Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 168 «1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналган мемориал жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 12-августу ПЖ № 168 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналган мемориал жөнүндө 2016-жылы боло турган Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгын майрамдоого байланыштуу кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыруудагы эң маанилүү тарыхый окуяларды эсибизден чыгарбай түбөлүккө сактоо маселеси өзгөчө мааниге ээ болууда. Ушул максатта "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси белгилүү бир деңгээлде пайдаланылып жатат. Бул мемориал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө зор салым кошуп, өткөн кылымдын жыйырманчы жана отузунчу жылдары сталиндик режимдин репрессияларынын курмандыктары болгон Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов ж.б. көптөгөн инсандар массалык түрдө көмүлгөн жерде 2000-жылы негизделген. 2008-жылы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин аймагына чыгармалары менен Кыргызстандын атагын дүйнөгө тааныткан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов коюлган. 2010-жылы комплекстин аймагына өлкөбүздү кыйроодон сактап, Кыргызстандын өнүгүүсүнө кеңири жол ачкан Апрель элдик революциясынын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналып мемориал курулган. Ушуга байланыштуу мамлекеттүүлүгүбүздү куруудагы башка тарыхый доорлорду да "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде чагылдыруу жүйөлүү болот. Комплекс Кыргызстандын эркиндиги жана эгемендиги үчүн жанын берген инсандардын жаркын элесине таазим этүүнүн, ошондой эле ар кандай тарыхый доорлордо мамлекеттүүлүк идеясын туу тутуп, аны ишке ашырган элибиздин эрдиги, каармандыгы менен сыймыктана турган жер болушу керек. Жүз миңдеген адам курман болгон 1916-жылдагы окуялар тарыхыбыздын урунттуу, бурулуш учуру болуп калды. Улуттук-боштондук көтөрүлүшүндө жана андан кийин болгон Үркүндө курман болгондор Кыргызстан элинин мамлекеттүүлүктү түптөөгө умтулуп курман болгон инсандары менен бир катарда турушу керек. Алардын жаркын элесине арналган мемориалды "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин аймагында орнотуу комплексти өнүктүрүүдөгү мыйзам ченемдүү иш болуп калат. Бул мемориал 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө мааниге ээ экендигин билдирет. 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине таазим этип, ошондой эле "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусун көтөрүү, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүү доорлорун эсибизден чыгарбай бекем сактоо маселелеринде анын милдеттерин кеңейтүү, тарыхты унутпоо, жарандуулукту жана патриоттуулукту тарбиялоо максатында токтом кылам:
1. 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин аймагында түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш кылынсын:
1) төмөнкү чараларды көрүү:
- 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалынын негизги курулмаларын 2016-жылдын августуна чейинки мөөнөткө долбоорлоо жана куруу боюнча;
- 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалынын аймагында эстеликти орнотуу менен 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгон белгисиз мекендешибиздин сөөгүн коюу боюнча;
2) "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекс кылып кайра түзүү маселесин иштеп чыгуу;
3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468 "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жөнүндө" токтомуПостановление · 30.08.2016 · № 468
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-февралындагы № 75-б ("1916-жылдагы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун мемориалы" тарыхый-маданий маанидеги объектти куруу тууралуу)…Распоряжение · 29.02.2016 · № 75-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-январындагы № 21-б (2016-жылга жалпы улуттук жана эл аралык маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмегин бекитүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 19.01.2016 · № 21-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-августундагы № 468 токтомуПостановление · 30.08.2016 · № 468