Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-августу № 468 "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык) "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин статусун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 12-августундагы № 168 "1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналган мемориал жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси болуп кайра аталсын.
2. "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинин 130-пунктунун "Эстеликтин аталышы" графасындагы "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси" деген сөздөр "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы бар мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 29-пункт менен толукталсын: "29. "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси.".
5. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 633 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- токтомдун аталышында, тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "Ата-Бейит" мемориалдык комплекси", "Коргоо министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплекси", "Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
8. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2017-жылга республикалык бюджетте "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексин кармоого каражат карасын.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жерди эсепке алуу боюнча иш-кагаздарына белгиленген тартипте тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин жана "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине укугун ырастоочу документтерди берсин.
10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
11. Ушул токтом 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (7)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
- Приложение государственного списка памятников истории и культуры Кыргызской Республики республиканского значения (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от…Приложение · 20.08.2002 · № 568
- "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин УСТАВЫУстав · 30.08.2016 · № 468
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 633 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2013 · № 633
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2019 · № 429
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 268 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2011 · № 268 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 токтомуПостановление · 08.02.2018 · № 81
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы № 429 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2019 · № 429
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу…Постановление · 20.08.2002 · № 568
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 24-майындагы № 239 "Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда "улуттук" статусу же "академиялык" ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин…Постановление · 24.05.2011 · № 239
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 22-ноябрындагы № 633 "Ата-Бейит" мемориалдык комплексин мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2013 · № 633
- КР Президентинин 2015-жылдын 12-августундагы ПЖ № 168 "1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналган мемориал жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 12.08.2015 · № 168
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Положение об учете, охране, реставрации и использовании объектов историко-культурного наследия (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 20 августа 2002…Положение · 20.08.2002 · № 568
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-февралындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.02.2018 · № 81