16-2-статья. Ок атуучу куралды колдонуу
Күчүндө · 25.11.2022 редакциясы · V Бөлүм
Күзөтчүлөр төмөнкү учурларда:
1) анын өз өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туулганда кол салууга сокку берүү үчүн;
2) кайтарып турган менчикке тобу менен же куралдуу кол салууга сскку берүү үчүн;
3) курал колдонуу ниети тууралу эскертүү үчүн (асманга атуу менен), ошондой эле айгай салууга сигнал берүү, же жардам чакыруу үчүн ок атуучу куралды колдонууга укуктуу.
Аларга куралдуу каршылык көрсөткөн, же күзөтчүнүн өмүрүнө же кайтарып турган менчикке коркунуч туудуруп куралдуу же тобу менен кол салган, ошондой эле бир топ адамдар топтолгондо курал колдонуудан бөлөк аламдар жабыр тартышы мүмкүн болгон учурлардан тышкары ок атуучу куралды аялдарга, бир караганда эле майыптыгы билинген адамдарга жана жашы жетелектерге, алардын курагы билинип турганда же күзөтчүгө белгилүү болсо колдонууга тыюу салынат. Ок атуучу курал колдонулган ар бир учурда күзөтчү курал колдонулган жердеги лицензиарга токтоосуз билдирүүгө милдетүү.
Берененин тексти 25.11.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/642/st-16-2" title="16-2-статья - Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>