Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Дара айылдык кеңешинин Диний экстремизмге каршы күрөшүү жана терроризмдин алдын алуу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө» токтому
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2017-жылдын 3-августу №62 Диний экстремизмге каршы күрөшүү жана терроризмдин алдын алуу боюнча комиссия курамын түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы №203 Жарлыгы менен бекитилген “2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын” ишке ашыруу, диний экстремизмге каршы күрөшүү жана терроризмдин алдын алуу, деструктивдүү диний агымдардын миссионердик ишин болтурбоо боюнча комиссиясынын курамын түзүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз VII-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында диний экстремизмге каршы күрөшүү жана терроризмдин алдын алуу, деструктивдүү диний агымдардын миссионердик ишин болтурбоо боюнча комиссия курамы түзүлсүн. (тиркеме 1баракта)
2. Комиссия курамы Дара айыл өкмөтүнүн аппараты менен тыгыз иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
М. Султанов
“Бекитемин” Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы
М.Султанов
Диний экстремизмге каршы күрөшүү жана терроризмдин алдын алуу, деструктивдүү диний агымдардын миссионердик ишин болтурбоо боюнча түзүлгөн комиссия Курамы
1. О.Тажибаев-Дара айылдык кенешинин депутаты, комиссиянын төрагасы;
2. А.Мисиралиев-Жооптуу катчы, комиссиянын катчысы;
3. У.Акматов-Дара айылдык кеңешинин депутаты;
4. А.Суранчиев-Дара айылдык кеңешинин депутаты;
5. Ш.Даминов-Дара айылдык кеңешинин депутаты;
6. М.Бабаев-Дара айылдык кеңешинин депутаты;
7. Б.Абдимомунов- Дара айылдык кеңешинин депутаты;
Жооптуу катчы
А.Мисиралиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.