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же анын аймактык бөлүмүнө жиберилет.
IV. Комиссиянын чечимине даттануу
39. Мамлекеттик кызматчы комиссиянын чечимине Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко даттанууга укуктуу.
40. Ушул Жобону бузуу аныкталган учурда Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдын жетекчисине комиссиянын чечимин жокко чыгарууну сунуш кылат.
41. Мамлекеттик органдын жетекчиси комиссиянын чечимин жокко чыгарууга жана кайталап аттестация дайындоого укуктуу.
42. Мамлекеттик органдын жетекчиси эки жуманын ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө Агентикке маалымдайт.
1-тиркеме
Мамлекеттик кызматчынын ишине баа берүүнүн БЛАНКЫ
(Баа берүүнүн ушул бланкын толтуруу үчүн аттестацияланып жаткан кызматчынын кызмат ордуна квалификациялык талаптарды эске алып, ар бир бөлүмдөгү суроолордун мазмунун окуу зарыл)
I БӨЛҮМ. (мамлекеттик бийлик органынын персоналын башкаруу кызматынын кызматкери толтурат)
1. Фамилиясы, аты-жөнү ___________________________________________
2. Туулган жылы, күнү жана айы ___________________________________
3. Аттестациялоо учуруна карата мамлекеттик кызматта ээлеген кызмат орду жана бул кызматка дайындалган дата ___________________________
4. Мамлекеттик бийлик органынын структуралык бөлүмүнүн аталышы (башкарма, бөлүм, бюро ж.б.) __________________________________________
5. Мамлекеттик кызматтагы стажы __________________________________
6. Жалпы эмгек стажы _____________________________________________
7. Мамлекеттик кызматтын класстык чени (дипломатиялык ранг же башка атайын наам) _______________________________________________________
(класстык чендин аталышы жана ал берилген дата) Билими (кайсы окуу жайы, качан, кайда бүтүргөн, адистиги, квалификациясы) _______________ Илимий даражасы (наамы) барбы, эгерде бар болсо - илимий диссертациясынын темасы _______ Илимий макалалары, иштеп чыгуулары, ойлоп табуулары барбы, эгерде бар болсо - илимий макаланын, иштин темасы жана тармагы __________ Квалификациясын, анын ичинде акыркы үч жылда мамлекеттик заказдын алкагында, жогорулатуусу (окутуучу семинарларга, программаларга, курстарга, стажировкаларга ж.б. катышуусу) ____________.
9. Аттестациялоонун түрү (керектүүсүнүн алды сызылат):
- кезектеги;
- сыноо мөөнөтүнүн аякташы.
Мурдагы аттестациялоо датасы _____________________________________
Дата: ____________________________________________________________ Персоналды башкаруу кызматынын кызматкеринин Ф.А.Ж., кызматорду:__ _______________________________________________________________________ Колу: ____________________________________________________________
II БӨЛҮМ. (аттестацияланып жаткан мамлекеттик кызматчы толтурат)
1. Аттестациялоо мезгилинин ичинде мамлекеттик кызматчы аткарган иштин толуктугуна жана сапатына өзүнүн баасы __________________________
2. Акыркы квалификациясын (кайра даярдыгын), анын ичинде акыркы үч жылда мамлекеттик заказдын алкагында, жогорулатуусунун түрү жана убактысы, кайра даярдоонун/квалификациясын жогорулатуунун курстарынын тематикасын көрсөтүү менен _______________.
3. Өз демилгеси боюнча проблемаларды табууга жеке даярдыгына жана жөндөмүнө өзүнүн баасы ________________________________________________ _______________________________________________________________________
4. Негизделген чечимдерди өзалдынча жана оперативдүү кабыл алууга өзүнүн жөндөмүнө өзүнүн баасы _________________________________________ _______________________________________________________________________
5. Компетенциясына кирбеген милдеттерди аткарууга жеке даярдыгына өзүнүн баасы __________________________________________________________
6. Өзүнүн уюштуруучулук жөндөмүнө өзүнүн баасы ___________________ _______________________________________________________________________
7. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, сүйлөшүүлөр боюнча өнөк менен тил табышууга жана өзүнүн оюн ишенимдүү далилдөөгө жеке иш билгилигине өзүнүн баасы _________________________________________________________________
8. Адамдарды башкаруу, милдеттерди коюу жана баш ийүүчүлөргө дем берүү боюнча өзүнүн жөндөмдөрүнө өзүнүн баасы _________________________ _______________________________________________________________________
9. Көп жүк көтөрүүгө өзүнүн жөндөмдөрүнө өзүнүн баасы___________ _______________________________________________________________________
10. Мурдагы аттестациялоонун сунуштарын турмушка ашыруу боюнча эмнелерди жана кандай себептерден улам жасоого мүмкүн болгон жок ________ _______________________________________________________________________
11. Өз мансабынын түпкү максаты __________________________________
12. Өзүнүн кесиптик даярдыгынын алда канча күчтүү жактары ________ _______________________________________________________________________
Дата: ____________________________________________________________ Аттестацияланып жаткан мамлекеттик кызматчынын колу: _____________
III БӨЛҮМ. (түздөнтүз жетекчи толтурат)
А бөлүгү
1. Сизге баш ийгендерге II бөлүмдө келтирилген пункттар боюнча комментарийлериңизди жана ой-пикирлериңизди бериңиз ___________________ _______________________________________________________________________
2. Аттестациялоо мезгилинин учурунда анын ишин аны менен кайсы мезгилде талкуулаганыңызды көрсөтүңүз _________________________________
3. Мамлекеттик кызматчы мурдагы аттестациялоонун сунуштарын аткарышынын кыскача баасы (аткарылган, жарым-жартылай аткарылган, аткарылган эмес) _____________________________________________________________
4. Сиз кызматкериңиздин квалификациясын жогорулатуу зарыл деп эсептейсизби, эгерде ошентип зсептесеңиз - кандай чөйрөдө (багытта, жактарда) _____________________________________________________________
Маалымат түрүндө:
А) Аттестацияланып жаткан кызматчы менен ишкер байланыш (керектүүсүнүн алды сызылат):
- күн сайын же дээрлик күн сайын;
айына бир нече жолу.
Б) Аттестацияланып жаткан кызматчы түздөнтүз жетекчиге баш ийүүдө болгон убакыт:
6 айдан аз; 6 айдан 12 айга чейин; 1-3 жыл; 3 жылдан ашык.
Б бөлүгү
Баш ийген кызматчынын ишине баа берүү боюнча төмөндө келтирилген графаларды толтурууда тыянактарды жана сунуштарды туура баяндоо үчүн анын кызмат ордун жана милдеттерин эске алыңыз. Төмөнкүдөй баалар каралат: "5" - эң жакшы: "4", "4,5" - жакшы; "3", "3,5" - канааттандырарлык; "2", "2,5" - канааттандырарлыксыз. Ар бир баа "Комментарий" деген графада түшүндүрүүлөр менен милдеттүү түрдө коштолууга тийиш, андай болбогон учурда баа берүүнүн бланкы аягына чыкты деп эсептелбейт. Баа берүүнүн болжолдуу мазмуну 2-тиркемеде келтирилген. Төмөндө келтирилген колонкалардагы баа берүү аттестацияланып жаткан кызматчынын ишине алда канча жакын ылайык келүүгө тийиш.
| Көрсөткүчтөр | Баасы | Комментарий | |
|---|---|---|---|
| 1 | Мамлекеттик кызматчы аттестациялоо мезгилинин ичинде аткарган иштин толуктугу жана сапаты | ||
| 2 | Кесиптик билимдер | ||
| 3 | Кызматтык ишти жөнгө салган мыйзамдарды жана документтерди билиши | ||
| 4 | Жоопкерчилиги жана аткаруучулугу | ||
| 5 | Тартиптүүлүгү | ||
| 6 | Негизделген чечимдерди өзалдынча жана оперативдүү кабыл алуу жөндөмү | ||
| 7 | Уюштуруучулук жөндөмү | ||
| 8 | Эмгектин интенсивдүүлүгү (эмгекке жөндөмдүүлүгү) | ||
| 9 | Кесиптик тажрыйбаны топтоого жана жаңылоого жөндөмү (өзүн-өзү өркүндөтүү) | ||
| 10 | Ээлеген кызмат ордунда кесиптик тажрыйбаны турмушка ашыруу даражасы | ||
| 11 | Кесиптик тажрыйбасын чыгармачыл колдонууга жөндөмү | ||
| 12 | Персоналды башкаруу жөндөмү | ||
| 13 | Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана ынандыруу жөндөмү коммуникабелдүүлүк) | ||
| 14 | Демилгелүүлүгү жана иш билгилиги |
Аттестациялоонун түрүнө ылайык тыянактар, сунуштар жана сын-пикирлер (1 бөлүмдүн 9-пунктун караңыз): __________________________________ _______________________________________________________________________
Дата: ____________________________________________________________
Ф.А.Ж., кызмат орду: _____________________________________________
Колу: ____________________________________________________________
IV БӨЛҮМ. (эгерде кийинки жогору турган жетекчи бар болсо, ал тарабынан толтурулат)
Эгерде Сиз түздөнтүз жетекчинин тыянактарына, сунуштарына жана сын-пнкирлерине макул болбосоңуз, өз комментарийлериңизди бериңиз _____ _______________________________________________________________________
Дата: ____________________________________________________________
Ф.А.Ж., кызмат орду: _____________________________________________
Колу: ____________________________________________________________
V БӨЛҮМ. (аттестациялык-конкурстук комиссиянын мүчөлөрү толтурат)
1. Мамлекеттик кызматчыга суроолор жана аларга кыскача жооптор ___ _______________________________________________________________________
2. Аттестациялык-конкурстук комиссия айткан сын-пикирлер жана сунуштар ________________________________________________________________
3. Мамлекеттик кызматчы мурдагы аттестациялоонун сунуштарын аткарышынын кыскача баасы _________________________________________________
(аткарылган, жарым-жартылай аткарылган, _______________________________________________________________________ аткарылган эмес)
4. Аттестациялык-конкурстук комиссиянын чечими (керектүүсүнүн алды сызылат):
- ээлеген мамлекеттик кызматына ылайык келет;
- анын кызматтык иши боюнча аттестациялык комиссиянын сунуштарын аткарган шартта 6 айдан кийин аттестациялоо менен ээлеген мамлекеттик кызматына ылайык келет;
- ээлеген мамлекеттик кызматына ылайык келбейт;
- кызматка жогорулатууга сунуш кылынат.
5. Корутунду _____________________________________________________ _______________________________________________________________________
Комиссиянын сандык курамы ______________ Жыйналышка комиссиянын ____________________________ мүчөсү катышты Добуштардын саны __________________ макул, _________________ каршы Эскертүүөлөр _____________________________________________________
Колтамгалар: Комиссиянын төрагасы ____________ ______________________ (колу) (колтамганы чечмелөө) Комиссиянын төрагасынын орунбасары ____________ ______________________ (колу) (колтамганы чечмелөө) Комиссиянын катчысы ____________ _______________________ (колу) (колтамганы чечмелөө) Комиссиянын мүчөлөрү ____________ _______________________ (колу) (колтамганы чечмелөө)
2-тиркеме
БАЛЛ/СҮРӨТТӨЛҮШҮ
| 5 | 4,5-4 | 3,5-3 | 2,5-2 |
|---|---|---|---|
| Иштин сапаты жана толуктугу | |||
| Иш ар дайым толук аткарылат, иштин сапаты жана натыйжасы дайыма жогору | Негизинен иш толук аткарылат, иштин сапаты жакшы. Иштин жана түпкү натыйжанын жогорку сапатына умтулуу бар | Иш ар дайым эле мөөнөтүндө аткарылбайт жана иштин сапаты зарыл талаптарга ылайык келбейт, аны жакшыртуу талап кылынат | Иштин натыйжасынын толуктугу жана сапаты зарыл талаптарга ылайык келбейт |
| Кесиптик билими | |||
| Терең, бекем жана ар тараптуу билимдерге ээ, алардын системасы жөнүндө толук түшүнүгү бар, кесиптик жагында теориялык мүнөздөгү татаал милдеттерди чечүүгө жөндөмдүү | Бекем жана системалуу билимге ээ, кесиптик жагында теориялык мүнөздөгү татаал милдеттерди чечүүгө жөндөмдүү | Кесиптик мүнөздөгү милдеттерди чечүү үчүн кесиптик билимге ээ | Билими терең эмес, системалуу эмес, кесиптик милдеттерди өзалдынча чечүүдө кыйналат |
| Кызматтык ишти жөнгө салган мыйзамдарды жана документтерди билиши | |||
| Мыйзамдардын жана жетектөөчү документтердин мазмуунун ар тараптан жана терең түшүнөт, аларды иш жүзүндө ойлонуу менен колдонот. Ченемдик документтерди өзалдынча иштеп чыгууга жөндөмдүү | Мыйзамдардын жана документтердин мазмуунун жакшы билет, иш жүзүндө аларды туруктуу колдонууга умтулат | Документтердин мазмууну менен тааныш, иш жүзүндө аларды колдонуу жагы канаатандырар- лык. Жетектөөчү документтердин талаптарын бузууга жол берген учурлар бар | Мыйзамдарды жана документтерди үстүртөн билет. Иш жүзүндө алардын талаптарын ар дайым эле эске ала бербейт. Жетектөөчү документтердин талаптарына одоно бузууга жол берген учурлар бар |
| Жоопкерчилиги жана аткаруу тартиби | |||
| Парз, жоопкерчилик, аткаруу тартиби өтө өнүккөн. Күндөлүк иштеги милдеттерди чечүүдө ишенимдүү | Жоопкерчилик сезими жана аткаруучулук тартиби кыйла жетиштүү | Жоопкерчилик жана аткаруу тартиби дайыма эле байкала бербейт. Аткарган ишине контролдук кылуу талап кылынат | Жоопкерсиздик көрсөтөт, аткарбай коюуга көбүрөөк ыктайт |
| Тартиптүүлүгү | |||
| Өтө тартиптүү, кызматтык жана кесиптик ишти жөнгө салган ченемдик документтердин талаптарын бекем жана так сактайт | Тартиптүү, кызматтык жана кесиптик ишти жөнгө салган ченемдик документтердин талаптарын бекем жана так сактоого аракет кылат | Тартипти сактоо боюнча негизги талаптарды жакшы билет, бирок аларды дайыма эле аткара бербейт | Тартипти сактоо боюнча талаптарды жөнгө салган жоболорду, үстүртөн билет, тартипсиздик көрсөтүшү мүмкүн |
| Чечимдерди кабыл алууда өзалдынчалуулугу жана оперативдүүлүгү | |||
| Өзалдынча негиздүү чечим кабыл алуу жөндөмү жогору өнүккөн. Иштин көзүн таба билет, кыйчалыш учурларда ойлонгон жана чечкиндүү аракеттерди жасай алат | Чечим кабыл алууда эреже катары өзалдынчалуу, окуяларды талдап жана божомолдоого жөндөмдүү, кыйчалыш учурларда чечкиндүү аракеттерди жасоого жөндөмдүү | Өз алдынча чечим кабыл алууга жөндөмдүү бирок ар дайым эле негиздүү боло бербейт, кыйчалыш учурларда чечкиндүү эмес | Өз алдынча чечим кабыл алууга анча даяр эмес. Кыйчалыш учурларда өзалдынча аракеттенүүгө батынбайт, чечкиндүү эмес |
| Уюштуруучулук жөндөмү | |||
| Эң жакшы уюштуруу жөндөмдүүлүгүнө ээ жана күндөлүк иште жакшы сапаттарын көрсөтөт, ар дайым жогорку натыйжаларга жетишет. Уюшкандыкта жана жыйнактуу жогорку чеберчиликте аракеттенет, өз ишин жакшы пландай билет, иште өзүнө баш ийгендердин пландуу иштешин баалайт жана эске алат, күндөлүк иште сарамжалдуу | Ишти сабаттуу уюштурууга жана жакшы натыйжага жетишүүгө жөндөмдүү. Жыйнактуу, пландаштыруу маданиятын туруктуу жогорулатат, баш ийгендердин ишинде пландуулукту эске алат | Өзүнө баш ийгендердин ишин уюштуруу тажрыйбасына ээ, бирок аны күндөлүк иште ар дайым эле пайдалана бербейт, тийиштүү жардам болсо иштин натыйжасы мындан да жогору болмок. Бир аз алабармандыкка жол берет, өз ишин пландаштырууга кош көңүл мамиле кылат жана өзүнө баш ийгендердин ишин пландаштырууга жетиштүү көңүл бурбайт | Ишти уюштуруу тажрыйбасы начар (жетишсиз) аны топтоого жана аны пайдаланууга мойну жар бербейт, мунун айынан иштин натыйжасы төмөн. Иште жыйнактуу эмес, өзүнө баш ийгендердин ишин пландаштырууга көп көңүл бурбайт |
| Иштин интенсивдүүлүгү (ишке жөндөмдүүлүк) | |||
| Ишке жөндөмдүүлүгү өтө жогору, эмгекчилдиги менен айырмаланат, денсоолугунун абалы курагына ылайык келет, көп психологиялык күч келгенде ага жөндөмдүү | Ишке жөндөмдүү, эмгекчил, денсоолугунун абалы курагына ылайык келет, психологиялык күч келгенде да ага жөндөмдүү | Ишке жөндөмдүүлүгү канааттандырар- лык, эмгекчилиги менен айырмаланбайт, денсоолугунун абалы канааттандырар- лык, күч келгенде кыйынчылык менен көтөрөт | Ишке жөндөмдүүлүгү төмөн, жалкоо, денсоолугунун абалы дайыма медициналык текшерүүдөн өтүп турууну талап кылат, көп ооруйт, оор жүктү кыйынчылык менен көтөрөт |
| Кесиптик тажрыйба топтоого жана жаңылоого болгон жөндөмдүүлүгү (өзүн-өзү өркүндөтүшү) | |||
| Жигердүү, максатка умтулат, өзүнүн кесиптик билимин, жөндөмүн жана шыгын жогорулатууга системалуу жана натыйжалуу иштейт, кесиптик жагындагы жаңы нерселерди колдоого жөндөмдүү | Кесиптик тажрыйбасын жогорулатуу жана жаңылоо жагында тырышып, натыйжалуулук менен иштейт. Кесиптик ишине новатордук мамиле кылат | Кесиптик тажрыйбасын зарылчылыгына жараша гана топтоп жана жаңылайт, кесиптик ишинде жаңы нерселерге эскиче көз караштан болгондуктан анча натыйжасы менен айырмаланбайт | Кесиптик тажрыйбасын кашаңдык менен топтойт, кесиптик ишинин натыйжасы начар, кесиптик жаңы нерселерди кыйынчылык менен кабылдайт |
| Ээлеген кызмат ордунда кесиптик тажрыйбасын жүзөгө ашыруунун даражасы | |||
| Кызматтык милдеттерин жогорку сапатта аткарат, кызматтык талаптарды дайыма жакшы бүткөрөт | Тажрыйбасы кызмат ордунун талаптарына туура келет, кызматтык милдеттерин так аткарат | Кызматтык милдеттеринин талаптарына негизинен ылайык келет, кызматтык милдеттерди дайыма эле талаптагыдай сапатта аткара бербейт. Кесиптик тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүктөрү түгөнгөн | Кесиптик тажрыйбасы жетиштүү эмес, кызматтык милдеттерди аткаруунун талап кылынган сапаты дайыма эле жетишиле бербейт |
| Кесиптик тажрыйбасын чыгармачылык менен колдонууга жөндөмдүүлүгү | |||
| Кесиптик иш жагындагы татаал милдеттерди адекваттуу баалоого жана конструктивдүү, аны чечүүнүн адаттан башкача жолдорун табууга жөндөмдүү. Жаңы нерсени өөрчүтүп, негиздүү тобокелдикке бара алат | Топтогон тажрыйбасына сын көз менен баалап жана кесиптик иш жагында милдеттерди квалификациялуу чечүү үчүн пайдаланууга жөндөмдүү | Кесиптик иш жагындагы адаттан башкача (стандарттуу эмес) милдеттерди өзалдынча чечүүдө кыйналат. Жаңычылдыкты этибарга албай, мурдагы көндүм адат боюнча иштегенди артык көрөт | Кесиптик милдеттерди салт болуп калган ыкмалар менен гана чечет. Кесиптик иши жагындагы жаңы нерселерди кабылдабайт жана четке кагат |
| Кызматкерлерди башкаруу жөндөмү | |||
| Өзүнө баш ийгендерге жетекчилик кылуу үчүн зарыл болгон сапаттары жогору өнүккөн жана күндөлүк иште аны ийгиликтүү колдонот. Ал жетекчилик кылгандар жана жеке өзү дайыма жогорку натыйжаларга жетишет | Өзүнө баш ийгендерге сабаттуу жетекчилик кылууга жана иш жүзүндө натыйжаларга жетишүүгө жөндөмдүү. Баш ийгендерге жетекчилик кылууну өркүндөтүүгө дайыма умтулат | Баш ийгендерге жетекчилик кылуу жагында тажрыйбасы бар, бирок аны күндөлүк ишинде дайыма эле колдоно бербейт, ишинин натыйжасы тийиштүү жардам болсо андан да жогору болмок | Өзүнө баш ийгендердин ишин уюштуруу жагында тажрыйбасы начар (жетишсиз), аны кашаңдык менен топтойт жана аны жигердүү пайдаланууга аракеттенбейт, ишинин натыйжасы төмөн |
| Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп ынандыра билүү жөндөмү (тил табыша билүүсү) | |||
| Адамдар менен тез эле тил табышып, оңой баарлаша билет, баарлашууда өтө кылдат, жакшы санаалаштык жана сезимталдык менен мамиле кылат, юмордук сезими да жогору. Баарлашууда ийкемдүү стилди колдонот, мунун менен бирге өз оюн так жана ынанымдуу билдире алат | Айланасындагылар менен тил табыша билүүгө жөндөмдүү, баарлашууда өтө кылдат, сезимталдык жана жакшы санаалаштык менен мамиле кылып, адамды өзүнө тарта билет. Демократиялуу стилди пайдаланат, зарылчылыгына жараша авторитардык- демократиялык баарлашуу стилинин элементтерин колдонот. Оюн жеткиликтүү түшүндүрөт, негиздүү ынандырууга жөндөмдүү | Зарылчылыгына жараша адамдар менен байланыш түзүүгө жөндөмдүү, баарлашууда кылдат, жакшы санаалаштыкты аз колдонот, баарлашууда чыдамсыз жана дайыма эле уга билбейт. Баарлашуу стили кырдаалга жараша болот, бирок дайыма эле адекваттуу эмес. Өз оюн туура жана жеткиликтүү түшүндүрүүгө жөндөмдүү, бирок аларды дайыма эле ынанымдуу билдире албайт | 1. Барлашууда ийкемдүүлүгү менен айырмаланбайт, оройлонот, адамдар менен тил табышуусу начар, ичимен тап. 2. Өз оюн ачык билдирбейт, айланасындагылар менен карым- катнашка умтулбайт, жакшы санаалаштык жана сезимталдык көрсөтө албайт, өз оюн так жана жүйөөлүү билдире албайт |
| Демилгелүүлүгү жана иштин көзүн билгендиги | |||
| Демилгелүү, милдеттерди чечүүгө чыгармачылык менен мамиле кылат, негиздүү жана көңүл бура турган идеяларга жана сунуштарга жаңычылдык менен мамиле кылат, иштин көзүн таба алат | Демилге көрсөтүүгө жөндөмдүү, жигердүү, ишке чыгармачыл менен кыла билет, иштин көзүн таба билүүгө жөндөмдүү | Зарылчылыгына жараша демилге көрсөтөт, жигердүүлүгү жана ишке чыгармачылык менен мамиле кылуу жагынан айырмаланбайт, иштин көзүн таба билүү жөндөмүн көрсөтпөйт | Демилгесиз, ишке мамилесинде жүр нарылык басымдуулук кылат, ишке чыгармачылык менен мамиле кылуусу көрүнбөйт |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (6)
- КР Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 24.10.2005 · № 485 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 24-июну ПЖ N 144 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы "Кыргыз Республикасында мамлекеттик кызматты уюштуруунун кээ бир…Указ · 24.06.2013 · № 144 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 286 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү…Положение · 27.05.2013 · № 286 · Күчүн жоготкон