Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2015-жылдын 23-декабры № 625-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 203 Жарлыгы менен бекитилген 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган буйрук менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча Иш-аракеттер планынын 6.4-пунктунда:
- "Чаралар/аракеттер" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бүтүрүүчүлөрү тийиштүү билим деңгээли жана квалификациясы жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ ала турган светтик билимге жана диний компонентке ээ колледждин пилоттук моделин түзүү";
- "Күтүлүүчү натыйжалар/индикаторлор" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Окугандар сапаттуу светтик жана диний билим алышат. Колледждин бүтүрүүчүлөрү светтик жогорку кесиптик же диний багыттагы билим берүү уюмдарында окуганга мүмкүнчүлүк алышат".
Премьер-министр
Т. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 57-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарын күчүн жоготту деп таануу тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 11.02.2022 · № 57-р
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-р (2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планын…Распоряжение · 09.07.2015 · № 315-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Премьер-министринин 2014-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 203 "2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.11.2014 · № 203
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 315-р (2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш аракеттер планын…Распоряжение · 09.07.2015 · № 315-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.