Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Премьер-министринин ПЖ № 203 «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 14-ноябры ПЖ № 203 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Коргоо кенешинин 2014-жылдын 3-ноябрындагы чечимин ишке ашыруу максатында, адам укуктарынын негизги принциптерин, абийир жана дин тутуу эркиндигин коргоо, мамлекеттик жөнгө салуу жана диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү системасын өркүндөтүү, мыйзамдуулукту жана коомдук коопсуздукту андан ары бекемдөө, ошондой эле Кыргызстан калкынын маданиятын, тилин жана руханий баалуулуктарын сактоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгы, өлкөнү өнүктүрүүнүн өзгөчөлүгүн камсыз кылуу жөнүндө 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жоболорун эске алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши 2014-жылдын 3-ноябрында жактырган 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын тиркелген концепциясы (мындан ары - Концепция) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алып, Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын 2015-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө иштеп чыксын;
2) иш-чаралардын планын ишке ашырууну финансылык камсыз кылуу, аны ишке ашыруу үчүн жооптуу органдарды жана кызмат адамдарын аныктоо боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобу менен бирдикте жалпыга маалымдоо каражаттары жана жарандык коомдун башка институттары менен кызматташып, Концепциянын негизги жоболору жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө калкка, диний уюмдарга кеңири маалымат берүүнү камсыз кылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (8)
- 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫКонцепция · 30.09.2021 · № 412
- "2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫ" (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 203 Жарлыгы…Концепция · 14.11.2014 · № 203
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-январындагы № 2-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз…Распоряжение · 09.01.2020 · № 2-р
- Кара-Таш айылдык кеңешинин 2017-жылдын 15-июлундагы №VII/IV "Диний-экстремизмге каршы күрөшүү жана аксакалдар сотунун 2017-жылдын 1-жарым жылдыгындагы аткарган иштери жөнүндө"…Постановление · 15.07.2017 · № VII/IV
- Дара айылдык кеңешинин 2017-жылдын 3-августундагы №62 Диний экстремизмге каршы күрөшүү жана терроризмдин алдын алуу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.08.2017 · № 62
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22 июнундагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-майындагы № 324 "Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын…Постановление · 22.06.2015 · № 386
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 625-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин) буйругуРаспоряжение · 23.12.2015 · № 625-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-р (2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планын…Распоряжение · 09.07.2015 · № 315-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясы (КР Президетинин…Стратегия · 21.01.2013 · № 11
- Корул айылдык кеңешинин 2019-жылдын 28-июнундагы №30/5 "Каада-салтка байланышкан ашыкча, ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча" токтомуПостановление · 28.06.2019 · № 30/5
- Корул айылдык кеңешинин 2016-жылдын 15-июнундагы № 33/4 "Каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу жана диний саясаттын негизги багыттары жөнүндөгү тиешелүү иштерди алып…Постановление · 15.06.2016 · № 33/4
- Корул айылдык кеңешинин 2018-жылдын 05-июлундагы № 18/3 "Каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды кыскартуу жана дин иштери боюнча иш алып баруу боюнча" токтомуПостановление · 05.07.2018 · № 18/3
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон